Азаттык

"Сөз кудуретин тааныдык". Адабий курстун алгачкы карлыгачтары уядан учту

Азаттык

 

"Уланга"

Кыргыз үчүн жалындап күйүп турдуң,

Жарык чачып Күн болуп тийип турдуң.

Чындык үчүн чыркырап жалгыз өзүң,

Парламенттен, соттордон бийик турдуң!

Чындык үчүн күрөштү баштап кеттиң,

Чымын жаның чыркырап какшап кеттиң.

Чындык жанып от болуп тутансын деп,

Дүрт эттирчү учкунду таштап кеттиң.

Акыйкатсыз жашоого көнгөн жоксуң,

Чындыгы жок келечек көргөн жоксуң.

Акыйкаттын символу болуп калдың,

Сен өлбөдүң..,Уланбек...өлгөн жоксуң.

 

“Азаттыктын” кабарчысы, маркум Уланбек Эгизбаевге ушул ырын арнаган Маматкадыр Тиллебаев Адабий курска бизнестен келиптир.

 

“Биринчи авиациялык окуу жайды бүткөм, анан ошол тармакта иштегем. Кийин Кыргыз улуттук университетинин тарых, юридика факультеттеринде окудум. Бул жакка келгенге чейин ыр жазып жүрчүмүн. Ырларыма обон жарала баштаганда теориялык билим керектигин билдим. Бир жолу “Азаттыкка” Шайлообек Дүйшеевге баргам. Ал киши жазган ырларымды окуп көрүп, “Жакшы экен, бирок акын болом десең, баарын жыйыштырып ырдын артынан түш” деп кеңеш берди эле. Москвадагы Горький атындагы адабият институтуна окууга барсамбы деп жүргөндө ушул Жогорку адабий курс ачылып калды”.

 

Алты баланын энеси Жанаргүл Жолдошеваны Адабий курстан окууга депрессия түрткөн экен.

“Жан дүйнөмдө болуп жаткан уйгу-туйгуну тынчтандыруу, ойлорду ишке ашыруу үчүн келгем. Жолдошум каза болуп, чөгүп кеткен элем. Эки жылда жан дүйнөмдү дарылай алдым десем болот. Тирүү кишинин оокаты өтө берет тура, балдарымдын асты студент болуп калды. Алар менен жарышып мен окуп жатам. Бул жерден психологиялык, философиялык чыгармаларды окудук. Окуп эле тим болбой ошондой чыгармаларды жазууга шыктанып да калдым. Мурда адамдын сырткы түспөлүн эле жазсам, эми алардын ички дүйнөсү кызыктыра баштады. Эки жылда ондон ашык аңгеме жаздым. Мен өзүм Ошто, Кыргыз-Өзбек университетинде окугам. Ошонун жемишин азыр таттым десем болот. Азыр өзбек жазуучуларынын чыгармаларын дагы которуп жатам. Өзүм Кубатбек Жусубалиевдин чыгармачылыгына шыктанам. Ал киши Алайдан болсо, мен Алайкууданмын. Курсташым Акматбек Султан “Жусубалиев Алай лама болсо, сиз Аял ламасыз” деп тамашалап калат. Сулайман агай дагы “Жусубалиевдей жазасың” деп “Куке” деп чакырат”.

 

Айтматовдун мекениндеги адабият

Жогорку адабий курс мындан эки жыл мурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинин базасында акын, жазуучу, адабий сынчы жана котормочуларды даярдоо үчүн ачылган.

Аны ачуу демилгеси филология илимдеринин доктору, профессор, адабиятчы-сынчы Үмүт Култаевага таандык. Анын президентке жазган катынан кийин ошол кездеги Билим берүү жана илим министрлигине, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине курсту ачуу боюнча тапшырма берилген.

 

"Курстун алгачкы бүтүрүүчүлөрү биринчи жолу диплом алышты. Быйыл үчүнчү группаны кабыл алабыз. Курсту экиге бөлгөнбүз. Прозаны мен жетектесем, поэзияны Кожогелди Култегин жетектейт. Ал киши Горькийден бүткөн да. Курска келгендер эми токтолуп калган, билимин жогорулаткысы келген адамдар. Айрымдары башка кесиптин ээлери. Мисалы, Дүйшөмамбет Оразалиев жаңы келгенде эле: "Эже, мен Айыл чарба университетин бүткөм, жазып жүрөм, бирок туурабы же туура эмеспи билбейм" деген. Эки жыл ичинде мыкты прозаик болуп чыкты. Бир аңгемеси жакында жаңы чыккан "Ала Тоо" журналына да кирди. Эки жылда өз командабызды топтой алдык. Бизде илимдин сегиз доктору бар. Фольклор таануучу Сулайман Кайыпов эл аралык деңгээлдеги лектор, Сократ сыйлыгынын лауреаты. Аспирантураны Москвадан бүтүргөн, Түркияда, Кытайда иштеп келген. Гүлжигит Сооронкулов Пушкин таануучу. Ал киши антикалык, орус, чет элдик адабияттан берет. Илимдин кандидаты Рахат Таштемирова тилден берет. Мен өзүм Чыгыш адабиятынан сабак бердим. Бул эми мухит да. Рудакиден баштап Назым Хикметке чейин эки жыл окушту. Хафиздин чыгармалары менен таанышты. Философиядан Алтынбек Бабашев берди. Рысбек Эшматовду балдар көтөрүп келгенге даяр. Мен кечээ Чыңгыз Айтматовду окусам, "Мифология - чыгарманын пайдубалы" дептир. Мына ошол мифологияны курстагылар ушул кишиден үйрөнүштү".

05.06.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.