КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

СӨЗ БАШЫ

Кыргыз элинин оозеки көркөм чыгармасында эпикалык чыгармалар өтө эле басымдуу орунду ээлеп келген. Ал эми, «Манас» баштаган эпосторду айтуу бир нече айларга созулган. Мындай баатырдык же турмуштук жомоктор элдин духовный табиятына дал келгендиктен улам байып, кеңейтилип турган.

 Айрыкча кыргыздардагы эпикалык чыгармалардын ролу-элдик театрдын, филармониянын ролунда болгонун эч ким тана албас. Муну «Манасты» аткаруучулардын техникасын элестетсек эле ачык байкоого болот. Ошол эле эпосту аткаруучу ырчы эпостун бүткүл мазмунун так түшүндүрүү үчүн ымдоо, жамдоолор менен мимикалык ар түрдүү абалдарга түшүп артисттик ролду аткарат. Эпостун мындай синтетикалык формага ээ болушу аз эле элдерде сакталган. Бул болсо эпикалык чыгармалардын турмуштагы зарылдыгынын бир гана белгиси. Ал эми алардын жаралуу тарыхы, пайда болушу ошол элдин турмушу менен тикеден-тике байланыштуу болот.

Таланттуу манасчылар, жомокчулар, ырчылар ошол элдин башынан өткөн окуялардан, кандуу кагылыштардан эң сонун поэмаларды түзүшкөн. Ал чыгармалардын айрымдары ушунчалык көркөм айтылгандыктан угуп отургандарга жомоктогу укмуштуу элестери менен келип жеткен. Алар таланттын күчүнө багынышкан - кубаттап кыйкырып, сөздүн күчүнө таң калышкан. Адамдын бүткүл жүрөгүн титиреткен же жан жыргаткан белгисиз кубаттын пайда болушунан кийин адам жанындагы жашырын күчтүн сырын жорушкан. Бул эмне деген күч?! Мүмкүн ал ошол угуучунун жан дүйнөсү, башынан өткөн тарыхы же көптөн көксөгөн тилеги болуп жүрбөсүн?!

Дал ошондой окуганда адамдын жанын жыргаткан, окуялардын жөнөкөйлүгү менен адамды таң калтырган эпостордун бири «Курманбек» эпосу. «Курманбек» эпосунун азыр бизде элдик үч варианты бар.

Биринчи вариантын Каим Мифтаков 1923-жылы М. Мусулманкуловдон жазып алган. Көлөмү 2500 сап ырдан турат.

 Эпостун экинчи вариантын 1933-жылы Калык Акиев жазып тапшырган. Көлөмү 5500 сап

Үчүнчү варианты 1958-жылы Тажик ССРинин Жерге Тал районунда жашаган Т. Каландаровдон жазылган. Көлөмү 360 сап.

Бул элдик үч вариантынан башка 1924-жылы А. Токомбаев тарабынан «Курманбек» кара сөз формасында Алма-Атадан чыгуучу «Чолпон» журналына басылган. Бул фактылардын өзү эле «Курманбек» эпосу элде эң кеңири айтылган эпостордун бири экенин көрсөтөт. «Курманбектин» сюжеттик линиясына көз жүгүртсөк эки негизги багытта өнүккөнү байкалат. Биринчиси жана негизгиси чет душмандар менен күрөшүү б. а. баатырдык темасы. экинчиси сүйүү темасы. Бул эки тема Курманбектин образы аркылуу органикалык бирдикти түзөт. Алар бирин бири толуктап, көрктөнтүп турат.

 Бирок булар «Курманбек» эпосунун түрдүү варианттарында ар башка чечилген. Мисалы М. Мусулманкуловдун вариантында баатырдык жана сүйүү маселеси диндик түшүнүктөргө багындырылып кеткен. Анда Курманбек кайберенден төрөлүп, перинин кызына үйлөнөт. Баатырдын жоого аттанышында да кудайга жалынып «жеңишке» жеткендей түшүнүктөр орун алган.

М. Мусулманкуловдун варианты 1927-жылдары басмадан чыккан. Бирок эпостогу элдик мотивдер бурмаланып айтуучунун жеке көз карашы, диндик түшүнүктөрү көп орун алып кеткендиктен элге анча сиңе алган жок.

 М. Мусулманкуловдун вариантына салыштырганда К. Акиевдин варианты окуяларынын, портреттеринин, пейзаждардын сүрөттөлүшүнүн реалдуулугу, турмушка жакындыгы кызыктуулугу менен айырмаланып турат. Мында эң сонун фантастикалык ыкмалар, гиперболалык сүрөттөөлөр реалдуу шарттагы каармандын күрөшүн, максатын берүүгө багындырылган.

Кыргыз элинин баатырдык эпосторунун ичиндеги «Курманбек» эпосунун бир негизги бөтөнчөлүгү дал ушунда турат. Анткени адетте баатырдык эпостордун басымдуу көпчүлүгүндө баатыр төрөлөрдөн мурда эле жолборстун жүрөгүнө талгак болуу же кандайдыр касиеттүү күчтөрдүн жардамы менен эненин боюна бүтүп өзгөчөлөнүп туулуу мүнөздүү. Мындай өтө эле апыртып жиберүү оозеки чыгармалардын жалпы духуна туура келгени менен турмуштагы көрүнүштөрдүн чындыгына багындырылуу менен көркөм каражаттык ролун аткарып кала берет. Элдик эпостор, чыгармалар канчалык фантастикалуу болбосун ал реалдуу турмуштан гана чыгат жана аны чагылдырат. Курманбек эпосундагы окуялар калмак дооруна туура келет.

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.