Жек Лондон
Ак Азуу
Бирок бул көпкө созулмак эмес. Генринин бети-башы ыйлаактап, каш-кирпиги күйүп, аяктары отко чыдабай баратты. Эки колуна эки чычаланы кармап, оттун четине чыга берди. Карышкырлар чегиништи. Ар тарапка чачылган чоктор карда ышылдап жатты; жан талаша секирип, кыңшылап, ыркырап ийип жатканына караганда карышкырлар да өчө элек чокторду басып алып жатышты.
Генри чычалаларды ыргытып жиберип, күйүп бараткан мээлейин чечти да, ысыган аяктарын муздатыш үчүн кар тебелей баштады. Эки ит тең жок эле, алар Фэттиден башталган узак тойдун кезектеги тамагы болгону ачык болчу, бул иш эми өзү менен аякташы да мүмкүн.
– Баары бир мага алыңар жеткен жок!– деп айкырды ал ачка жырткычтарга муштумун кезеп. Муну уккан үйүр удургуй түшүп, баары бирдей ыркырашты, ал эми канчык карышкыр өңүп келип, тамак эңсеген көздөрү менен тигиле карап калды.
Генри эми коргонуунун жаңы планын ойлонуштура баштады. Отту тегерете жагып, эрий баштаган кар үстүнө төшөгүн салды да, отуруп алды. Ошентип, от дубалдын ары жагына өтөрү менен карышкырлар отту курчап, анын кайда жоголуп кеткенине кызыга башташты. Буга чейин алар отко жакындай албай жүрүшкөн, эми болсо тегеректей отурушуп, кадимки эле иттердей үргүлөп, эстеп, чочуркашса да от боюна талыкшып жата кетишти. Анан канчык карышкыр чочоюп отура калып, асманды карап улуп жиберди. Анын артынан карышкырлар биринен сала бири улуп, акырында бүтүн үйүр жылдыздуу асманды карап ачкалыктын муңдуу обонун созду.
Таң атты. От болсо өчүп баратты. Отун да түгөнө баштады, эми отун жыйнаш керек эле. Киши от курчоодон чыгайын деди эле, карышкырлар дароо алдын торошту. Күйгөн чычалалардан улам алар эки жакка ойт беришти, бирок артка чегинишкен жок. Тигинин аларды кубалайын деген аракетинен эч майнап чыккан жок. Ал акыры айласы кетип от курчоонун ичине кайра кирди, ушул маалда карышкырлардын бири ага секирди, бирок жаза тайып төрт аягы менен отко түшүп калды. Айбан коркконунан улуп ийип, каңшылап оттон чыгып, күйгөн аяктары менен карды тытып ийди.
Киши төшөгүндө бүкүрөйүп отурду. Ийиндери шалдайып, башы тизесине тийип салаңдап отурганына караганда таптакыр алы куруп, күрөшө албай калгандай. Кээде гана башын көтөрүп, өчүп бараткан отту карап коюп жатты. От курчоонун айрым жерлери өчүп, өзүнчө күйгөн отторго айлана баштады. Өтө турган жерлер кеңейип, оттор уламдан улам үлүңдөп өчүп баратты.
– Мына, эми менин да түбүмө жете турган болдуңар, – деп күбүрөдү ал. – Бирок мага эми баары бир, уктайм.
Ойгонуп кетип, эки оттун ортосунда көзүн албай тиктеп турган канчык карышкырды көрдү.
Сааттардай узакка созулгансыган бир нече мүнөттөн кийин ал кайрадан башын көтөрдү. Бир нерсе болгон экен. Адегенде ал эч нерсени түшүнө алган жок. Анан дароо аңдады: карышкырлар кетип калышыптыр. Тебеленди болуп калган кар гана алардын канчалык жакын келгенин айтып турду. Генри кайрадан үргүлөп, башы кайра тизесине тийип калды, бирок бир маалда кайра селт этип ойгонду.
Кайдандыр кишилердин үндөрү, чаналардын кыйчылдаганы, иттердин кыңшылаган үндөрү келип жатты. Дарыя жактан ал отурган карагайлуу жерге төрт чана келди. Бир топ киши келип, өчүп бараткан оттордун курчоосунда бүрүшүп жаткан Генрини тегеректеп турушту. Алар тигини эсине келтирели деп, тарткылап-түрткүлөп, силкилдетип жатышты. Ал болсо мас болгон адамдай уйкулуу көзү менен аларды карап кобураган болду:
– Кызыл канчык карышкыр... Иттер менен тамак берер маалда келди... Адегенде иттин тамагын жеди... Анан иттерди жеди... Андан кийин Биллди жеди...
– Лорд Альфред кайда? – деп кыйкырды келгендердин бирөө аны жулкулдатып.
Ал акырын башын чайкады.
– Ага тийген жок... Ал тиякта, карагайларда... акыркы түнөгөн жерде.
– Өлдүбү? – деп кыйкырды тиги.
– Ооба, табытта, – деди Генри.
Ал тигинден бошонуш үчүн жини келип булкунду.
– Мени жайыма койгулачы... Мен болбой турам... Жакшы жаткыла...