КУРМАНБЕК
ЭПОС
Мисалы «Курманбек» эпосу кыргыз, каракалпакта, «Эр Төштүк» эпосу кыргыз, казак алтайдагы түмөндүк татарларда, «Алпамыш» эпосу өзбек, казак, азербайжан элдеринде көп жөө жомоктор, бирдей маанидеги макал, лакаптар лирикалык ырлар көп.
«Курманбек» эпосу К. Акиевдин вариантында 1938-жылы биринчи жолу басылган. Экинчи жолу 1957-жылы кайра басылып С. Байходжоев тарабынан баш сөз жазылган. «Эпостогу негизги идея эл-жерин чет душмандардан коргоого арналат Ал айрыкча Курманбектин образында ачык байкалат. Анын алдына койгон максаты так. Кыргыз, кыпчак элинин көргөн кордугунун, тарткан азабынын өчүн кууп калмакка аттанат.
« - Корун калмак барында,
Экез баатыр жанында
Кыргыз менен кыпчакты
Кыргын кылып бир чапты!
Кырылгандан калганы
Алым берип тынч жатты.
Корундун уулу Дөлөнгө
Айта бар биздин арбакты!
Угузбай элдин четинен
Ууру кылчу мен эмес.
Тим эле жаткан көп элдин
Тынчын алчу мен эмес»
Бул чыныгы элдик каармандын сөзү. Эл өзүнүн каармандарынын идеялдары менен өзүлөрүнүн максатын, тилегин. билдиришкен. «Курманбек» эпосунун бүткүл маңызы дал ушунда турат. «Курманбек» эпосу баатырдык эпос деп аталган күндө да мында кыргын, чабыштар эпизоддук мүнөзгө гана ээ. Тактап айтканда, баатырдыкты сыноочу сценалар гана бар. Биринчиси калмак кандары Дөлөң Экезге беттешкен учуру, экинчиси Канышайды алуу үчүн Ооган ханы Бакбурга барганда көрсөткөн эрдиги.
Бул эки жолку баатырдыкта биринде эли-жерин баскынчылардан биротоло куткарып, экинчисинде өзүнө тандап сүйгөн жар табат. Ошентип эпосто сүйүү темасы да эң негизги окуялардан болуп чыга келет. Курманбек баатыр өзүнө жар тандоо үчүн патриархаддык-феодалдык үйлөнүү традициясына каршы чыгат. Ал бирөөнү калыңга сатып ала койбостон өзү жактырган жана өзүнө жаккан жарды издеп чыгат. Мында да аны дегдеткен баатырдык иштер биринчи планда турат. Үргөнчтү кечип Бакбурханды жыга саюу менен анын тилеги орундалат.
Дал ошондо акылы артык Канышай Курманбекти сыртынан сынап жактырат:
«Жылдызы экен адамдын,
Ким жактырбайт мындайды.
Кошулар болсо өмүрүм,
Ачылды, жеңе, көңүлүм».
Эки жардын бирин-бири чындап сүйүүсү эпостун аягында эң акыркы баскычка жетет. Элдик эпостордо бир канча жолу кайталанып, идеялизацияланып келаткан «сүйүү жана достук» баардык ажайып көркү менен ачылып чыга келет. Курманбектин калмак ханы Дөлөндөн жараланып өлүм алдында жатканда Аккандын жолугушу, анын кызматы, кайгысы достуктун асыл касиетин көрсөтөт. Ал эми Курманбектин өлүмүн уккан Канышайдын өзүн курман кылышы сүйгөн жарлардын эң бир .таза сүйүүсүнүн ыйыктыгын даңазалайт.
Мындай сүйүү «Олжобай менен Кишимжан» эпосунда Кишимжандын, «Козукөрпөш менен Баян сулууда» Баяндын образдары менен берилип келген. Сүйгөн жарлардын өмүрүнүн мындай трагедия менен бүтүшү жалаң таза сүйүүнүн улуу символу болбостон ошол учурдагы теңсиз заманга айтылган каргыш да болгон. Ошондуктан алар өзүнөн кийин мураскорсуз калышпайт. Эң эле жок дегенде сүйүү, тазалык үчүн өлгөн жарлардын көрүстөнүнө гүл өсүп чыгат же таза башат пайда болуп, эл жүрөгүндө өмүрүнчө сакталат.
«Курманбек» эпосунда келечекте адамды үмүткөр кылган Сейитбектин сүйүктүү образы бар. Ал алты жашында адилеттүүлүктү айра билген, бирок балтыр эти ката элек бала барчын сыяктуу шаңшып окуучунун жүрөгүндө сакталып калат.
Мындан элдик жакшы үмүттүн эч өлбөстүгү көрүнөт. Чындыгында эле эл Сейитбек жөнүндө татынакай эпос жаратты. Ал азыр да ооздон-оозго айтылып жүрөт. Жакынкы жылдарда «Сейитбек» эпосун окуучулар өздөрү окуп калышаар
Сапарбек Закиров.
КУРМАНБЕК
Өткөн замандардын бир кылымында кыргыз-кыпчак элинин - Тейитбек деген ханы болгон. Тейитбек өзүнүн элинен башкага алы жетпеген, арышы өтпөгөн, турган жери Анжыян багытында экен. Борбор шаары Жазы болгон. Ошол убактагы кыргыз, кыпчактар калмактан кордукту көп көргөн. Тейитбек хандын эң улуу аялы Сулайка кырк жашына чейин тууган эмес эле.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.