Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

Эр Төштүк

Жапарали ОСМОНКУЛОВ:

– “Биздин аман каларыбыз Төштүктөн”, – деп көп айткан энебиз. Ошо биз күткөн Төштүк сен болуп жүрбө? – деп суроо салды, эки балапан.

– Ооба, ошо Төштүк менмин.

– Абдан жакшы, эми Төштүк бизди жакшылап ук. Энебиздин келер убагы болуп калды. Ал келатканда күндүн көзү бузулат. Ааламды кара булут басат. Айлананы жөө туман каптайт. Күн күркүрөп, жамгыр аралаш мөндүр жаайт. Антип келген себеби: “Балдарымды ажыдаар сорду. Уям куру, мен дагы тукумсуз калдым”, – дегени. Энебиз келип конгондо чынардын башы жерге үч тийип, кайра үч өөдө көтөрүлөт. Сен андан коркпо, жаныңда биз барбыз. Сени коргоп калбай жаныбыз жокбу? – дешти.

Балдар мындай дегиче, күн күркүрөп, жамгыр жаады. Жыгачтар кыйчылдап, тоо-таш бир башкача силкинди. Балдар кубанса, Төштүктүн кабагына кар жаады. Алпкаракуш чынарга келип конгондо үч ийилип, үч көтөрүлдү. Силкингенде жүнүнөн ар кандай шумдук добуш чыкты. Аманат жандан түңүлүп калган Төштүк үндөбөй тура берди.

– Кагылайын балдарым, силер кантип аман калдыңар? Бу өңүмбү, же түшүмбү? Мен азык издеп кеткенде ажыдаар түпкө жетчү эле. Кырк жылы тууп, кырк жылы катар сордурдум. Бу сапар силерди аман көрүп, жүрөгүм жарылып кете жаздады. Курсагыңар ачса бугу жегиле, балдарым.

– Бугуңду жеп нетели, эне! Көп күйүнө бербе, бизге жыргал доор келди, энеке!

– Жыргал деген сылык сөз, күлкү деген арзан сөз. Күйүттү айтып, ажыдаар башын мага көрсөткүлөчү, балдарым.

Балдары ажыдаардын башын көрсөткөндө, энеси “алп” эттире сугунуп койду.

– Күйүткө баткан башымдын багы бүгүн ачылды. Кырк балам бүгүн тирилгендей болду. Курсагым бүгүн тоюнду, балдарым. Жыргал деген эмне? Эми мага ошону көрсөткүлөчү, – деди Алпкаракуш, болот тумшугун бутакка жанып.

Энеси айтып жаткандан кийин балдары не десин. Канатынын алдына калкалап бекиткен Төштүктү алып чыгышты. Алпкаракуш оозун араандай ачты. Төштүктү “балп” эттире сугунуп, “курк” эттире жутуп койду. Балдары чыркырап ыйлап коё берди.

– Эне болбой жерге кир, сен! Жакшылыкка жамандык кылган неме экенсиң! Төштүктү бизге аман бер! – деп экөө энесине жабышып, жемсөөсүн тытмалап ийишти.

– Оңбогон гана силерди! Мынча шашмасыңар? Төштүктү сууга салса чөкпөгүдөй, кылычтаса өтпөгүдөй кыларда, неге шаштырдыңар? Ата-а, балдар, шаштырдың, мына Төштүк, мына! – деп кусуп жибергенде, Төштүктүн мурдагы келбети дагы чоңойгонсуп, кубаттанып калыптыр. – Өчкөн үмүттү жандырып, өлгөн жанга жан киргиздиң, Төштүк. Балдарымды көркоо ажыдаардан куткарып калдың. Өзүн барса келбес жайга салдың. Жакшылыкка жакшылык, мен сени жер үстүнө алып чыгам. “Адамдын пайдасы көп тиет. Бир күнү чаар тулпардын кырк кулунун издеп келет” деп багып жүргөм. Кечээ аткан жебең кулундун куйругун жулуп, менин жемсөөмү көзөп өттү. Ошондо сенин эрдигиңди билгем. Башыңа мүшкүл иш түшсө, мобу канатты түтөт. Мен дароо жетип келем, – деп канатын жулуп берди.

Ошентип экөө кыяматтык дос болду. Төштүк кырк бир чаар күлүк ат айдап жолго түштү. Көкдөө канга жөнөбөстөн, Канбача менен Бекбача бажаларын издеп тапты.

– Биздин эл караган жүзүбүздү, жер каратпа, Төштүк. Күлүктөрдү бирге айдап баралык. Кантсе да бажа эмеспизби, бизди шерменде кыла көрбө, – деп жалынды экөө.

Не десин, Төштүк бажалардын айтканына көндү. Кырк тулпарды айдатып ийди. Канбача менен Бекбача кан ордого айдап келген кырк күлүккө эл аң-таң калды.

– Капырай, буларды кайдан тапты?

– Жолдуу жигитке даба жок тура! – деп көпчүлүктүн кызыгы артты.

– Кырк тулпарды табуу оңойбу?! Биз да көп азапты көрдүк. Төгөрөктүн төрт бурчун кыдыруу оңойго турган жок. Акыры мээнетибиз кайтты, таап келдик, – дешти алар.

Канбача менен Бекбачанын мурундары дардайып, келбеттери калдайып көп ичинде мантайып турду. Ал аңгыча эл арасына алтын жаак айбалтасын билегине чалган, сыр найзасын колтойто сунуп алган бирөө кирип келди. Кылычын кынсыз байланыптыр, жоо кийимин толук кийиниптир. Жарагы шай баатырды мурда эч ким көрбөптүр. Ошондонбу көк арстандай чамынып кирип келген баатырга элдин көңүлү бурулду. Төштүктүн Төштүк экенин эл ошондо көрдү, ошондо билди. Баатырдын сүрдүү айбатынан корккону андан, качканы мындан көп. Кыскасы Төштүк аларга укмуштай баатыр көрүндү.

08.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.