Бронтой Бедюров
Бабырган баатырдын кантип тоого айланганы
Бронтой Бедюров – Алтай аймагынан чыккан эң көрүнүктүү акын жана коомдук-саясий ишмер, чыгыш таануучу-түрколог. 1947-ж. Тоолуу-Алтай Республикасынын Онгудай айылында төрөлгөн. Москвадагы М.Горький атындагы Адабият институтун жана СССРдин Илимдер Академиясынын Чыгыш таануу институтунун аспирантурасын бүткөн. СССР жазуучулар союзунун мүчөсү. Россия Федерациясынын маданиятка эмгек сиңирген кызматкери, Алтай Республикасынын көрүнүктүү Эл акыны, Россия тил академиясынын академиги, Алтай Республикасынын жазуучулар союзунун төрагасы, Россия жазуучулар союзунун тең төрагасы жана башкармалыгынын катчысы.
Бабырган баатырдын кантип тоого айланганы
Аңгеме
Байыркы бир кездерде, Алтайда Адыган баатырдын уулу Бабырган баатыр жашаптыр. Бабырганга күч жагынан теңдеш эч ким болбоптур. Алтайда ага тең келер бир да баатыр чыкпаптыр. Мүнөзү да шок экен. Алдынан ким чыкса да кармап алып күч сынаш деп кыйнай бермей адаты бар экен, адамдар ага алы жетпей, эми аны алыстан көргөндө эле беттешкиси келбей айланып кача баштаптыр.
Бабырган ошондо, атасы Адыгандын уруксатысыз эле, өзүнчө талаалап башка жактарга барып, бөтөн аймактын баатырлары менен күч сынашууну чечет. Башкалар сыяктуу жөн эле күч сынашса го жакшы. Ал жеңгенде ошол адамдын мал-мүлкүн, келин-кыздарын, аялдарын бүт тартып алчу экен. Тиги тарттырып ийгендер күчтөрүн карапайым элден чыгарчу. Бабырган үчүн тамаша сезилген бул нерсе, жөнөкөй элдин башына түшкөн мүшкүл эле. Мындай коңшуларга таарынган адамдар Адыган баатырга туш-туштан ат арытып арыз-муңун айтып келе башташат. Андан, уулун тыйып, өз билгенин жасатпоону суранышат.
Адыган уулун кантип тыюуну ойлоно баштайт. Акыры аны үйлөнтүүнү чечет, Бабырган өзүнчө үй-жай күтсө, токтолуп, эсине келер деп ойлойт. Бабырганды чакырып, темир ийлеген усталар жашаган токойдо, шор элинде, Телибес баатырдын кызынын колун сурап барууну буюрат. Телибес баатырдын кызынын даңазасы шор жеринде эле эмес, атагы алыска кеткен абдан сулуу кыз эле. Атасы ал кызга түрдүү белектерди энчилеп, көп байлыктарды бергендиктен, себинин көптүгү жагынан да баарыга маалым болчу.
Атасынын сөзүн угуп Бабырган абдан кубанды. Төбөсү көккө жете сүйүндү. Дароо жолго камына баштады. Жоо-жарагын асынып, өгүз терисинен ийленип жасалган ок өтпөс жоо кийимин кийинди. Тысырайта тартылган саадагын, учтуу жаалар толтура дорбосу менен ийнине асынып, ийри тумшук кылычын белге байлап, калканы менен найзасын колуна алды.
Адыган, уулу кыз колун сураганга барууга кантип камынып атканын көрүп, ага, Телибес баатыр менен чырдашпоону эскертти. Энеси алыс жолго күлазык даярдап берейин деди эле, Бабырган баш тартты.
– Ашык жүк алып эмне кылам. Кичинекей эмесмин. Эр азыгы жолдо. Канаттуулар менен кийиктерди сапарда баратып эле атып жейм, суудан балык кармайм. Эл жашаган жерлер болсо, алардан алып жейм.
Бабырган ошентип, алыска, Телибес баатырдын жерине карай жөнөдү. Чер токойду аралап баратты. Тегеректе куштар, жаныбарлар толтура. Дайралар менен көлдөрдө балыктар жайнайт. Күндүз кийик атып эт кайнатат, кечинде балык кармап отко кактап жейт. Эртең менен чил, кекилик кармайт.
Кетип баратып ойлоно берди: “Мендей эч кимге баш урбаган даңазалуу баатырга, Телибес баатырдын кызынын колун жалдырап сурап баруу жарашпайт ко. Эгер ал макул болбой койсо эмне кылам? Андан көрө, күч сынашып алганым жакшы. Жеңсем меники.” Бабырган атасынын: “Шор элинин адамдары жөнөкөй, өздөрү эч кимге катылбайт, катылгандын катыгын беришет”, – деп айткан насаат кебин унутуп калды.
Бабырган шор элине келди да, үнүнүн барынча жар салды:
– Телибес баатыр, мени менен жекеге чык. Мен сени менен күч сынашканы келдим. Сени жеңсем, анда сенин кызыңа үйлөнгөнү алып кетем. Мен атайы ошон үчүн келдим.
Бир кезде Телибес баатырдын да даңазасы артык эле. Азыр эми, жаштыгы өтүп, күчү кайтып калган учуру болчу. Антсе да, кызынын колун адамча сурагысы келбеген жаш наадан менен беттешүүдөн кайра тартпады. Бабыргандын алдынан шарт тосуп, кармашка чыкты.