Стефан Цвейг
Бейтааныш аялдын каты
Анткен менен эртеден керели-кечке күткөнүм, аңдыганым сен элең. Эшигибизде сары жез менен алкактаган айнектүү көзөнөк болор эле. Көзөнөктөн сенин эшигиң көрүнөт. Ошол көзөнөк мен үчүн дүйнө көрсөткөн терезе сыңары. Бул кылыгыма күлөрсүң, жок, күлбө, жаным, мен ал жиндилигиме азыр да уялбайм. Ал кезде мен ар күнү китеп окумуш болуп, апам шек алып калабы деп коркконума карабастан суук далисте көзүмдү албай отурар элем. Ал олтурушумда толгоп тарткан кылдай чыңалам, кокус сен көрүнсөң чертилгендей дирилдейм. Ар дайым сени күткөндө менде чыдам жок, калтырайм, титирейм, тиштенем. Бирок сен саат пружинасынын канчалык чыңала буралганын байкабаган сыяктуу мени да элес алчу эмессиң. Саатың чөнтөгүңдүн караңгы түбүндө, өмүрүңдүн күндөрүн чарчабастан эсептеп жүрөгүң каккан сайын ал да чык-чык этип ар дайым өзүң менен бир жүрөт. Нечен миң секунд өткөндөн кийин гана аны бир карайсың. Сенин ар бир кылык-жоругуң, ар бир галстугуң, ар бир костюмуң — баары мага белгилүү, баары мага таанымал болду. Акырындап тааныштарыңды да ажырата баштадым: Кээ бирөөлөрү жакчу, кээ бирөөлөрүн жактырчу эмесмин. Он үчтөн он алтыга чыкканчакты мезгилде сенсиз жашаган, сени ойлобой, сени аңдыбай өткөргөн бир саат учурум болгон жок. Анан дагы кандай гана жиндиликтерди кылбадым! Колуң тийген эшиктин туткасын өпчү элем, эрдиң тийген деп ыйык көрүп, кире беришке тапталган чылымыңдын калдыгын алчумун. Бирдемени шылтооломуш болуп күн сайын кеч киргенде көчөгө жүгүрүп чыгар элем. Чыккандагы максатым кайсы? Кайсы бөлмөңдүн терезеси жарык экенин көрүү, ошерде олтурганыңды элестетип, белгисиз демиңе толкундануу. Сен бир жакка кетип жатканыңда байкуш Иоганн сары чемоданыңды төмөн алып түшүп баратканын көрүп, бүткөн боюм дүркүрөчү. Сен жок ошол апталарда жүрөгүм кошо кеткендей жашоом максатсыз, кызыгы жок болуп калчу. Зеригип-талып, сиркем суу көтөрбөй кабак түйүп, тултуюп, тиги бурчтан бул бурчка аркы-терки басам, ыйлагандан кызарган көзүмдү апам көрүп, кайгыман шек алып калбаса экен дейм.
Ырас, мен сага качанкы балалык эселектигимди айтып отурам. Аларды айтуунун ордуна уялсам болор эле, бирок мага уят эмес. Анткени сен деген жүрөгүм, махабатым тентек кыялдуу ал чагымдагыдай эч качан тунук, жалындуу болгон эмес. Ал кездеги сүйүүмдү саат санап. күндөп-түндөп айтсам да бүтпөс. Ооба, сени ошончолук сүйгөм, жаным, а сен болсоң мени сыртыман араң таануучусуң. Тепкичте кокус сага бетме-бет келе калып кетенчиктерге жер тар болсо, өрттөн качып, сууга боюн таштаган жандай балбылдаган көз карашыңдан коркуп башымды төмөн салган бойдон шып этип өтүп кетер элем.
Качанкы өткөн жылдардын бул окуяларын өмүрүңдүн төрт мезгили сыңары алдыңа жайып, күндүр-түндүр чарчабай баяндасам болор эле, бирок сени тажатпайын... Бала чагымдагы эң бир сонун окуяны айтайын, ошондогу тунук сезимдеримден бөлүштүрөйүн, маанисиз болуп көрүнсө, күлбө, жаным, суранам — мен үчүн андан маанилүү, андан кымбат эчтеме жок. Жекшемби күн болсо керек эле. Мындай окуя болду. Сен бир жакка кеткенсиң. Иоганның оор килемдерди сыртка күбүп келип, квартираңа киргизе албай кыйналып жатыптыр. Обол батына албай турдум да, анан чымырканып жакын барып, жардамдашсам кантет деп сурадым. Иоганн таңыркай карады да, макул болду. Ошентип, сенин дүйнөңө-бөлмөңө кирдим. Оо, ошондогу абалымды сага айтып жеткире алсам, кана!.. Бейишке киргенде да анчалык калтаарып ызаат кылып, жадырап кубанып таалайтпасмын. Дайым иштеп жүргөн столуңду, анын үстүндөгү гүл салынган хрусталь вазаны, шкафтарыңды, сүрөттөрүңдү, китептериңди көрдүм. Уурданып алдыртан сенин турмушуңду көрдүм. Баскан изине башка бирөөнүн колун тийгизгиси келбеген Иоганның үй ичиңди бүт көрүп чытууга уруксат бермек эмес. Бирок ушул бир короо да мага жетишерлик болду: сен дем алган абада жутагансып дем алдым. Уктасам түшүмдө, ойгонсом өңүмдө көрүп жүрүүгө элес алдым, көңүл жооткотууга эрмек таптым, учкул кыялыма жаңы кубат, жаңы дем коштум.
Ошол бир мүнөт убакыт бала чагымдын эң бактылуу учуру. Аны айткан себебим — мени тааныбаган сен соолуп куураганча өзүң деп жүрүп өмүрүмдү өткөргөнүмдү билсин дегеним. Бактылуу ал учурдан кийин болгон дагы бир учурду айтмакчымын. Оо, ал учур бакты-таалайымды жүрөгүмдөн сууруп кетти. Ал учур ырайымсыз азаптуу болду. Сен деп жүрүп, башка бирөө түгүл апама да көңүл бурбай кеткенимди айтпадымды. Апамдын алыскы тууганы жашап эле калган бир господин Инсбруктан келген коммерсант кийинки күндөрдө биздикине кеп келчү болду, улам келген сайын сүйлөшүп көпкө отуруп жүргөнүн элес албапмын. Тескерисинче, анын келиши мага жакчу. Анткени ал кээде апамды театрга чакырып кетчү. Мен үйдө жалгыз калганымда да, эркимче ойго батам, карааныңды аңдыйм — мен үчүн, мындан артык, мындан башка ыракат-жыргал жок. Бирок бир күнү апам кандайдыр пейил күткөн кейипте мени өз бөлмөсүнө чакырды, жай отуруп сүйлөшмөк болду. Чын эле шектенип калганбы деп, каным ичиме тартылып, жүрөгүм алкымыма кептелди. Турмушка мени туташтырып турган сырымды — сени билип калдыбы деп корктум. Бирок апамдын ою бир жерде болбой, башы маң экен. Деги эле эч качан өппөгөн апам мени ошондо эки кайта өптү да, диванга жанына алып олтурду. Анын алиги аялы өлгөн бай тууганы ага баш кошолу деп сөз айтканын, апам анын сөзүнө мен үчүн гана макул болгонун айтты. Жүрөгүм дикилдеп, оюмда сен турдуң. «Анан ушерде эле калабызбы?» — дедим араңдан зорго. «Жок, Инсбрукка көчүп кетебиз. Аерде Фердинанддын кооз вилласы бар...» Башка эчтеме уккан жокмун, көңүлүм караңгылап кетти. Эстен танып калганымды кийин билдим — биз сүйлөшүп отурганда өгөй атам каалганын далдаасында турган экен. Көзүмдү ачсам, апам ага: «...теңселе түшүп, кулачын жая үстөмөнүнөн шалак этип жыгылып кетти» – деп күбүрөп айтып жатканын уктум. Ошондон кийинки күндөрдөгү абалымды жазууга дарманым жок: жардамсыз жалгыз жаш жаным бөтөн күчкө каршылык көрсөтө албай тырпырады. Аны азыр ойлосом да колумдагы калем сабым титирейт. Жүрөк сырымды эч кимге айтпай өз жанымды өзүм кыйнап, тымпыйып жүргөнүмдү башкалар өжөрлүк, ичтен туталангандык, өз дегенин бербеген кежирлик деп ойлошуптур. Мага акыл салган эч ким болбоду, бардык иш менсиз бүтүп жатты. Дайым мен мектепке кеткенде көчүүнүн камын көрүшөт. Ар күнү мектептен келсем, үйдө бир буюм кем, же сатылган же жөнөтүлгөн болуп чыгат. Көз алдымда үйүбүз аңгырап баратты, ажайып күнүм боз чалып, соолуй баштадым. Бир жолу түштө келип, жүк жүктөп жатышканын көрдүм. Үйдөгү мебелди бүт чыгарып коюшуптур. Ээн калган бөлмөлөрдө ичи жык толтурулган чемодандар, апам экөөбүзгө эки керебет калыптыр. Бул үйгө акыркы жолу бир түнөп, эртеси Инсбрукка көчмөк болуппуз.