Стефан Цвейг

Бейтааныш аялдын каты

Стефан Цвейг

Көз карашың уламдан-улам жалындап күйүп, ал жалын мага чапты. Же тааныганыңды, же мени башта көрбөгөн жаңы аял деп, каалап отурганыңды билбедим. Эки бетим чымырап кызарып чыкты. Жолдошторумдун суроосуна кайдыгер жооп айтам. Тиктегениңе чыдабай толкунданып отурганымды сен да байкаган окшодуң. Башкалардан тымызын мага вестибюлга чык дегендей баш ийкедиң. Анан чоюла акчаңды төлөп, жаныңдагылар менен коштоштуң да, күтөм деген кыязда чыгып кеттиң. Безгек тийгендей калчылдап, кармана албай каным толкуп, берилген суроолорго жооп кайтарууга кудуретим жетпеди. Ушул учурда эстрадага негр кыз-жигит чыгып, такаларын такылдата кагыштырып, ачуу-ачуу чаңырыша укмуштуу жаңы бийди бийлеп киришти. Баары жабыла ошоякты карап калышты. Ушул учурдан пайдаландым, жигитиме азыр келем дедим да, артыңан чыктым.

Сен вестибюлда кийим илгичтин жанында күтүп турупсуң. Жаныңа жакын барганымда жүзүң жадырады. Жылмая алдыман утурладың. Качанкы өткөндөгү кичинекей кызды, анан бир кезде коюнуңда жаткан  кызды — мени тааныбаганыңды ошол замат билдим. «Мен үчүн да бир саатча убактыңыз болор бекен?» — деп жылмаңдадың. Ишенимдүү чыккан үнүңөн улам мени бир күнкү кечке сатыла турган аялдардан деп эсептегениңди түшүндүм. «Болот» — дедим. Бул жолу да мындан он жыл илгеркидей калтаарып макул болдум. «Качан жолуга алабыз» — дедиң. «Качан кааласаңыз, ошондо». Сенин алдыңда уялбадым, кысынбадым. Баягыда өтө бат тил алганыма таңыркаганыңдай азыр да таңдана карадың, ого бетер кызыгып, отуң жанды. «Балким, азыр эле?..»— дедиң көп ишене бербей. «Жарайт, жүрүңүз», — дедим да, мантому алууга кийим илгичке карай бастым.

Бирок кийим илинген номер жигитимде калыптыр. Кайра барып номерди алып, чыгууга шылтоо айтып суранып, көп кармалып калчудаймын. Сени ээрчибей коё албайм, көп жылдан бери бир жолугууга зар болуп жүрсөм, эми кантип калайын. Бир секунд кыйылбай мантому да, жигитимди да таштап, кечки көйнөгүмүн үстүнөн шалы жоолугумду оронуп, сыртка чыктым. Тыш туман басып суук, караңгы экен. Көп жылдан бери турмушка каралашып жүргөн боорукер, камкор жигитимди теңтуштарынын шылдыңына таштап кеттим: жанында отурган сүйгөнү башка бирөөнүн бир эле көз кысканына ээрчип кеткени эмне деген шерменделик!.. О, бул кылганым жеткен акмактык, адам баркын билбегендик экенин, жакшы кишини иттей кордоп, эсинен чыккыс кылып шылдыңдап кеткенимди, өз турмушумду бузганымды сезип бараттым, түшүнүп бараттым... Бирок эңсеп-чаңкап жүрүп, эми чындап жеткенимде достук да, турмуш да сенин бир өпкөнүңө, бир эле сүйлөгөнүңө арзыбай калды... Сени мен ушундай сүйгөм! Эми ичер суум, көрөр күнүм бүткөндө баарын ачык айта алам. Өлгөндө жүр десең да, тирилип көрүмөн туруп, артыңан ээрчийт элем...

Подъездде экипаж күтүп туруптур, түштүк да сеникине жөнөдүк. Сагынган үнүңдү угуп, кынала отурганга денеңден денеме кандайдыр жылуу сезим кирип, так эле баягыдай бактыга башым тегеренип, балача уялып бараттым. Мына, он жылдан көп убакыт өткөндө баягы тепкич менен чыгып баратам... Жок, жок, ал учурдун ар мүнөтү мени канчалык толкутуп, ташкындатканын айтып жеткире албайм. Азыр да, өткөндө да — эки жолу жыргалга аябай баттым. Оюмду, жүрөгүмдү бүт сен ээлеп алдың. Бөлмөңүн ички көрүнүшү анчалык деле өзгөрбөптүр, мурдагы сүрөттөргө эки-үч сүрөт кошулуптур, кай бир буюмдарың жаңырыптыр, китептериң көбөйүптүр. Бирок баягыдай эле көзгө тааныш, көңүлгө жайлуу. Столдун үстүндө роза гүлдөрү салынган ваза турат. Туулган күнүңдү куттуктап, сен унуткан, тааныбай калган шордууңдан эстелик деп, бу гүлдөрдү кече мен жибергем. Тааныбадың, «башта эмес, азыр кыналыша кол кармашып турганыбызда да, атүгүл эриндерибиз биригип өбүшкөнүбүздө да тааныган жоксуң. Антсең да, гүлдөрүмдү вазаңа салып коюпсуң — мен, болбосом да көлөкөм, сүйүүмдүн деми ушерде, сенин жаныңда экенине көңүлүм тойду.

Мени кучагыңа алдың. Ошентип сеникинде дагы бир жолу түнөдүм. Бакытка балкып жатып таң атырдым. Бирок жылаңачтанганымда да тааныбадың. Эркелетсең мен ансайын эркелеп жаттым. Сен сагынган аялга деле, өз сүйгөнүңө деле бирдей берилип, экөөң бири-биринен айырмалабайт экенсиң. Түнкү кабареден[7] ээрчитип келип эркелеттиң, сүйдүң, бекзаттыгыңды көрсөтүп, чын жүрөгүңөн сылык болдуң, бирок менден да ошончолук ыракат алып жаттың. Кумарым таркабай, моокум канбай жатып, табиятыңдын эки жактуулугун дагы сездим. Жан ыракатына сенчелик боюн таштап, күйүп-жанып берилген адамды мен эч качан жолуктурган эмесмин. Бат берилесиң, кайра бат сууйсуң, унутасың, мен өзүм да ал түнү сени менен кучакташып жатканымда эмне болгонумду билбейм: мен сага киммин? Мурдагы илбериңки кызмынбы же балаңдын энесиминби, же бейтааныш аялмынбы? Деги ал түнкү жыргал баштатан тааныш, көнүмүш сыяктанып, ошол эле учурда кумарына мас кылып, жаңы сезилет. Ошол түн таң атпай созула берсе экен деп тилеп жаттым.

15.01.2026

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.