АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Саякбай Каралаев

АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ

Тебелеп жүрүп жүн кылат.

Каарды катуу бек салат,

Кармашып кытай жеңе албай

Каканчындын Бээжиндин,

Кандыгын тартып бир алат!

Беттешип менде жеңе албайт,

Бээжинде кытай эл турмак,

Кызыталак канкорго

Кылымдын алы келе албайт!

Элине аман кутулса,

Айрыла бер малыңдан

Түңүлө бер жаныңдан!

Кыргынды кызык салуучу

Карап тургун бурутту,

Кандыгың тартып алуучу!

Эр Манас бүгүн кутулса,

Кайрылып тиет малыңды,

Бекер дебе мунумду

Суудай төгөт каныңды!

Жазаңды берип токмоктоп,

Татытат минтип тузуңду,

Олжо кылат карап тур,

Оймок ооз, бото көз

Ойкуштаган кызыңды!

Бейпай кылат Бээжинди,

Бегирээк кырат элиңди!

Кара жолду чаң кылат,

Капканын оозун кан кылат!

Катылгандын баарысын

Канын ичип нан кылат!

Айтканыма көнүп ал,

Аман кетсе ал бурут

Талак кылат бутуңду,

Талкан кылат журтуңду.

Бул Бээжинден көрүп ал!

Атаңдын көрү, куу дүйнө,

Мен канмын - деп кубанып,

Кокуй болгон экемин,

Белги келсе бээлебей,

Сокур болгон экемин!

Кычкыл кыял аш ичип,

Акылымды кошо ичип,

Кокуй болгон экемин!

Кызыталак буруттун

Туулганын билгемин,

Өөдөкү Какан-Чынмачын

Өрт салат - деп жүргөмүн!

Ажыдаар кирип түшүмө,

Аймап-саймап койду эле

Чынмачынды, Бакбурчун,

Чыны Какан-Каканчын

Илеп тартып сорду эле,

Куйругу менен токмоктоп,

Журтту кырып койду эле!

Ушу түштү көргөмүн,

Көп жаныман түңүлүп,

Көрүп алып өлгөмүн!

Түштү көрүп жатканда

Уйкудан чочуп ойгондум,

Оң жагыма толгондум!

Боконо сөөгүм болкулдап,

Ичеги-кардым токтолбой,

Калган экен солкулдап!

Кабыргам такыр кыйраптыр,

Денеден азыр өтчүдөй

Жүрөгүм аттай туйлаптыр!

Уйкудан ыргып жүгүрдүм.

Эшикке чыгып карасам,

Эл аманын кааласам,

Асмандан булут бузулуп,

Алты сай мөндүр куюлуп,

Тоо-тоодон шамал дүркүрөп,

Асман менен чачылып,

Кара жамгыр күркүрөп,

Күнү-түнү сексен күн

Жамгыр жаап өттү эле,

Каканчындын калкына

Зилзала жүрүп кетти эле.

Көрсө шумдук өзү экен,

Жер үстүнө туулуп,

Желмогуздай ал бурут

Келип жаткан кези экен.

Өрттөнгүрдүн өзү экен,

Бээжинге жүргөн зилзала

Мээнеттүү Манас туулду, - деп,

Мага белги берген кези экен!

Эртең, эрте мезгилде,

Супа садык салганда,

Таң кашкайып калганда,

Болот эшик дарбаза

Өкүрүк салып тартылып,

Калдайдан бор атылып,

Жан-жаныбар кыбырап,

Уюгунан турганда,

Ыргып туруп карасам,

Ажайыпта чоң даңза

Алтымыш барак чоң бичик

Ала коюп карасам,

Туулганда билинген,

Туура Манас канкордун

Душмандыгы чийилген!

Кулак учу тешилүү,

Сүннөтү кесилүү.

Кутургур туулду Бээжинден,

Кыргын салат элиңе.

Аты Манас - арслан, шер,

Алты шердин кенжеси,

Кудайдын сүйгөн мендеси,

Чапчышып чама келе албайт,

Чалышып менде жеңе албайт.

Кармашары - Каканчын,

Кармаш кылбай турабы!

Каарды катуу баштадым,

Түп атасы Түгөл кан,

Түк койбой кырып таштадым.

Бурутка барып ок кылдым,

Жети атасын талкалап,

Тирүүсүн айдап жок кылдым.

Тентип келген буруттан

Аркы атасы жай болду,

Аштык айдап ошондо

Атасы Жакып ал бурут

Сан кара күтүп бай болду.

Малы арбын, бала жок,

Балам жок - деп, ардыгып,

Азапты мынча көрүптүр,

Так элүү беш жашында

Кан Манасты көрүптүр.

Сары саамай көк койдон

Сары кочкор ирик тууптур,

Кара көк жал кабылан

Канкор Манас дал өзүн

Аягы менен тик тууптур.

Бөлүнүп турган ал жалын

Он эки кемпир көрүптүр,

Көргөнүндө ал кетип,

Жүрөгү түшүп өлүптүр.

Кара калмак, манжуунун

Өз дүйнөсүн чачыптыр,

Желмогуз бала туулду, - деп,

Туш-туш жакка качыптыр.

Тууларда бакырып,

Бул дүйнөгө келиптир.

«Ысламдап» ураан чакырып,

Көргөндөрдүн баарысы

Болгон экен бушманы.

Ар мүчөсүн караса -

Байгамбар сындуу жышааны.

Оң колуна кара кан

Уучтап алып чачыптыр.

Жердин үстүн суу каптап,

Топон суу жүргөн эмедей,

Зилзала каптап басыптыр.

Малы арбын, бала жок,

Байкуш экен ал Жакып,

Дал элүү беш жашында

Бала көрүп жатыптыр.

Ошол Жакып, куу бурут

Күтүп жүргөн сан кара

Сарып кылып чачыптыр.

Он эки миң кысырдан

Жылкыдан кармап союптур,

Каңгырап жүргөн куу бурут

Кайгырганын коюптур.

Баргандардын баарына

Баашадай мал союптур.

Барган жандын баарысы

Бири калбай тоюптур.

Кууланган экен куу Жакып,

29.09.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.