КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

Алып келди Дөлөн хан,

Калтар кара жоргосун,

Ишене албай Курманбек,

Ичиңде арман болбосун.

Түздөп көөнүң агарса,

Түңүлүшпөс жолдошуң.

Калмактын малын айтайын,

Кара коңур аты жайылган.

Эзилген казы, керткен жал,

Өксүбөгөн айылдан.

Кызыл-тазыл кийинип,

Кыздар үкү сайынган.

Кара буурул, кара сур,

Өрүшүнө мал толгон.

Калмак калкы ушундай,

Карыны майлуу бай болгон.

Калтар кара, коңур сур,

Жоргосу озгон жол жолдон.

Адилдик кылсаң Курманбек

Ар жылда алып алыңыз.

Эки төрөм эптешсең,

Сиздики баккан малыбыз.

Буга ыраазы болбосоң,

Бала баатыр Курманбек,

Дагы салык салыңыз.

Бала баатыр Курманбек,

Башы менен берилген,

Жылкы багар кул болсо,

Калмактын калкын караткан,

Сенин бак-таалайың бул болсо,

Бала жолборс Курманбек,

Баатыр сенде арман жок.

Оюндагы максатын

О, балам сенчелик эч ким алган жок.

Кошомат эмес баары чын,

Менин бу сөзүмдө жалган жок.

Калмактын элин каратып,

Кызыл куйрук нар алып,

Кызыл алтын зар алып. 

Үрүмчү, Манас, Кашкардын,

Шаарына өтсөң аралап,

Кашкардын ханы Аккандын

Жанынан өтсөң аралап,

Арбагың кетет алыска.

Сенин жараганың намыска

Кара көңүл жарабайт,

Балалык кылып карышпа.

Эл арасын тынчытпай,

Жамандыкка барышпа!

 

Курманбек баатыр ичинде кубанып, тышында түр көрсөтүп: өчтү, өткөн кекти кечтим бирок, кыргыз, кыпчактын бир өчүн алсам деген максат бар

эле: «алдына келсе, атаңдын кунун кеч» - деген, Дөлөн төрө мага ыраазы болсун, мен ыраазымын. Ар жылда берер салыгыңарды убагынан калтырбай берип тургула деди.

Курманбек Дөлөн менен коштошуп жылкыны айдатып, нарларды чиркетип, алтын, күмүштөрдү жүктөтүп, жөнөдү. Кашкардын ханы Аккан Курманбектин калмакты камап, Экезди сайып өлтүрүп, Дөлөндү жаралуу кылып, алым алып чыкканын угуп, керней, сурнай көкбөрү тартып, жолун тосуп чыккан экен.

Аттан түшүп Аккан кырк жигити менен жарданып карап турду. Курманбек кырк жигити менен келип аттан түшүп, Аккан менен Курманбек кучакташып, 40 жигиттери менен жигиттери көрүшүп, кубанышып турганда, Аккандын Курманбекке карап айтканы:

 

— Кара башың карк алтын,

Хан Курманбек аманбы?

Калмакка кыргын салды деп,

Уктум эле кабарды.

Кучакташып көрүшүп,

Коргошундай эришип,

Кошмок элем санаамды.

Эр Курманбек бектешип,

Экезди сайып түшүрүп;

Калмактын ханы Дөлөндүн,

Кара канын ичирип,

Кара шаар Камбылды,

Чабамын деп күтүнүп,

Экез баатыр эрте өлүп,

Дөлөн болду жарадар,

Калың калмак тынчы жок,

Кайгы менен санаадар,

Хан Курманбек сен болдуң,

Кайраты шерге барабар!

Он күндөн бери жол тостум,

Бүгүн араң баш коштум.

Жүзүн көрүп турамын,

Хан Курманбек жолборстун.

Кучакташып дос болсом,

Кырчылдашар жоо болсо,

Сен болорсуң жолдошум,

Душманым көп, тууган аз,

Туш-тушумдун баары кас.

Туугандан артык туушту,

Сен болосуң жан курдаш!

Элимде эптүү киши жок,

Эзелден болдум жалгыз баш,

Элимдин четин бөлдүрүп,

Калмак да келип чаап алат.

Кайта-кайта олжолоп,

Кастык менен мал алат,

Ээ болбойт элге деп,

Бар уяты маа калат.

Дүбүрөтүп тынчытпай,

Дуңган да келип кол салат,

Кайрат, күчтү кетирип,

Кабаттап калың олжо алат.

Калкына ээлик болбойт деп

Менин башыма жаман ат калат.

Кызыгышып бу жерге

Кытай да келет чабуулга.

Туш-тушумдун баарысы,

Кызыгышат жалгыз маа!

Сыртыңдан угуп Курманбек,

Жетпей жүрдүм баатыр саа!

Душманга кетти намызым,

Жок эле сендей таанышым

Жакшылап жооп алалбай,

Элчиге койгон калысым.

Өзүңдөй жолдош табылбай,

Өзөктө жүрөт наалышым.

Каттаган элден ар убак,

Кабарыңды көп уктум.

Калмакка өтүп кеткенде,

Достошом деп оолуктум,

Он күңдөн бери жол тосуп,

Бүгүн араң жолуктум,

Кырааным досум Курманбек,

Кыядан тоссоң көчүмдү,

Кылчайып келгис иш кылып,

Кытайдан алсаң өчүмдү.

Орундатсаң жан досум,

Кыйналып айткан сөзүмдү!

Кабылан досум Курманбек,

Кадуудан тоссоң көчүмдү

Кайрылып келип жан досум

Калмактан алсаң өчүмдү.

Кабыл кылсаң жан досум

Кайгырып айткан сөзүмдү!

Бактың ошол эмеспи,

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.