Бронтой Бедюров
Бабырган баатырдын кантип тоого айланганы
Баатырлар көпкө кармашты. Алгач Телибес жаш теңтайлашы менен теңме-тең салгылашты. Бирок, акырындап алы кете баштады. Бабырганды жеңе албасына көзү жетип, тогуз уулун жардамга чакырды.
Телибестин уулдары Бабырганга тайманбай жабылышты. Бирок, ага алдары жеткен жок. Бири мерт болуп, калгандары түрдүү жаракат алышты. Телибес карыя, уулдарынын Бабыргандан жеңилип калганын көрүп, туугандарын жардамга чакырды. Ат үстүндө ойногон чабандестер, илгиртпей чаап келишип Бабырганды курчап алышты да, аны кысып киришти. Беш күн, беш түн кармашышты. Баатыр Бабыргандын кубаттуу колдору чарчай баштады.
Жабыраган душманды жеңе албасын ал да түшүндү. Улуу Бий дарыясынын жээгин көздөй жанталашты. Каршылаштардын курчоосу улам кысып кирип келди. Ал өзүнө акыркы күчү менен жол салып чегинип баратты. Анын курч кылычынан Телибестин жоокерлери туш-тушка сулап, узун найзасынын учу далай эрди ээрден учурду. Бирок, мертингендердин ордун жаңылары толуктап, улам толо берди. Акыры душмандары сүрүп отуруп, Бабырган Бий дарыясынын жээгине жетти. Аты эчак мүрт кеткендиктен, өзү жөө кармашын улантты. Телибестин жоокерлери Бабырганды дайра жээгине кысып, эми ал эч жака качалбайт деп кубанып атышты.
Ал болсо күүлөнүп барып, найзанын учун жерге таяп, чалкып аккан чоң Бий дарыясынын үстүнөн куштай учуп, көлчүктөн секиргендей секирип өттү. Телибестин жоокерлери антип өтө албай, артынан куушпады. Аркы жээкте түнөп, эртең менен кечмеликтен кечип өтөлү деп чечишти. Бабырган да чарчаган эле, эс алууну чечти. Эртең менен салгылаш уланарын туйду. Телибестин сулуу кызын согушуп ала албаганына ичи күйдү. Бабырган от жагып, кийик атып, отко кактап бышырып жеди.
Дарак түбүндө отуруп, эртең кантип душмандарын жеңүүнү ойлоно баштады. Ошол учурда, ал отурган бактын төбөсүндөгү бутагына бир кичинекей куш учуп келди да, сонун сайрай баштады. Анын сыйкырдуу үнүнүн мукамы Телибестин чырайлуу кызынын келбетин көз алдына элестетти. Ал душмандарын да унутуп, сулуу кыз жөнүндө ойлоно баштады. Атасынын тилин угуп, ишти жайынча чечпегенине өкүндү. Куш анын оюн түшүнгөндөй, ага адамча сүйлөдү:
– Кайгырба, Бабырган, Телибестин кызы сага буюрбаптыр. Сен күчтүү жана кыйынсың, чыныгы баатырсың. Бирок, аркы жээктеги баатырлардын тобун баары бир жеңе албайсың. Бийдин оң жээгин карачы, улам оттор көбөйүп, Телибеске улам жаңы сарбаздар кошулууда. Алар жөнөкөй адамдар, өздөрү катылбайт, бирок сага абдан жиндери келишти. Эгер мени укпасаң, ушул жерде курман болосуң. Андан көрө, өзүңдүн Алтайыңа кайт. Сен жашсың, келбеттүүсүң. Өз элиңден деле колукту табасың. А, Телибестин кызына кайгырба – ал сага тең эмес.
– Үйгө кантип кайтам, атамдын айтканын орундабадым, – деди Бабырган. – Кантип колуктусу жок үйгө кайтам? Адамдардын бетин кантип карайм? Мени шылдыңга алышпайбы баары, согушуп атып өзүмө колукту алганга жарабасам.
– Капаланба, Бабырган, – деди куш. –Ал кыз сага татыбайт. Мүнөзү орой жана сараң, бай болсо да конок-караны сүйбөйт. Ач көздүгүнөн сени уят кылат. Андан көрө мен сага аман-эсен кеткенге жардам берейин. Отту өчүрбө, тиги жоокерлер сени кетпей, бул жерде күтүп атат деп ойлошсун. Тезинен жөнө, мен түнү бою отту өчүрбөй бутак таштап турам.
Түн ортосунда, асманда жылдыздар балбылдап жанганда Бабырган артка кайтчу жолго түштү. Телибестин жоокерлери сары изине түшүп куубады. Бабырган түнт токойду аралап, Айым дайрасынын, азыр Бекет тоосу турган жээгине келди. Найзанын учун жерге сайып, Айым дайрасынан секирип-серпилип өттү да, токтоосуз Алтайдын түпкүрүн аралап жөнөдү. Атасына жалгыз бой баргысы келбеди. Өз уруулаштарынын арасынан өзүнө ылайык колукту табууну көздөдү.
Бирок, баары эле ал ойлогондой боло койгон жок. Касиеттүү баатыр Адыган түнү бою көз ирмебеди. Ал, уулу Бабырган ата сөзүн орундабаганын туюп, аны жазалоону чечти. Ички туюму менен Адыган Бабыргандын кайда отурганын көрдү. Уулуна ордунан жылбай ошол жерде күтүп турууга белги берди. Аны көзгө атар жебе менен атып салгысы келди.