Жапарали ОСМОНКУЛОВ:
Эр Төштүк
Күлайым келгенде атасы ат бербей кызын азапка сала кыйнады. Ортого чырылдап баягы эле апасы түшүп, төөгө жетпес Жоргобозду шанаңдап минип келди. Төштүккө белгилүү эмеспи, Күлайым минип келген Жоргобозду союп, төрт Маамыттын курсагын кампайтты. Мингич аттын кызматы ушуну менен бүттү.
– Төштүк, Алпкаракуш деген кыраан куш бар. Ал кырк жылдан бери чынар теректин башына уялап жүрөт. Жети күнү жер асты-үстүн кыдырып, чабыттап келчү өнөрү бар. Бирок жылда чыгарган балапандарын, жылда ажыдаар жеп коюп, ичи чыкпай кыйналып жүрөт. Байкуш, ошентип тукумун улай албай азап чеккенин көрүп зээниң кейийт. Быйыл да балдарынан айрылса, чыдай албайт. Боюн аскадан таштап өлөрү бышык. Сенин келериңди билип, жол карап жүргөнү да чын, – деп Көрөгөч Маамыт көргөнүн айтты.
– Акылдуу Алпкаракуш: “Кырк тулпардын артынан бир күнү Төштүк келбей койбойт. Ошондо мага пайдасы зор тийет”, – деп чаар бээ тууган кулунду жылда алып кетип, Эркин жайлоосунун төрүнө багып жүрөт, – деди Жер тыңшаар Маамыт.
Ал аңгыча болгон жок, каяктандыр Куюн Маамыт анталаңдап жетип келип:
– Төштүк, ыя, Төштүк, жакшы кабар. Алпкаракуш бүгүн жер астын чабыттап чыкты. Ал тулпар чаар бээнин тууй турган кулунун дагы илип кетүүгө камданып калыптыр. Сен да бүгүн катуу тур. Балким, чаар бээ тууган кулунду ажыратып каларсың. Ошондуктан жарагың колдо, көзүң тоодо болсун, – деди шашкалактай.
Бул кабарды уккан Төштүк Чалкуйругун ары-бери чапкылады. Бателе карагайлуу беттин жайыгынан чаар бээни тапты. Караса бээ толготуп, туур мезгили жакын калыптыр. Бээни тапканына сүйүнүп, аны кайтарууга алды. Жанбаштап тынч жатпады. Түнү бою кирпик какпай кайтарып чыкты. Кудай берип, таң сөгүлүп атканда чаар бээ кулундады. Кудай бетин көрсөтпө, ушуну эле күтүп жаткандай, ал аңгыча асмандан чоңдугу тоонун теңиндей болгон Алпкаракушту көрдү. Каккылаган канатынын күүсүнөн учуп кете жаздады. Коркконунан алактап калды. Эси кетти. Карай салса Алпкаракуш сол бутуна кырк бугу, оң бутуна кырк бугу мыкчып алыптыр. Айта-бута дегиче, көздү ачып жумганча, ал чаар бээнин кулунун илип кетти. Көтөрүлө берерде, ажалдан коркуп качпаган Элемандын сырттаны жаасын кере тартты. Бир көзүн ачып, бир көзүн жуумп астейдил мээледи. Ошондон кийин тээгин коё берди. Желден мурун учкан жаа жебеси кулундун куйругун үзүп кетти. “Дагы кандай балакет басты?” – деп коркуп кеткен Алпкаракуш артын карабай көздөн кайым жоголду.
“Бу куштун сары изине түшпөсөм болбойт. Артынан калбай жүрөйүн”, – деп, күндөп-түндөп артынан калбай ээрчиди, Элемандын сырттаны. Көк жашыл адырлуу, миң булактуу, аркар-кулжасы, бугу-маралы көп жер соорусун басты. Чырпыгы чынардай, чымчыгы улардай, алмасы чирип көң болгон, жаңгагы кулап сай болгон керемет жерлерди көрдү. Ошентип табияттын сонун жерлерине суктанып жүрүп олтурду. Ал аңгыча бет алдынан асманга түркүк кылып жөлөп койгондой чоң чынар теректи көрдү. Төштүк Төштүк болгону мындай чынарды көрбөптүр. Таң калгандан эси эндиреп калды. Анын ар бир бутак-шагына дүйнөнүн түрлүү канаттуу куштары өз-өзүнчө уялашканы андан бешбетер кызыктай туюлду. Алпкаракуштун уясы да как ушул жерде экенин билди. Куштун келер жерин тапкандан кийин жаны жай ала түштү. Атынын тизгинин тартты. Бейиштин төрүндөй болгон жерге эс алганы токтоду. Чарчап-чаалыкканын эми гана сезгендей. Чалкуйруктун ээрин алып жайдактап, бутун тушап отко койду. Өзү ачкан курсагын чың тойгузду. Анан эр-токумун жазданып, уктап кетти.
Эртеси ойгонгондо жерге жарык түшүп калыптыр. Ал аңгыча чынардын бутагы ары-бери чайпалгандай шуудурай түштү. Куйругу чынардын башында, соймоңдогон ача тили аягында жүргөн, маңдайында мүйүзү бар, узуну токсон кулач келген өңү чаар ажыдаарды көрдү. Төштүк Алпкаракуштун эки баласы турган бутакты көздөй келатканын айттырбай билди. Ажыдаарды көргөндө дене бою дикилдеди, бирок өлөт экем дебеди. Ажалдан коркподу. Кайра ачуусу катуу келген Элемандын сырттаны болот кылычын кындан сууруп чыкты. Андай-мындай дегиче кылыч кыя шилтенди. Ажыдаардын башы топ эте жерге кулады. Токсон кулач денесин кылычы менен кескилеп, адамча сүйлөгөн Алпкаракуштун балапандарына бөлүп берди.