Жек Лондон
Ак Азуу
Бир саат өттү, эки саат өттү. Алыстан созолонуп улуган бир үн келгенде, кыска, бозоргон күндүн жарыгы өчүп бараткан эле. Бул үн көккө атып чыгып, жетер жерине жеткен соң калтырап-титиреп бир аз кармалып турду да, анан бара-бара угулбай калды. Жаалданганы, өзөрүп ачыкканы болбосо, муну бирөөнүн адашып жүргөн жанынын көөдөн жарган ыйы десе да болор эле. Алдыда бараткан киши бурулуп, чананын артындагы менен тиктеше түштү да, экөө тең баш ийкеп коюшту.
Жымжырттыкты ийнедей тешип улуган үн кайра угулду. Экөө тең үндү тыңдап, чыккан жагын билгенге аракет кылышты. Үн болсо жана эле өздөрү басып өткөн карлуу талаа жактан келип жатты. Көп өтпөй эле бириси ага жооп кайтарып улуду, аныкы да арттан, бирок сол жагыраактан чыкты.
– Булар бизди ээрчип келатат, Билл, – деди алдыдагы киши. Үнү каргылданып, араң сүйлөдү.
– Тамагы жок да, – деп жооп кайтарды жолдошу. – Канча күндөн бери бир коёндун изин көрө элекмин.
Жолоочулар унчукпай калышты, бирок кулактары арттан келип жаткан улуган үндөрдө болчу.
Иңир киргенде, иттерди дарыянын жээгиндеги карагайларга буруп, өргүүгө токтошту. Оттун жанындагы табыт отургуч да, үстөл да болуп калды. Ары жакта топтошкон иттер бири-бирине ыркырап, алыша кетип жатканы менен эмнегедир оттон алысташпайт.
– Буларыңдын оттон алыстагысы жок, Генри, – деди Билл.
Муз салынган кофе кайнатуучу идишти отко коюп жаткан Генри унчукпай баш ийкеди. Табытка отуруп, тамакка киришкен соң гана кобурады:
– Булар жан сактаганды билишет. Бул жерде тамак беришерин, тиякка барса өздөрү бирөөгө тамак болуп каларын да билишет. Булардан өткөн акылдуу неме жок.
Билл башын чайкап койду:
– Ай, ким билет.
Жолдошу аны таңыркай карады.
– Булардын акылынан шектенгениңди биринчи жолу угуп жатам.
– Генри, – деди Билл төө буурчакты ойлуу чайнап жатып, – мен тамак берип жатканда иттердин алыша кеткенин байкадыңбы?
– Чын эле бүгүн талаш адаттагыдан көбүрөөк болду, – деп ырастады Генри.
– Бизде канча ит бар, Генри?
– Алты.
– Мына, Генри... – Сөзүм олуттуураак болсун деп, Билл бир аз тыным жасады. – Мен да биздин алты итибиз бар дейм. Каптан алты балык алып, иттердин ар бирине бирден балык бердим. Бирөөнө жетпей калды, Генри.
– Жаңылыш эсептеп алсаң керек да.
– Бизде алты ит бар, – деп кайдыгер кайталады тигил. – Мен алты балык алдым. Жалгыз кулакка балык жетпей калды. Кайра келип, бир балык дагы алып бардым.
– Бизде болгону алты ит бар, – деп көжөлдү Генри.
– Генри, – деп сөзүн улады Билл, – мен бардыгы ит болчу деп айта албайм, бирок балыкты жетөө жеди.
Генри чайнаганын токтотуп, оттун ары жагындагы иттерди санады.
– Азыр алтоо эле.
– Бирөө качып кетти, мен көрүп калдым, – деп каршы болду Билл. – Жетөө болчу.
Генри ага боор ооруй карап турду да, анан мындай деди:
– Ушул саякатыбыз бүтсө, абдан сүйүнөт элем.
– Мунуңду кандай түшүнсө болот?– деп такыды Билл.
– Биз алып бараткан жүктү айтып атам, ушунун айынан көзүңө ар нерсе көрүнүп жатпайбы.
– Мен да ошентип ойлодум эле, – деп олуттуу жооп берди Билл. – Бирок ал качып кетери менен карды карасам, изи жатыптыр. Анан иттерди санадым, алтоо экен. А изи болсо тигинде турат. Көргүң келеби, жүр, көрсөтөйүн.
Генри жооп берген жок, унчукпай тамагын жеп бүтүп, ысык кофесин ичти. Анан оозун колунун сырты менен сүрттү да:
– Демек, сенин оюңча бул...
Созолонуп муңдуу улуган үн анын сөзүн бузуп кетти.
Ал унчукпай тыңшап калды да, анан улуган тарапты көрсөтүп, жанагы сөзүн бүтүрдү:
– ...тияктан келген конокпу?
Билл башын ийкеди.
– Башка эч нерсе деп айта албайсың. Иттердин кантип талашканын өзүң көрбөдүңбү.