КУРМАНБЕК

ЭПОС

КУРМАНБЕК

Акылыма көнсөчү;

Атым баспай алсырап,

Турганымды көрсөчү.

Бир туугандай барыңды

Асырадым жашыңан;

Мен кирептер болордо

Өксүдүңөр кашыман

Өзүм менен бир таткан

Тузум урсун башыңан,

Атын бербей уулуна

Атамдын көөнү бузулду,

Аталаштай кырк жигит

Кылар ишин ушулбу?..

Кызматымдан тартынып,

Кырк жигит сени туз урду.

Билишти го калмактар

Атымдын баспай калганын,

Аты жаман мен карып,

Ичимде кетер арманым.

Калмактар курчап келе атат,

Кететко менин дарманым.

 

Курманбектин айласы кетип, аты баспай найзасын жерге таянып турду. Калмактын ханы Дөлөн: «Курманбектин минген аты Телтору ат бекен, же башка ат бекен, кокус Телтору болуп, карып калып, же көп минилип арып калып кичирип, алдоо менен далайыбызды кырып жүрбөсүн. Мен таанып чыгайын» — деп, туучунак тулпарын минип, найзасын карысына илип, Курманбектин маңдайына келип айтып турган сөзү:

 

— Атсалоом алейким

Хан Курманбек аманбы?

Амандашсам жаманбы?

Көсөм элең талыбас,

Көргөнү келдим чамаңды..,

Кыргын салбай калмакка

Барбайсыңбы Курманбек?

Жылдагыдай алымды

Албайсыңбы Курманбек?

Кел Курманбек элдикке,

Жеткирсең бизди теңдикке;

Алымыңды берелик,

Атабыздай көрөлүк,

Эрегишип жүргөнчө

Элчиликке келелик.

Айдаталык мал болсо,

Арттыралык сиз үчүн

Алтын, күмүш зээр болсо,

Дүнүйө бизден табылат,

Колуңда дөөлөт тар болсо;

Кечип коёр бекенсиң

Кетпес кегиң бар болсо.

Тынчыталык куп десең

Калкыбыздын арасын.

Жыргап жаткан тынч элге

Жылда бүлүк саласың.

Жыгылар кезиң келиптир,

Кантип тирүү каласың?..

 

Дөлөн хан Курманбектин мингени аты Телтору ат эместигин таанып, кайраттанып сени соо койбоймун деп айтканы:

 

— Жоого минчү Телтору ат

Жоорудубу, Курманбек,

Ажал-өлүм башыңды

Торудубу, Курманбек,

Алдыңдагы жаман ат,

Солудубу, Курманбек.

Жаңы бышты жаман ат,

Солудубу Курманбек?

Атаң карик киши эле

Бербедиби Курманбек,

Ажал басып маңдайың

Тердедиби Курманбек;

Аталашың жок эле,

Атасы башка кырк жигит

Келбедиби Курманбек?..

Өкүм  тулпар тору атты

Бербедиби Курманбек,

Өлүм айдап маңдайың

Тердедиби Курманбек?

Өзүңдө тууган жок эле,

Өчөгүшүп кырк жигит

Келбедиби Курманбек?

Кыргын салып калмакты

Жылдан-жылга талайсың;

Кыпчактын малы барсынып,

Кызыл ала кан кылып,

Кылычтын мизин жалайсың;

Өлөрүңдү билбестен

Эми да эрдик санайсың?..

Кайта-кайта кыргандай

Кандай өчүң калды эле?

Калмактардын күткөнү

Кыпчактан алган мал беле?

Аныгын айтчы Курманбек

Же атаңдын куну бар беле?..

Өпкө, бооруңу аңтара

Саяйынбы Курманбек,

Өзөгүңдөн каныңды

Жаяйынбы Курманбек;

Өткөн өчүм көп болчу,

Алайынбы Курманбек?

Тирүү кармап шаарыма

Барайынбы Курманбек,

Башыңды кесип, каныңды

Жалайынбы Курманбек;

Жалгызыңды өлтүрүп,

Жаңы шаар калааңды

Талайынбы Курманбек.

Алы кетип бөлүнөт,

Качырып сайып түшүрсөм,

Ажалы менден көрүнөт.

Жаңы бышты жазга асый,

Бир ичеги мал экен;

Бүгүн кечке жүгүрсө

Жүрбөй калчу жан бекен,

Алтай минсе талбаган,

Телтору атың кайда экен.

Теке жоомарт Телтору ат

Баатыр кылчу мингенде,

Таанылчу эмес Курманбек

Аралап бизге киргенде,

Эми калмак баатыры,

Курманбектен ийменбе.

Чыңап койгон темирдей

Соорусу тоонун сеңирдей,

Теке жоомарт Телтору ат

Майы кетпейт жем илбей,

Өмүрүнчө жүгүргөн,

Жүрбөй калды дедирбей,

Курманбектин Койкүрөң,

Өрүүгө чапса курч экен,

Өрүүнүн сырын билбеген

Түздөгү өскөн журт элең.

Жоонун сырын биле албай,

Жонуңду тосуп турчу элең.

Түзгө кач калмак түзүлүп,

Түрүң жандан түңүлүп

Тоого качып кокустан

Кырылбагын бүлүнүп,

Адырга качсаң бой уруп

Кара тер аксын күбүлүп.

Түзгө түшсөң алам деп,

Түгөнгүчө барам деп,

Кууп кирет Курманбек,

Жылдагыдай алам деп.

 

Дөлөндүн сөзүн угуп Курманбек «Же сенин каның тарткандыр, же менин каным тарткандыр, өлсөм да сени ала өлөйүн» — деп, Курманбек Дөлөндү катуу качырды.

Кош аңдан алыс түйүлүп, Койкүрөңдүн бели үзүлүп, очорулуп барып жатып калды. Курманбек тура калганда Дөлөн хан качырып келип сайып кетти. Көкүрөктөн кирген найза далысынан чыга түшүп, бир кездей найзанын сыныгы көкүрөгүндө калып, Курманбек жатып калды.

20.02.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.