Иван Бунин
ГАЛЯ ГАНСКАЯ
Апрель айында Париж шаарындагы кайсы бир кафенин террассасында сүрөтчү жана өз кызматын өтөп бүтүп, эми ардактуу эс алууда жүргөн моряк ар нерсени кобурашып отурушту. Теребел түркүн түстүү боёк күтүп, аба гүл жыттанат. Жазгы жел бетти аймалайт. Сүрөтчү буга жаш балача кубанат: – Жаз айларындагы Париждин кооздугу ай. Ал эми чолок этек көйнөк кийген кыздарчы! Пай-пай-пай. Тим эле бир укмуш. Несин айтасың-деп сөзүн улады ал. Көптөгөн жылдар мурда Париж мындан да кооз боло турган. Ооба, бир өзгөчө эле. Өзүң элестетип көрчү. Сен көчөдө кетип бара жатасың дейли. Көчөдө болсо бир дагы машине жок. Ал эми азырчы? Кандай-андай болгон күндө дагы андагы ажайып кооздуктун бири жок!
– Ал эми менин оюма негедир Одесса жазы кылт эте түштү – деди моряк. – Айткандай, сен Одессада туулуп өскөндүктөн, албетте анын илебине нан бышчу күнү менен ак өркөч толкундарынын айкалышкан жытын мага караганда алда канча жакшы билерсиң. Өзгөчө, Дерибасов көчөсүндөгү кыз-келиндер эсиңден чыга элек болсо керек...
Сүрөтчү оозундагы канжасын ала коюп: «Garcon, un demi!» – деп кыйкырып жиберди да, морякка бурулуп мындай деди:
– Кечирип кой, мен сенин сөзүңдү бөлүп койдум көрүнөт. Бирок, чын-чынына келгенде, Париж жөнүндө айтып жатканым менен, мен деле Одесса тууралуу ойлонуп жаткам. Ооба, туура айтасың, – Одесса жазы бир өзгөчө. Бирок, негедир мен Одесса жазы менен Париж жазын өз-өзүнчө элестете албайм. Экөөнү бирдей эстейм. Экөө тең мен үчүн кымбат. Мунун өзү, менин ошол жылдары такай жаз айларында Парижде болуум менен байланыштуу болсо керек... Баса, Галя Ганская эсиңдеби? Сен аны бир жолу капысынан көрүп калып, өмүрүңдө андай сулуу аял көрбөгөндүгүңдү айтып келгенсиң. Эстедиңби? Мейли, унутуп калсаң керек. Кандай болгон күндө да, мен азыр ошондогу Париж жөнүндө кеп кылып жатып, ал тууралуу жана анын менин өнөрканама алгач ирет баш баккан Одесса жазы жөнүндө ойлонуп кеттим. Менин оюмча, мына бул буту айры, башы жумуру адам баласынын ар бири өз өмүрүн сүйүү сезими менен байланышкан не бир кымбат, не бир өкүттүү эскерүүлөр менен жашап өтөт көрүнөт. Дегеним, мына ошол мен кеп кылып жаткан Галя, менин эң аяр эскерүүм дагы, Кудай алдында кетирген күнөөм дагы окшойт. Бирок, Кудай – күбө. Мен окуя мындай болуп кетет деп түк ойлогон эмесмин. Андан бери көп жылдар өтүп кеткендиктен, мен ал туурасында азыр сага төкпөй-чачпай айтып берүүгө дараметим жетет го ойлойм...
Мен аны тестиер кезинен билер элем. Ал атасы менен жашачу. Тилекке каршы, энеси буларды эбак эле таштап, башка бирөөнү ээрчип кеткен экен. Атасы абдан бай адам эле. Сүрөт тартканды абдан жактыра турган. Жактырган эч нерсе эмес, ал өзүн көзү каныккан сүрөтчү катары эсептегендиктен, узунду күн мольберт алдында туруп алып тарта берер эле. Живопись десе жантыгынан жата калган бул адамдын үйү ар кай жерден сатылып келинген эски-жаңы сүрөттөргө жык толгон. Баса, анын Отрадада өтө чоң эмес короо жайы бар үйү боло турган. Биз – Одессадагы жаш сүрөтчүлөр, бир кездерде анын мына ошол үйүнө дем алыш күндөрү байма-бай каттап жүрдүк. Ал бизди ар бир барган сайын кучак жайып тосуп алчу. Биздин али да болсо сүтү оозунан кете элек мадыра баш балдар экендигибизге карабастан, үстөл үстүн жайнатып жиберип, эбактан бери көрбөй жүрүп көргөн тели-теңтуштарын тосуп жаткансып, жетине албай калар эле. Анан да керели-кечке живопись тууралуу кеп кылуудан тажачу эмес. Жарым-жартылай поляк, жарым-жартылай хохол болгондуктанбы буурул сакалчан, шыңга бойлуу бул адам жашы өтүп калгандыгына карабастан өтө сымбаттуу болчу. Галя анда бар болгону он үч – он төрт жашта болгондуктан, биз барыбыз аны өзгөчө жакшы көрөр элек: безилдеп чуркап, жаны жай албай бирде андан, бирде мындан көрүнүп, айтор адамды зериктирчү эмес. Ал эми жүзүнөн нуру тамылжыган чырайычы! Ушунчалык шок болгондуктан бир күнү ал түз эле биз отурган өнөрканага чуркап кирип келгенинде атасы бир нерсе деп кулагына шыбырап, бөлмөдөн чыгарып жиберди да, бизге мындай деди: – Ыя, достор, деги муну кандай түшүнүүгө болот! Айтор, канча кылган менен кыздын кыздай эле болгону жакшы го!
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.