АЙКӨЛ МАНАС БАЯНЫ
Саякбай Каралаев
Дан жыттанган кул элең!
Алтымыш алп өлтүрүп,
Кан жыттанган кул элең!
Балбан кайда, алп кайда,
Баатырсынган чоң соргок,
Баштап барган калк кайда?
Ошо канкор буруттан
Кызык болуп салышып,
Ажал жетсе өлүп кел!
Алышып жүрүп буруттун,
Кызыталак канкордун,
Кыйланы кылган анткордун
Кашайта көзүн оюп кел,
Кармап алып, союп кел!
Тирүү койбой бурутту
Эр экенин көрүп кел!
Чамаң келбей баратса,
Тирүү калбай өлүп кел!
Былкылдак куурай бышкыча,
Мыйзамдын күлү учкуча
Мыктап алты ай салышып,
Кармашып канын төгүп кел!
Кабыргасын буруттун
Качыратып сөгүп кел!
Эпсиз болсо буруттун
Эрдик жайын көрүп кел!
Ашып-шашып жүргүчө,
Тирүү калбай буруттан
Кайра тартпай өлүп кел!
Чамаң келсе чабышкын,
Каарың келсе кармашкын!
Кызыталак канкорго,
Чабышып чамаң келе албай
Көчүп кетсе жерине,
Аман барса кутургур
Кадимки бурут элине,
Чапчышып чама келе албайт,
Чалышкан менен чамабыз
Бул бурутка жете албайт!
Канкор бурут өзү экен,
Өрттөнгүрдүн көзү экен!
Жанга жапаа бир келсе,
Кагышып жүрүп жайлап кел!
Чамаң жетип, күч келсе,
Бери тирүү байлап кел!
Бекем кармап калалык,
Казынага койдурган
Кыздарга айгыр салалык!
Качан тукум таштаса,
Анан башын алалык!
Тыптыйпыл кылып өлтүрүп,
Курмандыкка чалалык!
Кутургурдун өзүнөн
Ушунтүп өчтү алалык!
Алың жетпей Манаска,
Кырк үйлүү кыргыз бурутка
Чалдырып ийбе кокустан,
Колуңдагы журутка!
Кайра келсең оңшоюп,
Чалдырып ийип шоңшоюп,
Каарды менден көрөсүң,
Калбай чогуу өлөсүң!
Манасты аман кетирсең,
Билген чырым кыламын.
Каражой, Жолой балбаным,
Бириңди койбой кырамын!
Жол үстүнө сүйрөтүп,
Канкор аман кутулса
Даңгыттарга жарамын!
Айдалып келген кырк үйлүү
Тили бурут тилинде,
Өрттөнүп кеткен ошол журт,
Бизге душман зилинде!
Баргын дедим аярлар,
Мен жумшасам, ал барып,
Кокуй болгон турбайбы!
Кара көзү кашайып,
Кокуй болгон турбайбы?
Сындын жайын биле албай,
Кокуй болгон турбайбы?!
Сынды жакшы биле албай,
Дүмөктү түздөп баштаптыр.
Майына тоюп Жакыптын,
Кызыталак аярлар
Баласын көрбөй таштаптыр!
Кызыталак аярдын
Кылган иши чоң дүмөк,
Аман койду бул арман,
Туулуп бурут чоңойду
Ааламга салат чоң жаңжал!
Буруттан Манас чыгат, - деп,
Билдим эле шумдукту
Алты айлыктан өөдөкү,
Он алтыдан ылдыйкы,
Аты Манас коюлса,
Айдап кел - деп баарыңа
Кылдым эле буйрукту!
Көрбөмүш болуп өрттөдү,
Аярлар кылды шумдукту!
Түбү Меке, чоң Багдат,
Түбүнө чейин чалдым, - деп,
Түз болуп кеткен аярдын
Калп айтканы күйгүзөт.
Бул Алтайда туулган,
Сан кара күткөн Жакыптын
Баласын көрбөй калганы
Байкагыла мына муну,
Балаага бизди салганы!
Аты Манас ушу, - деп,
Самаркандан бирөөнү
Аярлар айдап келгени,
Анык душман ушу, - деп,
Чынмачындын канына
Айдап келип бергени.
Аркы бурут Жакыпты
Жандап келген турбайбы,
Буруттан Манас таптык, - деп,
Алдап келген турбайбы!
Чама келбес колунан
Коркогун айдап келиптир,
Чалыштын жөнүн билбеген,
Торпогун айдап келиптир!
Ичип аяк бошоткон
Урганын айдап келиптир!
Эч жок келбес колунан,
Бир курганын айдап келиптир.
Дорбого тыккан томпойтуп,
Саманын айдап келиптир!
Айбанга чалыш буту бар
Бир жаманын айдап келиптир!
Аярлардын кебине,
Чын ишенип бээлебей,
Көрбөй көзүм кашайып,
Капыя калган экемин!
Арактан ачуу аш ичип,
Акылымды кошо ичип
Капыя калган экемин!
Манас чыгып Бээжинден,
Сынчым көрбөй элимден,
Капа болуп жатамын!
Аярга артык ишенип,
Кызыталак Эсенкан
Менин кыркылган экен сакалым!
Буруттан Манас эр ошол,
Кытай эмес кылымды
Кыргын кылар шер ошол!
Чалышып чама жете албайт,
Кызыталак канкорго
Арсландын тиши өтө албайт!
Алтайда туулуп чоң болду,
Атышкан адам оң болбойт,
Кармашкан адам соо болбойт!
Берендиги билинген,
Суук боор келбес Бээжиндин
Сурагын тартып алат, - деп,
Туулбас мурун ал канкор,
Ушу турган Бээжиндин
Даңзасына чийилген!
Ак маралды уй кылат
Атышканды ал канкор
Айдап жүрүп буй кылат.
Ала-Тоо күтүп жер кылат,
Азган-тозгон кыргызды
Жыйып алып эл кылат!
Кырк чоро күтүп кан болот,
Аман кетсе ал бурут,
Кыйраган менде нан болот,
Кармаша кеткен жай болот!
Ушу турган Бээжинди