КУРМАНБЕК
ЭПОС
Жаңы асыйдан дагы жаш,
Кулжа көөдөн, теке сан
Телтору ат болсо мингеним,
Темир чопкут ичинде,
Телегей болсо кийгеним,
Элимдин зарын эске албай,
Болобу бекер жүргөнүм?..
Телтору аттын көркүн көр,
Сын-сыпаты маралдай,
Кызып кетсе бирерде
Жүгүрүгү шамалдай,
Ушундан адам өлөбү,
Учкурдан жетпейт жагалмай..,
Кырк жигит ыраазы болуп, кабагын ачып, санаасын басып, шер байлап, күлүп жайнап, Курманбек баатырды карай айтып турган жери:
- Бактылуу балбан баатырым,
Биз кырк жигит жакының,
Адамдын көөнүн курчутат
Айтып турган акылың...
Аталаштан артыгым,
Айбаты сүрдүү жаркыным.
Энелештен эгизим,
Эч өөнү жок тегизим,
Жан жолдошуң жигитти
Жаманыраак бакпасаң,
Кадыр, көөнүн калтырбай
Жан боорундай сактасаң,
Жагалдантып жүрөктү
Жатса-турса мактасаң,
Жамансытып кокустан,
Жазыксыз камчы чаппасаң,
Кызматыңды кыларга
Кырк жолдошуң биз сенин,
Кыргын салып келгин деп,
Калмакты карай шилтегин,
Кырааным сага тил албай,
Кылчаңдасак тилдегин!..
Жүр десең кошо жүрөбүз,
Кир десең жоого киребиз,
Жоого сүрдүү береним,
Жоругуңду билебиз...
Айчылык жолго жөнөсөк
Баатыр амандыкты тилээрбиз.
Жортуулчу болсоң калмакка
Даярбыз бирге бармакка,
Кылчаңдасак тапшыргын
Тузуң менен арбакка.
Белгилүү берен Курманбек,
Ойлобогун эч капа!
Барар болсоң алыска,
Дапдаярбыз барышка.
Билек түрүп, бел байлап,
Душманыңды чабышка,
Туу жайылтып, жоо сайып,
Биз жарайбыз намыска.
Тартынышпай душмандан,
Таалайга келсе көрөбүз,
Тагдыр жетсе токтоо жок
Ошо күнү өлөбүз.
Аралап кирсек душманды,
Алды-алдынан бөлөбүз.
Ар кимибиз камынып,
Аттанабыз черүүгө.
Сандаалатып калмактын,
Азабын колго берүүгө.
Касташкан жоону кулатып,
Кайрылып аман келүүгө.
Ажал жетип күн бүтсө,
Баатыр сенден мурда өлүүгө,
Көңтөрө ээр, көк жамбоч1,
Көмөлдүрүк тагынган,
Көрктүү болсун баары деп,
Күмүштөн жабдык салынган,
Көңүлдөрү жалындап,
Көк жолборстой чамынган,
Аттын баарын токунуп,
Жөнөйбүз деп бой күүлөп,
Жалтанбаган баатырлар
Жайкалышып дүбүрөп,
Коён жүрөк коркогу,
Корс кыялдуу чоркогу,
Ичинен тилдеп күбүрөп,
Барбаймын деп айталбай,
Басып жүрөт үлдүрөп
Кабагын ачпай муңайып,
Капаланып сүлдүрөп
Кыраан баатыр Курманбек,
Кырк жигиттин далайын
Кызыктырып күлдүрөт.
Анжыяндын астында,
Кең Кокондун башында,
Тейитбектин ордосу —
Тегиз талаа Жазыда,
Кырк жигити кашында.
Даярланып Курманбек,
Жазыдан чыкты аттанып,
Үзөнгүгө бут салып.
Кырк жигити жанында
Кыраандын көөнү шаттанып,
Өзү жыйырма ,үч жашында,
Ок өтпөскө жасаткан
Темирден туулга3 башында.
Чарайнасы тагылуу,
Аттарынын баарысы
Үртүк4 менен жабылуу..,
Адамдан башка түрлөрү,
Ар кимиси далылуу,
Бакы жолборс карылуу..,
Аттанып чыкты кечинде,
Жайдын толук кезинде,
Кыргыз менен кыпчактын,
Кытай менен калмактан
Кырылганы эсинде!
Шаардан чыкты шартылдап,
Туулга башта жаркылдап,
Кырк жигиттин колунда
Кырк найзасы калкылдап...
Жай саратан ысыкта
Кечке жакын салкындап,
Үзөнгү, бутта кагышып,
Чаң созулта жарышып,
Оюн, күлкү, тамаша,
Эки экиден кырк жигит,
Эңише түшүп чабышып...
Ашып өттү Курманбек
Ала Жууку, Алайды —
Кабылан жолборс түрдөнүп,
Тан калтырды далайды...
Ашып бара жатышат,
Катар-катар белдерди.
Араласа тамаша
Жайлоодо жаткан элдерди...
Жарыштырып баратат,
Жанындагы эрлерди.
Жеткен жерде жем даяр,
Конгон жерде кой даяр,
Чаңкаганда чай даяр,
Алдырып барып койгонсуп,
Азык-түлүк дапдаяр!
Көк ала майдан төр менен,
Жашыл шибер гүл менен,
Жарыша коюп баратат,
Жакшына талаа жер менен.
Катышы жок Курманбек
Кайрат менен жөнөдү,
Кара шаар Камбылга.
Теке жоомарт тердебес
Телтору аты алдында.
Катуу жүрөт жарышып,
Түн мезгили салкында.
Кырк жигитти шердентип,
Чыгарат бирден чалгынга.
Кашкардын эли тынч жаткан,
Кабарын билет ыраактан,
Угуп жүргөн дайынын
Кашкардын ханы Бек Аккан.
Кабарлашпай Курманбек,
Өтмөк болду түз мындан.
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.