Жек Лондон
Ак Азуу
Созолонуп улуган үндөр барган сайын үн алыша көбөйүп, ызы-чуу түшүп жатып калды. Алар ар тараптан чыгып, жаны чыгып корккон иттер үймөлөктөшө отко кирип келип, жүндөрү күйүп кала жаздап жатты.
Билл отундан отко көбүрөөк ыргыткан соң, канжасын күйгүздү.
– Такыр эле жылдызың түшүп калды го, – деди Генри.
– Генри... – Билл канжасын ойлуу тартып отурду. – Ойлоп отурсам, бул бизге караганда бактылуураак экен. – Ал өздөрү отурган табытты чапкылап койду. – Биз өлгөндө, Генри, ит-куш жеп кетпегидей кылып корумдап коюшса жакшы.
– Сенде да, менде да мунукундай тууган-урук, акча деген жок, – деп кошулду Генри. – Экөөбүздү ошондой алыска ким алып барып көммөк эле.
– Мен ушуга түшүнбөй койдум, Генри, бул өз мекенинде лорд же ошол сыяктуу бир неме экен, тамак, жылуу жууркан менен иши болгон эмес экен, анан ушундай жыргап жашаган киши ушул көрдүн көтүнө эмнеге келди экен дейм да.
– Ооба, үйүндө карыганча жыргап жашай берсе болмок, – деп макул болду Генри.
Билл сүйлөйүн деп оозун камдап барып, сүйлөбөй калды. Мунун ордуна ал ар тараптан чулгап турган караңгылыкты көрсөттү. Көөдөй караңгыдан эч бир караан байкалбай, эки көз гана чоктой күйүп турду. Генри экинчи, анан үчүнчү жуп көздү көрсөттү. Чоктой күйгөн көздөр аларды акырындап ороп келатты. Бир жерден жок болуп кеткен көз дароо башка жерден пайда боло калып жатты.
Иттердин барган сайын тынчы кетип, бир маалда коркконунан оттун жанына үймөлөктөшүп, адамдардын аяк алдына кыңшылап сойлоп келишти. Тополоңдо бир ит отко кирип кетип, каңшылап жиберди. Аба куйкум жыттана түштү. Көздөрдүн курчоосу үзүлө түшүп, артка кеткендей болду, бирок иттер тынчтана түшөрү менен кайра мурунку ордуна келип калды.
– Генри, иш чатак! Патрон аз калыптыр.
Билл канжасын тартып бүтүп, бая тамактын алдында карга жайып койгон карагай бутактарынын үстүнө тери менен жуурканды жая салып, төшөк салып жаткан жолдошуна жардамдаша баштады. Генри жөтөлүп, чокоюн чече баштады.
– Канча патрон калыптыр дедиң?– деп сурады ал.
– Үчөө, – деп жооп берди тигил. – Үч жүз болсо кана. Бул шайтандардын акесин таанытпайт белем.
Ал тиги күйүп турган көздөр жакка муштумун кезеп койду да, чокоюн отко жая баштады.
– Ушул күн да кичине жылыса болот эле, – деп божурай берди Билл. – Эки жума болуп баратат, элүү градустан түшө элек. Эмнеге жолго чыктым экен дейм да, Генри. Ушул мага анча жакпай турат. Бир кызыктай болуп турам. Эртерээк жетсек да, ушул ишти бүтүрсөк. Азыр экөөбүз Мак-Герри фортунда каминдин жанында криббедж ойноп отурсак.
Генри бир нерсе деп кобурады да, төшөккө жата кетти. Үргүлөп баратканда, жолдошунун үнүнөн ойгонуп кетти:
– Генри, эмне үчүн иттер жанагы балык жеп кеткен немени талап кетишкен жок? Мен ушуга кыжалат болуп жатам.
Сен өтө эле кемпир кыял болуп баратасың, Билл, – деп уйкусураган жооп угулду. – Мурун мындайың жок эле. Болду эми, укта, эртең менен кыргыйдай болуп каласың. Сен зарынадан улам эле ушундай болуп жатасың.
Экөө оор дем алып, катарынан бир жууркандын алдында уктап жатышты. От үлүңдөп күйүп, чоктой күйгөн көздөрдүн курчоосу улам-улам жакындап жылып келатты. Иттер бири-бирине ыкташып, көздөрдүн кээ бири өтө жакындап келип калганда айбат кылып ырылдап жатышты. Бир маалда алар өтө катуу ырылдап жиберишти эле, Билл ойгонуп кетти. Ал шеригин ойготуп жибербейин деп акырын турду да, отундан отко салып койду. От жалындап күйүп, күйгөн көздөр артка чегинди. Билл топтошкон иттерди карап, көзүн сүртүп, кайра үңүлө тиктеди. Анан кайра жууркандын ичине кирип жатты.
– Генри!– деди ал. – Эй, Генри!
Генри онтолоп ойгонду да:
– Дагы эмне болуп кетти?– деп сурады.
– Эч нерсе, – деген жооп угулду, – эми кайра жетөө болуп калыптыр. Азыр эле санадым.