Жек Лондон
Ак Азуу
Ушинтип уйку-соонун арасында кыйналып отуруп көзүн ача койсо, маңдайында кызыл канчык туруптур. Ал оттон алты футча жерде сугун артып карап турган экен. Жаны чыгып үрүп, ыркырап турган эки итти этибарга да албайт. Ал адамды тик карап, экөө бир нече мүнөт тиктешип турушту. Канчыктын түрү коркунучтуу эмес эле. Анын көздөрүндө ушунчалык катуу эңсөө турду, бирок Генри анын ошондой катуу ачкалыктан пайда болгонун билди. Ал өзү тамак эле, ал эми тамак болсо карышкырдын табитин кытыгылады. Жаагы ачылып, шилекейи улам карга таамп, тамакты күтүп жаланып турду.
Генри коркконунан титиреп кетти. Чычаланы алайын деп кол сунганда эле канчык ары көздөй ойт берди, сыягы, колго тийген нерсе менен урганга көнгөн болсо керек. Ал ак азууларын көрсөтө аркырады эле, анын көзүндөгү баягы эңсөөнүн ордуна пайда боло калган жаалдануу Генрини селт эттирди. Ал колун карап, манжалары чычаланы кармап, анын одур-бодуруна кантип эп келише калганын, отко жакын калган манжасы өзүнөн өзү артка жылганын байкады да, анан капыстан эле ушул ичке, назик манжаларды тигинин ак азуулары качырата чайнап жатканы элестеп кетти. Ал өз денесин өмүрү кыл учунда турган азыркы учурдагыдай ичи элжиреп сүйбөсө керек.
Таң атканча ачка үйүрдү чычала менен койгулап согушуп чыкты. Көзү илине түшкөндө жанындагы иттердин кыңшылаганы менен ыркыраганынан ойгонуп кетип жатты. Акыры таң атты, бирок бул жолу ал да карышкырларды качыра алган жок. Тарап кетишер деп бекер эле күтүптүр. Алардын мурункудай эле отту курчап, коркпой отурушканын көргөн Генри таң аткандагы кайратынан кайра ажырады.
Генри жолго чыкмак болду, бирок оттон мындай болору менен эле үйүрдүн эң жан кечтиси ага секирди. Ал артка ойт берип аман калды, карышкырдын тиши санына бир аз гана жетпей калды. Үйүр качырып сала берди да, будуң-чаң түшүп калды, күйгөн чычалалар гана аларды чегинүүгө аргасыз кылды.
Эми Генри күндүз да оттон алыстап, отун кыя албай турган болуп калды. Чанадан жыйырма кадамдай жерде куурап калган чоң карагай бар экен. Ал жарым күн илешип, ошого чейин от жагып барды, колунан күйгөн чычаланы түшүргөн жок. Карагайга жеткен соң аны отуну көбүрөөк жакты көздөй жыкмак болду.
Бул түн да өткөн түндөй болду, эми ал уйкуга көп туруштук бере албай калды. Иттердин ажылдап үрүп ырылдаганы да таасир бербей калды. Анын үстүнө алар тынымсыз ыркырай бергендиктен, анын үргүлөгөн эс-акылы алардын үнүндөгү айырмачылыктарды ажырата албай жатты. Бир маалда ал бирөө түрткөндөй ойгонуп кетти. Канчык карышкыр дал жанында туруптур. Чычала өзүнөн өзү анын ачылган оозуна кире түштү. Ал артка жалт берип, жаны ооруганына чыдабай улуп-уңшуп жиберди, ал эми Генри күйгөн теринин куйкум жытын ыракаттана жыттап, бир нече кадам ары жакта башын чулгуп, жаалдана аркырап жаткан жырткычты карап турду.
Бул жолу чычаланы оң колуна байлап койду. Үргүлөп кетери менен колу күйүп, көзү чайыттай ачылып кетип жатты. Ошентип, бул бир нече саатка созулду. Ойгонор замат карышкырларды чычала менен кууп, отко отундан салып, чычаланы колуна байлап коюп жатты. Баары жакшы болуп жатты, бирок бир ойгонгондо кайышты бош байлап коюп, көзү жумулары менен чычала колунан түшүп калды.
Түш көрдү. Мак-Гэрри фортунда экен. Жылуу, жайлуу жерде факториянын чоңу менен криббеж ойноп отуруптур. Анан эле фортту карышкырлар курчап калат. Алар дал эле дарбазанын алдына келип улуп жатышат, экөө болсо кээде оюнун токтото коюп тыңдашат да, тигилердин бошко кетип жаткан аракетине күлүшөт. Түшүң кургур, анан эле карс эткен үн чыгат да, эшик ачылып кетет. Бөлмөгө карышкырлар кирип келип, экөөнө кол салат. Улуп-уңшуган үндөр кулак тундурат. Анан эле түшүнө башка нерселер аралашып кетет, бирок анын эмне экенин жанагы кулак тундурган үндөрдөн улам түшүнө албай жатат.
Ойгонуп кетип, жанагы аркыраган үндөрдү өңүндө укту. Ырылдаган, каңшылаган эле үндөр. Карышкырлар үйүрү менен жабылган экен. Туш-тарабында карышкыр, үстүндө карышкыр. Бирөөнүн тиши колуна матырылды. Ал отко секирип, бирөөнүн курч тиши бутун тилип өткөнүн сезди. Калың мээлейден колу отту сезбей, кыпкызыл чокту туш-тарапка чачып жатты, аягында от жанар тоого окшой түштү.