КУРМАНБЕК
ЭПОС
Андан кийин кетем - дейт.
Бу сапарда бүлүнтүп,
Бир тилекке жетем-дейт,
Тейиткандын Курманбек
Дегеле баатыр бала экен,
Кызыл чаар жолборстой.
Кырк жигити бар экен!
Айбатынан байкасам
Айтканынча бар экен.
Адамдардан айбаттуу,
Анык жолборс кайраттуу
Баатырлардан бактылуу,
Балбандардан далылуу.
Кыз-келинден чын сулуу,
Кырк миң болуп барсаң да
Кырылышка ышкылуу!
Чарайна, соот, туулга,
Жалаң темир кийинген,
Кыраан бүркүт сыяктуу
Кабактары түйүлгөн,
Капаланган бирөө жок
Жарпын жазып сүйүнгөн...
Он эки күнү күйөм-дейт,
Ошо күндө келбесе,
Ордосунан кирем—дейт.
Ойронуңду чыгарып,
Оюм менен билем-дейт,
Курманбектин деминен,
Айла кетти, ал кетти,
Камынбасаң мал кетти,
Аяна турган эр эмес
Ажалыбыз чын жетти...
Кароолчу сөзүн бүтүрдү. Экез баатыр бул кабарды угуп, өңү бузулду. «Кыргыз, кыпчактан бала баатыр- Курманбек деген чыгып, далай баатырларды ойрондоду» - деп, мурун эле уккан. Дөлөнгө акылдашпай иш. болбойт деп, Экез Дөлөндү карай жөнөдү. Дөлөн ханга барып: ханым, кабар жаман, Кара тоодогу кароолчу келди. Тейитбектин Курманбеги. келиптир. Ханың, бегиң келсин, армансыз болсун дейт, - деди. Дөлөн хандын ачуусу келип: -Курманбектин дайынын мен дагы уккамын, эгер бул жолу аман кетирсек түбүндө соо болбойбуз деп, калмакка кабар салып, калың колду жыйнап алып, Экез баатыр, сен жөнө, калганын аркаңдан жыйнап алып мен барамын - деди. Ошондо Дөлөндү карай Экез баатырдын айтып турганы:
- Атаңдын аты Корун хан,
Бала баатыр коркобу
Сенин бара жаткан колуңдан!
Коркоор болсо Курманбек
Тособу чыдап жолуңдан.
Кырк жигит менен Курманбек
Кыргыздын кунун кубам деп,
Камданып келген армансыз
Калмактар сени кырам деп,
Калкымдын өчүн албасам
Канабы менин мудаам деп.
Баарысы тегиз жылтырап,
Туулга соот кийинсе,
Каарланып, бир жактан
Капасы жок сүйүнсө,
Кантип жетет алыбыз,
Төгүлөтко каныбыз!
Түгөл калмак чогулуп,
Түтүнгө бирден барсак да
Тирүү калбайтко жаныбыз
Мен билем бала баатырды,
Угушума карасам
Уруунун баарын жапырды,
Баатырлыгы бир башка,
Жана адамзаттан акылдуу.
Токсон боолу өзбек
Толуп аткан эл эле,
Өзбекти сураган
Акмат, Сардар бек эле.
Угушума карасам,
Эчен курдай беттешип,
Ала албады деди эле.
Кара калпак, Түркменди,
Катары менен сураган,
Кайберендей чуркаган,
Көруулу сайып жыгалбай
Оозунан түтүн бураган.
Ошондо айткан Көруулу:
«Баатырга салдым көп чууну,
Кыргызда Манас болсо,
Кыпчакта мындай ким туулду?»
Эли менен иргелеш
Калкы менен кадырлаш,
Эр кадырын билбеген,
Адамдыкка жарабас!
Тууралыгын айтамын
Душман го түбү бизге кас.
Бала баатыр Курманбек
Казак менен кадырлаш
Кыраан бала дечү эле,
Мындай адам табылбас,
Жакшылашып Дөлөн хан,
Жайын билип тамырлаш.
Атаң Корун эр эле
Эр көкүрөк ала өпкө,
Кайрылып, душман жолотпой
Калкына болгон көлөкө
Акылын айтып койчу эмес,
Ал кезде менден бөлөккө,
Кара шаар, Камбылга
Камсыз адам келеби!
Салышар күчү жок болсо,
Саа каяша береби?
Карачы өзү белгилүү
Муну кайратынын тереңи!
Кытайдын ханы Чымачым,
Кадиксиз билем башынан
Кайратынын ырасын,
Чыгарса ошол чыгарат,
Курманбектин жыласын.
Оңой эмес Курманбек
Же ок жаңылып өлбөсө,
Ойрон кылат баарыңды.
Калкымдын ханы Дөлөнсүң,
Карынын тилин албасаң
Качырышып көрөсүң.
Толкуган калың кол келсе
Тоотпогон мен элем,
Тогуз миң кошуң келсе да
Тоз-тоз кылчуу эр элем.
Токсонго чыга карыдым.
Курманбектин эрдигин
Уга-уга тааныдым.
Же жазбай сайып берерге,
Болбоду жаштык калыбым,
Дөлөн төрөм тилимди ал,
Кеңешиме кулак сал,
Жайлашып жакшы жөнөткүн,
Кайда калбайт бир топ мал!..
Калың калмак ичинде
Карын кеттим мен болсом,
Бербес элем намысты
Беш беттешип толгонсом.
Төрөм сага чоң уят
Сайдырып ийип кор болсом!..
Мен карган чал, өзүң жаш,
Өзүңө жолдош табылбас,
Калың калмак элиңден
Кайрылып чыгар баатыр аз...
Төрөм намыс кылбасаң,
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.