Жек Лондон
Ак Азуу
Лондондун өлүмүнүн себеби бир топ талаштарды туудуруп келет. Көптөгөн эски булактарда анын өзүн өзү өлтүргөнү баяндалат жана бул азыркы учурда да улантылууда. Бирок бул анын каттарына негиз-делген ушак болуп эсептелет. Ал уремиядан улам 1916-жылы 22-ноябрда өз ранчосунда каза болгон. Лондон ооруну басуу үчүн морфий ичкени белгилүү, сыягы, ал морфийди атайын же кокусунан көбүрөөк ичкендиктен каза болсо керек.
Окурманга сунушталган бул китепте Жек Лондон жаныбарлар боюнча чоң адис катары көрүнөт. Ал жаныбарлардын кыялы менен жүрүм-турумун ар түрдүү жашоо жагдайларында чеберчилик менен сүрөттөгөн. Анын жаныбарлар жөнүндөгү көптөгөн чыгармаларында терең социалдык маани жатат. Мында коомдук катаал мамилелер жаныбарлар дүйнөсүнүн зоологиялык катаалдыгы менен салыштырылган учурлар аз эмес.
«Ак Азуу» чыгармасында адам мамилелери «кызыл кекиртек кумары» өкүм сүргөн жапайы Түндүк кейпинде, дүйнө болсо кара курсактын камы үчүн бири-биринин артынан сая түшүп кууп, бири-бирин жеген майдан кейпинде берилет.
I БӨЛҮМ
I бап. Куугун
Муз тоңгон дайранын өйүз-бүйүзүндөгү карагай токой түнөргөндөн түнөрөт. Өткөндөгү шамал дарактардын кийген кыроосун сыйырып кетип, эми алар күүгүмдө капкара болуп, ызырынгансып, бири-бирине сүйөнгөнсүп турат. Айланада тунжураган жымжырттык. Жашоо дегенди, кыбыр эткен кыймыл дегенди билбеген бул аймак ушунчалык ээн, ушунчалык какшаган суук болгондуктан, бул жердин өкүм сүрүп турган маанайын көңүл чөктүрөт деп айтууга да ооз барбас эле. Бул күлкү, бирок кайгыдан да жаман күлкү эле, сфинкстин жылмаюусундай мисирейген, шаңгыраган аяздай ичти калтыраткан күлкү болчу. Алмустактан бери келаткан бул акыйкат жашоонун, жашоо үчүн күрөштүн пайдасыз экенин карап, каткырып күлүп турчу. Бул чөл, каны-жанына чейин тоңуп калган Түндүктүн улуу чөлү болчу.
Бирок ага моюн бербей кыбыраган бир нерсе бар эле. Тоңуп калган суунун үстү менен чанага чегилген иттер келаткан. Үрпөйгөн жүндөрү кыроолонуп, ооздорунан чыккан булоо дароо түгүнө жабышып, жылт-жулт эткен кристаллга айланып калып жатты. Иттер кайыш тасмалар менен чананы сүйрөп келатышты. Таманы жок, кайыңдын калың кабыгынан эле жасай койгон чана карга батып калган. Алдыда толкун сыяктуу болуп жаткан карды сүзүп калбасын деп алды бир аз жогору карай ийилген. Чананын үстүндө бекем байланган узун кууш сандык. Анда башка буюмдар да бар эле: кийим-кечек, балта, кофе кайнаткан идиш, таба, бирок чананын бир топ жерин ээлеп жаткан ушул кууш, узун сандык баарынан мурун көзгө урунат.
Иттердин алдында жапкакчан бир киши араңдан келатат. Чананын артында экинчи киши илбийт. Чанадагы сандыкта көрөр азап-тозогун көрүп бүткөн үчүнчү киши жатат, анткени Түндүктүн улуу чөлү аны кайрып сындырып, кыймылдагыс, күрөшө алгыс кылып салган. Ал кыбыраган кыймылды сүйбөйт. Ал жашоого каршы, анткени жашоо дегениңдин өзү кыймыл, ошондуктан ал кыбыраган нерсенин баарын токтотконго умтулат. Деңизге карай шашкан сууну тоңдуруп токтотот; дарактардын ширесин соруп алып, өзөгүнө чейин тоңдурат; бирок ал адамдын өжөрлүгүнө өтө өчөгүшүп айыгышат, анткени киши –дүйнөдөгү эң тынчы жок жандык, дайыма өжөрлөнүп, ар кандай кыймыл акырында токтойт деген улуу чөлдүн эркине каршы турганы турган.
Бирок чананын алды-артында эр жүрөк, муңбаган, али тирүү эки киши келатты. Алардын кийими жумшак ийленген териден тигилген эле. Чыгарган булоо деми дароо музга айланып, кирпиктерин, жаактарын жана эриндерин каптап калгандыктан, жүздөрү көрүнбөйт. Ушундан улам алар аркы дүйнөдөгү арбактарды көөмп жүргөн сырдуу табытчыларга окшоп турду. Бирок бул бет каптын алдында кайгынын, табалаган, тунжураган жымжырттыктын өлкөсүнө тартынбай кирип, дүйнөнүн кубаттуу күчү менен коркпой теңтайлашып, көз жеткис ээн, бейтааныш мейкиндикке каршы турган адамдар бар эле.
Алар унчукпай, демин дене кыймылына гана жумшап келатышты. Айланада ың-жыңсыз тунжураган жымжырттык. Ал суучулдун денесин кыскан суу сыяктуу акыл-эсти кысып турат. Чексиздиги, мыйзамынын бузулгустугу менен эзип турат. Аң-сезимдин эң түпкүрүндөгү булуң-бурчуна чейин жетип, жүзүмдүн ширесин сыгып алган сыяктуу адам рухуна мүнөздүү болгон текеберлик, бой көтөрүү сыяктуу жасалма, жаңылыш нерселерди сыгып алып, адам деген табияттын сокур күчтөрүнүн оюнун билбей эле өз жолун издеп тырбалаңдаган көр пенде, бир жандык деген ойго ынандырат.