КЫРГЫЗДАР: АЯЛЗАТКА ЫЗААТ
Тарыхый салт-нарк
Дүйнөнү кармап турган – эне.
Ургаачынын мыктысы – отко жакса күл болбос, олжого кетсе күң болбос.
Атлас кийсең – бөзүңдү унутпа.
Түн ичинде баланы атынан чакырба.
Айга ак (сүт, айран) көргөзбө.
Боюңда бар болсо капка олтурба.
Үйгө кирген жыланга ак чач.
Жаңы келген келинге күйөөсү жок аял биринчи жоолук салбасын биле жүр.
Жууган колду силкпе.
Туткучту баспа.
Дандырдан наны түшсө ысырыктап кой.
Насиптин алдын башкага бербе.
(уландысы бар)
Булак: Кыргыздар китеби 13-том
Түзгөндөр: Кеңеш Жусупов, Каныбек Иманалиев, Жылдыз Бакашева, Макелек Өмүрбай
08.01.2026