Жек Лондон

Ак Азуу

Жек Лондон

 

Бирок жарытып уктай алган жок. Көзү илинип илине электе эле карышкырлар отко жакын кирип келишти. Алардын карааны даана көрүнүп турду. Отту тыгыз курчап, кээ бири жатып алганын, кээ бири отурганын, башкалары болсо отко жакын сойлоп келип же отту айланып ары-бери басып жүргөнүн Генри көрүп турду. Ал турсун кээ бирлери уктап калды. Кар үстүндө итчесинен тумшугун куйругуна катып катуу уктап жатышты, ал эми Генриде болсо уйку жок эле.

 

Ал отту улуу жакты, анткени денесин ачка карышкырлардын азуусунан ушул от гана коргой аларын билчү. Эки ити болсо эки жагында ээбиз коргойт деп үмүт кылып жатышты. Карышкырлардын бири өтө жакындап кирип келгенде жан талаша үрүп, улуп, кыңшылап ийип жатышты. Мындайда иттердин үргөнүнөн ойгонгон карышкырлардын курчоосуна жан кирип, ордунан тура калган карышкырлар чыдабай жулунуп, ырылдап, улуп-уңшуп, анан кайра жатып, биринин артынан бири уйкуга кетип жатышты.

 

Бирок алар улам кысып кирип келип жатышты. Кээде тигиниси, кээде мунусу акырын-акырын жылып отуруп акырында бир секирим калат. Мындайда ал оттон чычаланы ала коюп, үйүрдү көздөй берип калат. Карышкырлар артка жалт берип, жаалданып улуп, чычала тийгени коркконунан кыңшылап жиберип жатты.

 

Эртең менен уйкудан калган Генринин көзү киртейип, кыйналып турду. Караңгыда өзүнө тамак даярдап, саат тогуз болуп, таң жарыгынан улам карышкырлар тайсалдап тарап кеткенде, түнү менен ойлонуп чыккан оюн ишке ашырмак болду. Бир нече жаш карагайды кыйып туруп, бийик кылып эки дарактын ортосуна байлады. Анан жан кайышты арта салып, иттердин жардамы менен табытты тигинин үстүнө тартып чыгарды.

 

– Биллдин түбүнө жетишти, балким, менин да түбүмө жетишет, бирок, мырза, алар сага жете алышпайт, – деди ал даракка коюлган өлүккө.

 

Анан жолго түштү, бош чана иттердин артынан улам секирип коюп баратты. Алар да ээси сыяктуу эле Мак-Герри фортуна жетишсе гана арттагы жалаңкычтардан аман кала турганын билип баратышты. Эми карышкырлар такыр эле коркпой калышты: чананын артынан же катарлаш желип, тилдерин салаңдатып, желген сайын кабыргалары чыгып кетчүдөй болуп келатышты. Алар ушунчалык арык болгондуктан, териси менен эле сөөктөрү калып, булчуңдары гана аларды жип сыяктуу кармап тургандай. Муну көргөн Генри алардын карга кулап калбай желип келатканына айран калды.

 

Ал иңир киргенче жол жүргөндөн коркуп баратты. Түш ченде күн асмандын түштүк жагын эле жылытпастан, горизонттон бери да бир аз башбагып, кубарган алсыз нурун чачты. Генри муну жакшы жышаан катары көрдү. Күн узарып, бул аймакка күн кайра келейин деп калган экен. Бирок жылуу нур өчөрү менен өргүүгө токтоду. Караңгы киргенче бозомук күн менен күүгүмдүн дагы бир нече сааты бар эле, ал ушундан пайдаланып отундан мүмкүн болушунча көбүрөөк жыйнап алды.

 

Караңгы менен кошо үрөй учурган коркунуч да келди. Карышкырлар такыр ээ бербей, анын үстүнө мурунку түнү уйкудан калган Генрини улам уйку басып кетип жатты. Ал одеялга оронуп, балтаны аягына коюп, уйкуга эс-мас болуп, оттун жанында отурду. Эки ит жабышып эки жагында. Түн ортосунда ойгонуп кетсе, өзүнөн он эки футтай жерде килейген боз карышкыр туруптур, бул үйүрдөгү эң чоң карышкырлардын бири эле. Ал эриккен ит сыяктуу керилип, чоюлуп, оозун чоң ачып эстеп, Генрини өзүнүн менчиги, эртедир-кечтир колго түшө турган олжосу сыяктуу тике карап турду.

 

Мындай ишенимдүүлүк бүтүн үйүрдөн көрүнүп турду. Генри өзүн ач көзү менен карап же кар үстүндө бейкам уктап жаткан жыйырма чакты карышкырды санады. Алар тамак-аш коюлган үстөл боюнда кыркалекей отуруп, таттуу тамакка киришүү үчүн уруксатты гана күтүп турган балдар сыяктуу эле. Ал эми ошол таттуу тамак болсо өзү эле! «Булардын тою качан башталар экен» деген ой кетти.

 

Генри отундан отко салып жатып эми өз денесин таптакыр башкача карай баштаганын сезди. Ал өз булчуңдарынын кантип иштеп жатканына көз салып, өз манжаларынын татаал кыймылын кызыгып карады. Оттун жарыгына салып бир нече жолу бир-бирден, анан баарын кыймылдатып, ачып-жуумп көрдү. Тырмактарын карап, манжаларынын учун бирде жумшак, бирде катуу чымчып, нервдеринин сезимталдыгын сынап көрдү. Мунун баары Генрини суктандырды, капыстан эле ушинтип лепилдеп, так, сонун кыймылдап жаткан өз денесине ичи элжиреп кетти. Анан отту курчап, улам кысып келаткан карышкырларды коркуп карап, өзүм ачыкканда жеп, курсагымды тойгузган багыш менен коён сыяктуу эле ушул сонун дене да эт да, мына бул шилекейи агып турган немелер ушул денемди тыткылап, үзүп-жулкуп жейт да деген ой эсин эңгирете койду.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.