КУРМАНБЕК
ЭПОС
Адам уулу жыгылбайт.
Кырк жигитим дем берип,
Кызыбай душман кырылбайт.
Тилин алсаң ханыңдын
Кырк жигитим камынгын,
Атым жаман жайы жок.
Кырк жигит калмактын кабарын угуп, көңүлдөрү бузулуп: «Телтору атты минсе барсак болор эле. Телтору ат жок, Курманбек жаман ат минип баратат. Тирүү каларын, өлөрүн ким билет? Юир Курманбек деп жүрүп кыркыбыз кырылып кетпейли. Өлбөсок да кектеп тейитбек хан өлтүрөт. Андан көрү Курманбекти жөнөтүп, Тейитбек ханга өтүп алып жан сактайлы» деп акылдашты да, Курманбекке эч жооп беришпеди. Ошондо Курманбектин игиттерине карай айтып турган сөзү:
— Атым баспай калганда,
Ат которуп бергиле.
Кечиктирбей жаңылап,
Бат которуп бергиле.
Жатындашым жок чиркин,
Жалгыздыкты билгиле.
Коштошподуң ханыңа,
Карабадың алыма,
Ажал жетип өлбөсөм
Көрүнөрмүн баарыңа!
Көөнүңдү бузуп кырк жигит
Жолободуң жаныма.
Ойлосом кетет дарманым,
Ичимде кетер арманым;
Үйүмдөн баскан душманга,
Эмне бирге барбадың?..
Уятко ушул баарыңа,
Ушу сапар калганың.
Өмүрүнчө бир жүргөн,
Көңүлдү жазып күлдүргөн,
Калмакты чапсам кошо чаап,
Касташкан жоону бүлдүргөн,
Кырк жигитим сен элең,
Кызыгымда доор сүргөн.
Калмактар келип камаса,
Чабамын деп самаса,
Кырк жигитим. кылчаңдап
Ойлогонуң тамаша!
Жолумду тосуп жоо алды,
Жок кылам деп баш малды,
Ажалым жетип мен өлсөм
Жалгыз балам жаш калды.
Күлүгүм баспай калганда
Күлүк бергин кырк жигит,
Күйүт тартаар кезимди,
Билип келгин кырк жигит,
Күч кубатты кетирбей,
Кирип келгин кырк жигит.
Атымдын жайы жогунан
Ак найза түшсө колуман,
Кылычым түшсө жаныман,
Калканым түшсө далыман,
Кырк жигит сенден башка жок
Кылчаңдабай не кылам.
Же баштакыдай калмакты
Олжо кылып аламбы,
Же өлүп кетсем көмүлбөй,
Как талаада каламбы;
Барбасаң жакшы багып ал
Канышай менен баламды.
Жаман айтсам жигиттер
Көңүлүңө алат деп,
Тил албаса барбаса,
Өзүндө калсын наалат деп;
Өчөштүрсөм кырк жигит,
Өзүнүн жанын калкалап.
Как баш чалга барат - деп,
Сыр билгизбей коштошту,
Кырк жигиттин баарына
Кайта келди Курманбек,
Жалгызынын жанына!
Жоо жарагын шайланып,
Кылычын белге байланып,
Колуна болот найза алып,
Коштошуп турат жарына.
— Алган жарым Канышай,
Акыреттик таанышай
Ажал жетип мен өлсөм
Арстаным деп жулкунуп,
Айнектей бетиң жыртылып,
Бейбагым, «алдага» кылбай наалышай,
Кыз алганым Канышай,
Кыяматтык таанышай.
Кыяматка мен кетсем
Кындай белиң буунуп,
Кызыл канга жуунуп,
Кургурум, кудайга кылба наалышай.
Алып келчи Канышай,
Жалгызымды кучактап,
Көзүмдүн жашы бурчактап,
Боорума басып сүйөйүн,
Кара таандай калмакка
Ылаачындай тиейин.
Алып келчи жалгызды
Кучактап алып өбөйүн,
Кубат кылып жөнөйүн,
Сандалатып калмакты
Алды алдынан бөлөйүн,
Кыргын салып кылычтап,
Кызыл канын төгөйүн.
Кучактап алып баласын,
Курманбек баатыр булкулдап,
Кайгысы күчтүү Канышай,
Катар ыйлап солкулдап,
Коштошуп колун кармашып,
Жакын калды жөнөргө.
—Ачып койгун Канышай,
Үч кабат темир дарбаза,
Кесири болор үйүмдүн,
Баскан жоого барбаса;
Кайтып эсен келермин
Ак жолтоюм кармаса,
Канышай ыйлап буркурап:
—Колуңду жайгын арстаным,
Көңүлүмдү сергитчү,
Көз жетпес бийик асманым.
Катын менен баланы
Кайгылуу күнгө таштадың.
Кыргыз, кыпчак эл турмак,
Кылымга кетти дастаның
Кылкылдаган калмактан
Кыраан элең шашпагын.
Мындай эчен шумдукту
Көп өткөргөн төрөсүн,
Кош аман бол көргүчө,
Кудайдан тилеп жатайын
Курдашым өзүң келгиче.
— Жараткан ишим оңдо деп,
Курманбек чыкты качырып,
Калмактарды жапырып,
Каарынан калмактар,
Качып чыкты шашылып.
Телтору атын минди деп,
Тирүү коёт кимди деп;
Кызыл канды агызып,
Төгөтко биздин жинди деп,
Кара таандай калмактар,
Качып барат кайгы жеп.
Шаардан чыкты суурулуп,
Кара жандан түңүлүп
Качып жүрүп кырылды
Канча бири бүлүнүп.
Курманбектин Койкүрөң
Куштай сызып жүгүрүп,
Сүрүп чыкты калаадан,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.