КЫРГЫЗДАР: АЯЛЗАТКА ЫЗААТ

Тарыхый салт-нарк

КЫРГЫЗДАР: АЯЛЗАТКА ЫЗААТ

Жаманды жайлатып, Жакшыны баштап тур. Алас, алас!

(Байыркы бабалардын Умай энеге алкоосу)

 

Аялзаттын мыктылары. Кыргыздардын байыркы санжырасында Энесай доорунда да аялзатынан Муңайбас, Айнуру, Кызалма деген баатыр, акылман аялдары белгилүү.

 

Өткөн доорлордо Акыл карачач, Жаңыл мырза, Курманжан датка сыяктуу акылман, баатыр аялдар чыккан. Айрыкча эл ичинде таланттуу төкмө аял акындар Аксаткын, Талым кыз, Балкы кыз, Алымкан, Чата кыз, Акыш, Шекер кыз, Наркүлбүбү (Ырыскүл), Акбермет Карагул кызы белгилүү болушкан.

 

Зайып зат – асыл зат. Бул кутмандуу элибизде эркекургаачыны Жараткан эгиз жаратканы. Ошондон өмүр таралуусу. Ошондон турмуш жаралуусу. Адам ата, Обо эне эң алгачкы аялзаты, адамзаттын түпкү энеси бүткөндөн бери зайыптардын сынга толтуруусу. Кыргыз атада калыс калктын кароосунда асылзат аялдардын төмөндөгүдөй бөтөнчөлүктөрү алмустактан бери бааланып келүүдө:

 

Жамандык-жакшылыкка тең кароосу, кабак-кашым дебөөсү, эри менен эриш-аркак болуусу;

Өзүнүн күч-аракетин алдын ала ойлонуусу, жары барда, жокто ар-намысын, абийирин сактай билүүсү;

Белгиликтүүлүгү, түгөйү үчүн жан-дилинен кызмат өтөөсү, акылга шериктиги, эч бир кине коюуга болбос тугу;

Жүзү ачык, баскан турганы шайыр-шайдоот, айылы да, төркүндөрү да, кайын-журту да сыймыктануусу;

Чырайлуулугу, нурдуулугу, айкөлдүгү, чыдамкайлуулугу, пакизалуулугу.

 

Аялдык касиет: Табият ургаачыларга чырайлуулукту, назиктикти ченебей берген. Алар жаратылышында бирөөлөргө өйдө карабай, жамандык самабай, кыйгач кароо, муңайым, жумшак, күмүш шыңгыр тартуулаган. Ошон үчүн кыз кыял, назик, коймаарек деп атоо бир гана кыргыздын кыз-келиндерине таандык.

 

Кыздарыбыз кырдагы кызыл гүл өңдүүлөр. Таңкы желде бой ыргап турушкандар. Кирдүү кол менен кармагыс асылзаадалар.  Тоо нуруна тотуккан бешенесине табият чырайлуулукту, күмүш күлкүнү, назик үндү бериптир.

 

Керене чачпак кең соору келиндерибизге Кудай Таала келбет берген. Жар күтүүнүн сырларын аруу чечкендер. Шайыр мүнөздөр, шаң-шарапатты жандандыргандар.

Зайыптарыбыз жаратылышынан ажардуу, адептүү, билгиликтүү. Алар эрин пир туткан, ак жаркындуулукту ченебей берген.

Байбичелерге ажардуулук, набаттуулук, айткан накылдары келин-кесектерге, кыз-кыркындарга жугумдуулук бар. Алар үлгүлүү отуруп-туруусу менен нускалаганы артыкча көрүнүүчү.

 

Зайыптык сапаттар: Айкөл, пакиза, нур чырайлуулар – булар жалпы жонунан чүрөктөр, тактап айтканда сулуулар деп аталат.

Сезимтал, толукчул, тунук, таза, сүйүүсү бар, акылдуу, өз жарынын азап-тозогуна чыдай билгендер.

Жамандыкты-жакшылыкты муюбагандар. Ак ниеттүүлөр.

Жайдары жүз, шайыр, сөз тапкыч, каада-салттуу, нарктуу, жайыл дасторкон, үйүндө куту төгүлгөндөр.

 

Кыз кыялы. Бул – жекече мүнөздөгү кирдүү кол менен кармагыс назиктик. Каада-салттагы ургаачылардын жүрүш-туруш эрежелери. Жакшы ата-энелердин нускоосу аркылуу калыптанган таалим-тарбиянын натыйжасы. Адатка айланган муундан-муунга өтүүчү касиеттерден.

 

Анын шарттуу белгилери: отуруп-туруудан, бирөөнү алдыртан уяң, уяттуу кароодон, дасторкон жаюудагы мейман күтүүдөн, сүйлөөдөн, кийим-кечек кийүүдөн, мал саагандан, төшөккө жатуудан, жуунуудан, уктоодон ж.б. биз айтпай кеткен кыймыл-аракеттен баамдалат да, адамдарга аруу, жылуу сезимдерди калтырат. Кыз кыялдууга уландардын, жигиттердин сылык-сыпаалуулугу да кирет. Мындай кирдүү кол менен кармагыс асылзаада көрүнүштөр кыз кыялына салыштырылат. Жайдары, ак жаркын ургаачылар, набаттуу байбичелер, жайыл дасторкон, жакшы эне перзенти – ак көрпө жайыл, жабуулуу кара инген, ак этек баскандар өңдүүлөрдүн түпкү чыгышы ушундай кереметтерге барып такалат.

 

Нике кайыптын дагы бир бөтөнчөлүктөрү. Адатта, кыргыз жесирин кайдыгер жерге калтырбаган. Төрөп түшүп турган зайып тукумду өстүрүүчү болот. Андайларды ата-баба, ага-туугандар ардактаган. Ал энелердин башын ачып, энчисин берип, төркүн-төстөрүнө аткарып жиберчү эмес.

 

Андай зайыптарды ошол жакын туугандарынын бирөөсүнө баш байлоо кылуучу. Себеби кадимкидей калың төлөп алган ургаачысы, кантсе да ал үйдүн түбөлүктүү бүлөсү болуп саналган.

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.