Азаттык
"Сөз кудуретин тааныдык". Адабий курстун алгачкы карлыгачтары уядан учту
Фольклор таануучу, этнограф, тарых илимдеринин доктору, профессор Сулайман Кайыпов бүтүрүүчүлөргө ак жол каалап жатып, курстун астында адабий журнал ачууну сунуштады.
“Айматовдун өлкөсүндө адабий курстун жоктугу бул акмакчылык. Айтматовдун өлкөсүндө бир адабий журналдын жоктугу андан өткөн акмакчылык. Бул жакында эле жоюлуп, “Ала Тоо” журналы кайрадан чыга баштады. Айтматов, “Манас” бар өлкөдө адабий журналдар көп болушу керек эле. Ыкшоолугубуздан, өзүбүздүн ким экендигибизди билбегендигибизден тамтаңдап, адабияты жок, тарыхы жок кишилердей басып жүрдүк. Адабият өзү арабдын сөзү. Аны алмаштыра турган кыргызча сөз жок болуп жатат да. Мейли эми көнүп калдык. Азыр “Адабият деген жаман сөз” дей турган болсок, мени жети миллион кыргыз сөгүшү мүмкүн. Ошон үчүн “Адабият” деген журнал ачсаңар, ушул курста окугандардын, иштегендердин, конок болуп келгендердин чыгармалары жарыяланып турса, чындап журнал болмок. Биринчи номерин өз акчама чыгарып берейин. Бүгүнтөн баштап ушуну ойлоно бергиле”.
Филология илиминин доктору, профессор Гүлжигит Сооронкулов кыргыздын табияты көркөм сөзгө, адабиятка жакын экенин белгилеп, бирок соңку кезде ага жасалган мамилеге нааразы болду.
“Силер менен иштешип, даярдана баштаганда антикалык адабиятты кайрадан окуп чыгып, рахаттандым. Кыргыз эли өзү адабиятка жүрөгү менен жакын эл. Министрликти сындагандай угулушу мүмкүн. Бирок мектептеги адабият сабактарын кыскартып отурушуп жумасына бир гана жолу окутулуп калды. Аны кыскартып эле тим болбой, мазмуну дагы өзгөрүп, “Кыргыз жана дүйнөлүк адабият” болуп калды. Ушул жагы түшүнүксүз, логикага сыйбаган иш болуп жатат. Грузин мектептеринде 1-класстан 5-класска чейин бийге үйрөтөт экен. Кыргыз ырга жакын болгондон кийин 1-класстан 12-класска чейин ырдоо сабагын сактап, үйрөтүш керек. Адабият журналын ачуу чынында жакшы сунуш”.
Филолог, драматург Рахат Таштемирова курста окугандарга сөз менен иштөөнү, сүйлөмдү туура түзүүнү үйрөткөн. Ал адабиятта сын жанры өнүксө деген тилегин билдирди.
"Адабиятты иргеп турган сын болсо. Сын жоктугунан айрым чыгармалар жакшы болбой жатат. Адабий сынчы болуу оңой эмес. Салижан Жигитов кайсы бир телеберүүдө "Нагыз жаза турган доор ушул" деп айтты эле. Жазылбай, казылбай жаткан тема көп. Бүгүнкү күндө китеп окуу маданияты да жоголуп баратат. Окурмандарды дагы тарбиялаш керек. Коом дагы ар түрдүү, көз карашы келишпеген адамдар көп. Мындай учурда коомду толеранттуулукка тарбиялоо милдети турат".
Адабий курстун алгачкы сабагы 2024-жылы октябрь айында Касымалы Баялинов атындагы китепканада башталган. Курстун катышуучулары жумасына беш күн бою саат түшкү үчтөн кечки сегизге чейин билим алышкан. Аларга бул убакыт ичинде аталган сабактардан лекция өтүлгөн. Бир күн чыгармачылыкка арналган. Курска сабак берген окутуучулар бир айга 2 миң сомдон маяна алышат.
Булак: Азаттык
Автор: Санжи Туйтунова
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.