Айт, айт десе токтобой, Алмамбет менен Манасты айт...
БАЛЫКООЗ-Балык Кумар уулу
АЙТЫЛУУ БАЛЫК (БАЛЫКООЗ)
ХVIII кылымдын аягында сарыбагыш уруусунун чоңарык уругунан тарагандардын арасында ынтымак ыдырайт. Эл бийлегендердин зомбулугуна чыдай албаган Кумар баштаган үч атанын балдары айласы кетип, аргасы түгөнгөндө «Таарынсаң Таласка кет» болушуп, Таласка көчө качышат. Кумардын барган жери акжолтой болуп, 1793-жылы Бекмурат аттуу уулдуу болот. Ал боорун жерден көтөргөндөн эмгек десе эт-бетинен кеткен эмгекчил, кепкөй, сезимтал, сергек өсөт. Ал кыска бойлуу, жоон көөдөндүү, шаңкылдаган бийик үндүү, кызыл жүздүү, ачык-айрым, кепти бетке айткан, ак сүйлөгөн, көргөнүн көргөндөй ырдаган, жетим-жесирлерге кайрымдуу, элге алымдуу, чечкиндүү, төгүлүп-чачылган колу ачык, март, оозу балыктын оозундай экен. Ушундан улам Манас түшүнө кирип: «Оозуң, көзүң балыкка окшош экен. Мындан ары сенин атың Балык болсун» деп, айткандан кийин эл да Бекмурат эмес, Балыкооз дешиптир. Бара-бара ал ысым ылакапка айланып, бүтүндөй жумурай-журтка тарайт.
Балык 13-14 жашынан комуз кармап, ырга, жомокко, санжырага кусасы артат. Манас кырк чоросу менен түшүнө киргенден тартып, күпүлдөтүп «Манас» айтып, санат, ашыктык, куттуктоо, саламдашуу, мактоо, кордоо, алым-сабакы сабалата төгүп ырдайт. Ал 20 жашынан аймакка таанымал манасчы, төкмө акын катары таанылат. Ошентип, Балык негизинен чыгармачылыгын манасчылыкта, төкмөчүлүктө, санжырачылыкта өнүктүрөт. Ал басса-турса да айкөл баатыр Манас түшүнө киргенден, аян бергенден кийин айтып калганын кеп кылып, «Манасты өмүр бою айтсам да учуна айтып чыга албадым» деп куштарланат. Эл ичинде «Балык манасчы «Манасты» айтканда аккан суудай шар кетип, күнү-түнү айта берчү. Ал окуяны уккан кишидей эмес, Манас баатыр жана анын чоролору менен бирге жүргөндөй айтчу эле» деген баа уламалуу кеп катары айтылып келет. Элдин айткандарына, окумуштуулардын маалыматтарына караганда, Балык Манасты эки бөлүп айтчу экен. Биринчи бөлүмү «Оторкан» (Манастан мурдагы кыргыз тарыхы) делип, экинчиси «Манастын окуялары» болуптур. Анда кан Кошой баштаган Бокмурун, Айдаркан, Көкчөкан, Жамгырчы жана башка кандар сыпатталыптыр. Тилекке каршы, Балыктын өзүнүн, шакирттеринин айтуусунда өз убагында «Манастан» үзүндү жазылбай калыптыр. Бар болгону 1923-жылы фольклор жыйноочу Каюм Мифтаков таластык Сулайман Рыскулбек уулунун оозунан «Таласты мактоо», «Манастын кээ бир кийимдери», «Манастын күмбөзү» аттуу кыска үзүндүлөрдү жазып алыптыр. Балык акын Манастын күмбөзүн мындайча сыпаттап ырдаптыр:
Алтымыш эркеч майына
Кыш бышырып бек урган.
«Алты кылым өткөнчө
Бузулбасын» деп урган.
Жетимиши эркеч майына
Кыш бышырып, бек урган.
«Жети кылым өткөнчө
Бузулбасын» деп урган.
Бетине накыш салдырган,
Кышын күлботодон алдырган.
Топурагын элеген
Ылайын чыраштан салып бөлөгөн.
Кумданга кыш бышырган,
Кышы бекем болсун деп,
Кенчи ылайдан төшөгөн,
Ылайын баскан ат менен,
Бетине накыш салдырган.
Арабиден кат чийип,
Устасын ылай элеткен.
«Урум журту билбейт» деп,
«Бекем болуп турсун» деп,
Кенчи ылай менен бек урган,
Уста салып кыш куйган.
Балык күлгүндөй кырчын курагын, айтуучулук, акындык шыгынын ашып-ташып, көбүрүп-жабырып турган учурун Кеңколдун башындагы Алакчын уруусунун Шабото уругунан чыккан Шантай аталган Ажыбек манап менен өткөрөт.
1830-жылы Балыкты Байтик баатыр Ажыбек даткадан ырчылыкка сурап алат. Ал жакшылыктан башка жаманчылыгын көрбөгөн Ажыбекке барып:
Манасты мактап отурам,
«Мактап айтты» дебеңер,
Ажыбектей атамды
Жаныма алып отурам.
Суу сураса, бал берген,
Суусар энем аман бол!
Ат сураса төө берген,
Ажыбек атам аман бол!
Топурак бел, шыбак бел,
Тооң менен аман бол!
Кызыладыр, Эчкилүү
Кыркаң менен аман бол!
Кошпо кайыр сулуусун,
Коштошорго тилим жок,
Кошуң менен аман бол! – деп коштошот. Ажыбек да Балыкты аттап-тондоп узатат. Барган жеринен да бакыбат жашашын, кадыр-баркы артышын каалап, батасын берет. Ал эми улуу башын кичик кылып чакырган Байтик да Балыкты кучак жая сый-сыпат менен тосуп алат. Залкар шайыр айткан «Манасы», ырдаган ыры, адамкерчилиги менен Байтик баатырга жагып, аны менен акылдаш, танапташ жашайт. Ал Байтик менен чоң жыйындарга, топторго, аш-тойлорго катышат.