Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
– Бу кайдан келген эрен!?
Эл аң-таң калды чуркурап.
– Бу Элемандын сырттаны Төштүк баатыр деген эрен ушу, – деди көп балбандын ичиндеги бирөөсү сыймыктана.
Ошо Төштүк деген керемети келишкен баатыры көпчүлүккө угуза бакырды.
– Кандын уулу Канбача, бектин уулу Бекбача мени уккула! Тилимди албасаңар экөөңдүн тең башыңды алам. Мен айдаткан кырк тулпардын дайын-отун, ким айдатканын айткыла. Оо, эл журт, ишенбесеңер, бу эки уурунун санын азыр ачып көргүлө. Анда мен койгон эн тамга бар.
Көкдөөнү курчаган сан түмөн желдеттери менен балбандары ордунан козголгончо ичиндеги Конокбай дегени ордунан атып турду. Ал Төштүктүн Төштүк экенин билчү экен. “Сырттанга сырдаш болсом, арманым жок эле” деп кыялданып жүргөн. Конокбай берен дароо жетип, Канбача менен Бекбачанын шымын шыпырып, элге көргөздү. Төштүк айткандай алардын жамбашында ал койгон тамганы көрүп, эл чуру-чуу түштү. Канбача менен Бекбачанын ууру экени ушинтип айгине болду. Көпчүлүктүн алдында шермендеси чыкты.
КӨКДӨӨНҮН ТӨШТҮККӨ ЖЕТИ МӨРӨЙДҮ ТАПШЫРГАНЫ
Аңгыча кан Көкдөө эр Төштүккө чамынып калды. Каарын аябай чачты.
– Кызым кара тазды тандады десем, ал таз эмес эле Төштүктүн өзү экен. Ал таз болуп кубулуп, кызымды алганы атайын келиптир. Калайык журт, сөзүмдү ук! Төштүк эмес, менин өзүмдүн балбандыгымдын, баатырдыгымдын ай ааламга жетер күчү бар. Мен өзүм атактуу кан Көкдөө болсом, Элемандын Төштүгү жер үстүнөн тентиреп келген болсо, мен кантип ага кызымды берем. Ошончо эле кыйын болсо, менин айтканыма көнсүн. Көнбөсө кырк аркан салса бойлогус орго салам. Андан калса кирген адам кутулгус темир торго камайм. Той жебей, тентигенге кыз берген теги жок Көкдөө дейсиңби? Мен сени жакшы билем. Сенин болот өгөө жаның бар, Чалкуйрук деген атың бар. Эми мени жакшылап ук. Сага жети мөрөй берем. Аткарсаң кызымды берем. Аткарбасаң жаныңды тындым кылам, сөөгүңдү иттерге талатам. Эгер мөрөйду аткарсаң, эмне десең көнөм.
Кан Көкдөө кытмыр жылмайды.
Төштүк макулдугун билдиргендей башын ийкеди. Мындай чыга бергенде анын жанында Конокбай пайда болду. Анын келгени да жакшы болуптур. Ал Көкдөөнүн тапкан амалын, каткан сырын Төштүккө толук ачып берди. Көкдөөгө каршы өз амалын сунуштады. Сыйкыр сөзүн үйрөттү. Ошондо экөө акыреттик дос болууну чечишти. Төштүк баардыгы ойдогудай бүтсө Конокбайды Көкдөөнүн ордуна кан көтөрүүгө убадасын берди. Айтып сөздү жыйганча, Көкдөө балбандарына темир дөңгөчүн көтөртүп келип, элдин алдына таштатты. Кийизден оюлуп жасалган балтаны колуна карматты.
– Кийиз балта качан темир дөңгөчкө өтчү эле. Бу Көкдөөнүн кылган амалы. Эми чындап Төштүктүн шору кайнады.
– Атаңдын көрү заман эй! Азыр Көкдөө Төштүктүн башын алат. Сөөгүн жолго сүйрөтүп, иттерге таштайт, – деди калайык калк, эти дүргүп.
Мына ошондо эр Төштүк Көкдөөнүн балтасын алып, дөңгөчтүн жанына койду. Колун ушалап, кайра алган балтасы Конокбай баатыр камдаган тышы кийиз, ичи болот балта болду. “Эзилген темир жарыл!” – деп, чиренип туруп чапканда, темир дөңгөчтүн быт-чыты чыгып кетти.
– Мөрөйдү Төштүк алды, темир дөңгөчтү бөлө чаап салды! – деп, чуру-чуу түшкөн журт көтөрүлө колдоп кетти.
Аңгыча ары жактан кериле басып Күлайым сулуу көрүндү. Кол жоолугу менен темирдин таарындысы чийип кеткен жерин назик аарчыды. Ошондо Төштүктүн ооруган жери басылды, көңүлү көккө көтөрүлдү. Биринчи мөрөй ушинтип аяктады.
Көкдөөнүн ансайын ачуусу күчөдү. Каарын сала жети баштуу Жезкемпирин чакырды.
– Ай, Жезкемпир, бери кел! Көкдөө Көкдөө болгону мөрөйдү алдырып көргөн жан эмес элем. Бирок бүгүн алдырып ийдим. Көктулпарыңды алып чык. Жарышка салабыз. Сыйкырың күч жан элең, айласын тап. Мөрөй биздики болсун! – деп бакырды.
Жезкемпир шапа-шупа кыймылдап, Көктулпарын минип келди. Көктулпар кан билгендей, жылкыдан бөлөк көрүнгөн, канаты бар мал экен. Кан мыйыгынан күлдү.
– Тулпар табында экен. Жезкемпир, эми өзүңө сак бол. Тизгинди бош койбо, тарта карма. Тулпарың учуп кетип, ай талаада жыгылып калба. Жакшысы, болжогон жерге жеткенче кум жүктөп ал. Эр Төштүктүн Чалкуйругу менен чоң жарышты сал. Көктулпар чыгып келсе, чоң мөрөйдү алам. Элемандын Төштүгүн ошо замат курмандыкка чалам!