Азаттык

"Сөз кудуретин тааныдык". Адабий курстун алгачкы карлыгачтары уядан учту

Азаттык

Бишкекте Жогорку адабий курстун алгачкы бүтүрүүчүлөрү 3-4-июнда дипломдук иши катары жазган чыгармаларын жакташты. Алар курста эки жылдай окуп, бул аралыкта адабият тууралуу кенен түшүнүк алып, чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүшкөн.

 

Курс эки жыл мурда поэзия жана прозага шыктуу калемгерлерге адабият жаатында билим берүү, чыгармачылык жөндөмүн жогорулатуу максатында ачылган.

... Жалгыз көчмөн сансыз жолдон тайманбайт,

Коркот алар ата салттан, уяттан,

Көчмөндөрдүн салт-санаасы, жашоосу,

Жер энени сактап калат ураштан.

Ал көчмөндөр, көчмөндөр,

Мезгилди кууп көчкөндөр,

Арыстандан айбаттуу, ажыдаардан өктөмдөр,

Ашуусу муз Балкандан, ат ойнотуп өткөндөр,

Ал көчмөндөр, көчмөндөр...

 

Бул төкмө акын Акматбек Султандын дипломдук ишине кирген “Көчмөндөр” ыры.

 

Дипломдук ишти кабыл алган комиссиянын мүчөсү, этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов ага төкмөлүк менен жазма адабиятты бирге алып кетүүнү сунуштап, акындын чыгармачылыгына мындай баа берди.

 

“Жазманын иши башка, ал эми төкмө акындык такыр башка. “Көчмөндөр” Акматбектин чыныгы жүзүн, азыркы абалын көрсөткөн ыр экен деп ойлоп калдым. Мында төкмөчүлүктүн шыгы да көрүнүп турат. Муну ырдасын деп чыгарган көрүнөт. Бир жагынан обондуу ыр, экинчи жагынан кадимки адабий чыгарма катары окуй турган ыр. Бул экөө эки башка. Мындай окусаң Рамис Рыскуловдун ырын уккандай болосуң. Аны ырга салса болот. Акматбектин ырынан төкмөлүк менен поэзиянын жалгашкан жери байкалууда. Экөөнүн эки башка оокат экени башымдан өткөн. Филфакка төкмө болом деп келгем, ырдачумун. Жарым жылдан кийин “кой, болбойт экен” деп калдым. Анан жаза баштадым. Акбар Рыскуловдой жаза алган жокмун. Ал акын экен, мен башка экем. Анан кара сөзгө өттүм. Ал дагы меники эмес экен. Ушундай экен. Жүрүп отуруп өзүмдү башка жактан таптым. Мурда төгүп жүрсөм, кийин кекечтенип калдым. Жазма чыгарма жазуунун техникасы төкмөчүлүк өнөрдү мокотуп, аксатат. Акыры жүрүп төгө албай каласың. Ошон үчүн экөөнү тең алып кетсең кандай сонун болмок. Бирок сен нукура төкмөсүң”.

Акматбек Султан эки жыл мурда адабий курска билимин тереңдетүү үчүн тапшырган экен.

“Мен буга чейин Улуттук консерваториянын Элдик ырдоо бөлүмүн бүткөм. Жогорку адабий курска сөз зергери болоюн, улуу даанышмандардын мурастарын түшүнөйүн деп тапшыргам. Издегенимдин баарын таптым деп айта албайм, бирок издегениме алып барчу улуу жолду таптым десем болот. "Ааламдын башаты - сөз" дейт эмеспи. Мен сүйлөгөн сөздү миңдеген жыл мурда кыргыздар сүйлөгөн. Бул сөздөр доорлорду карыткан, атаны балага жалгап, адамды адам кылган касиет да. Бул жерден китеп окуганды үйрөндүм. Чыгыш жана Батыш адабияттарын окудум. Айтматовдун чыгармаларына көбүрөөк токтолдук. Төкмө акын болгондон кийин көркөм сөздү көп колдонбойбуз да. Мен болсо сөздүн күчү, даанышман ойлор менен таанышкым келген. Үйрөнгөнүмдү айтыш аркылуу элге жеткирейин дегем. Ошол максатка жол таптым. Буюрса дагы окуйм. Эки жыл мага аздык кылды".

 

«Адабият мени депрессиядан куткарды»

 

Адабий курстун алгачкы он төрт бүтүрүүчүсү эки жыл ичинде ар кандай жанрдагы чыгармаларды да жазышкан. Мисалы, 3-июнда акын Алтынай Ормотоева дипломдук иши катары тарыхый маалыматтарды иликтеп, “Саадаксыз жебе” аттуу тарыхый-даректүү повестин, Ырысбүбү Сагынбаева мистика-криминалдык жанрдагы “Билерик” повестин, Жанаргүл Жолдошева “Ак-Буурага аккан гүл” повестин жазган.

Замира Кашкариева: Москвада он жылдай жүргөн. Адабий курста окугандан кийин ошол миграциядагы жашоосу, алган таасирлери, көрүп-билген адамдардын элестери "Муздак шаар" деген повестке айланган.

“Москвада он жыл дарыканада иштедим. Ошол кезде ыр жазып жүрчү элем. Кийин бул жакка келдик. Адабий курска поэзияны, ыр жазуу чеберчилигин үйрөнүү үчүн келгем. Окуунун шарапаты менен кара сөздү жазып калдым. Дипломдук иш катары миграцияда жүрүп көргөн окуяларды чыгармага айландырдым”, - дейт Замира Кашкариева.

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.