КУРМАНБЕК
ЭПОС
Сенин душманыңа кошулуп,
Досторуңду бастымбы?
Орунсуз бузук иш кылып,
Же мен ошондуктан жаздымбы?
Же болбосо атаке
Астыңдан туура тостумбу?
Өмүрүңчө кектешкен
Душманыңа досмунбу?
Же кандыгыңды талашып,
Калмакка акыл коштумбу?
Же болбосо атаке
Калмактар сенин айылынбы,
Катын алган кайныңбы?
Касташып жүргөн жооңду
Каратып келген айбымбы?
Капа кылбай бекерге
Айтып таарын дайныңды...
Айыпсыз мага таарынып,
Атакем сага не болду,
Жаштык менен жаңылып,
Жамандык кылсам оңомбу!
Басып келдим мен барып,
Басташып жүргөн жооңду.
Кара шаарга мен барып,
Урушка чыктым камданып,
Кыргын сала киргенде,
Кырк жигитим шаңданып,
Чуркуратып калмактын,
Туш-тушунан чуу салып.
Алтымыш кызыл нар алып,
Арттырып дилде зээр алып,
Жашта болсом калмактар,
Жалынышты камалып.
Жалгыз барып жоо сайган,
Же ушунум бекен балалык?
Кашкардын ханы бек Аккан,
Калкалап калың эл баккан,
Калмактан келе жатканда
Камынып тосуп ыраактан,
Акиреттик дос болуп,
Адагы сыйлап узаткан.
Акканга келип беш конуп,
Акыреттик дос болуп,
Лөгүнө жамбы жүктөтүп,
Жибектен жабуу бүктөтүп,
Айдаган жылкы, арткан зээр,
Катар-катар жүктүү нар
Дос—душманга тиктетип,
Барып келген жазыгым.
Алтын, күмүш, ак жамбы.
Алып келген жазыгым;
Ар жылда алаар алымды
Калмактарга кабаттап,
Салып келген жазыгым.
Он эки батман жамбы арткан,
Бар шайманы тептегиз,
Жибектен болду жүк, аркан;
Ошончо жамбы жүктөтүп,
Лөгүн берди бек Аккан.
Алтымыш ак боз бээлерди
Айры эмес нарча төөлөрдү,
Алтын, күмүш ээрлерди
Катарланган нарларды,
Жамбысы менен лөгүмдү,
Алып келдим тартууга,
Айланайын атаке,
Ачпайсыңбы көңүлдү!..
Курманбек сөзүн бүтүрдү. Тейитбек атасы ошондо кабагын жазып, чыга калып Курманбектин алып келген малдарын көрүп кубанып, санаасы тынып, көңүлү жайланып калды.
Казы муптуларын, эл бийлеген мыктыларын, көңүлү сүйгөнүн, көбүнчө бийлерин чакырып алып: «Силер Курманбекке сүйлөшкүлө, кыргыз, кыпчактан кыз тандасын; колдон келет эмеспи, өз эл деген жакшы болот. «Өз өлтүрбөйт, жат жалгабайт» деди Тейитбек.
Эл билермандары макул болуп Курманбекке барып атасынын сөзүн айтып турганы:
Кызыктуу сулуу кыз танда!..
Өз элиңди теңсинбей
Аралап барба душманга,
Бактылуу болдуң санаган,
Бардыгы биздей санаган,
Басташам деген душманга,
Баатырлыкка жараган,
Ардактуу болдуң жашыңдан,
Акыл уксаң агадан.
Жардысы бар, байы бар,
Жалгызы бар, көбү бар,
Кыргыз, кыпчак элиңде
Эчен мыкты беги бар,
Таалайыңа жараша
Тандап жүрүп кызын ал,
Курманбекке айткын деп,
Ханыбыз Тейит жиберди,
Акылдашып кайткын деп,
Жалгызсың, жашсың оолукпа
Далай жоодо биздин кек.
Кырк жигитин жаныңда,
Эптекейден экини ал;
Чечендерден жетини ал,
Эл аралап жолго сал,
Берем десең дапдаяр,
Миңден чыгат калың мал.
Атаңыз бизди жиберди
Акылдаш деп арага,
Кулак салгын Курманбек,
Алдыңа келген агаңа.
Бу сөздү кабыл албасаң,
Биз калабыз балаага.
Калың кыргыз, кыпчактан
Кантип бир кыз таппайлы,
Табылса сулуу бактыңа
Таалайыңа жакпайбы...
Өз элиңден кыз алып,
Өрүштүн малын сактайлы.
Жакшы кызың барбы деп,
Жалынып жүрбөй жаттарга,
Өз элиң жакшы эмеспи,
Өрүшүңдү сактаарга!..
Өз элиңден албасаң,
Өчөштүк менен аттанба.
Суусу тунук, жери асыл
Сулуусу көп, эл асыл,
Чалкак-чалкак төрлөрү
Чөбү гүлдүү көк жашыл,
Асылды асыл чанабы,
Айбаттуу баатыр сен асыл.
Атаңдын сөзүн куп десең,
Арала кыпчак, кыргызды,
Сыртынан сынап табабыз
Сымбаты таза бир кызды.
Кыздары киет кыргыздын,
Кымбат баа, кемчет, кундузду..,
Кыргызда сулуу көп турса
Кытайга бармак дуруспу?
Өз элиңдин ичинде
Кызыктуу кызы болбосо,
Кыдырып баарын көргөн соң,
Кыз көөнүнө толбосо,
Кытайды карай жөнөсөң
Издешемин мен кошо.
Увазир Зайырбек сөзүн айтып бүттү.
Ошондо бала баатыр Курманбек Зайырбекти карай айтып турган жообу:
- Арага келген Зайырбек
Бул айтканың кандай кеп?
Асылдымбы силерге
Катын алып бергин деп?
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.