Иван Бунин

ГАЛЯ ГАНСКАЯ

Иван Бунин

– Печенье менен бир стакан портвейнге кандайсыз?

– Билбейм...

Мен анын колундагы кол чатырды алып, диванды көздөй ыргыттым да, апакай мээлей кийген колунан кармап: – Өөп коюуга болобу?-дедим.

Ал жылмая берип мындай деди: – кантип өбөт элеңиз. Мен мээлей кийип турам го... Мен анын мээлейиндеги бүчүсүн чечип жиберип, акырын эрдимди тийгизген болдум. Ал болсо, мына ушундан кийин бет чүмбөтүн төмөн түшүрдү да, бир далайга чейин мени тигиле карап туруп мындай деди: – Мейли анда, уруксат болсо, мен барайын.

– Жок, эч жакка барбайсыз-дедим мен. Себеби, мен сизди жакшылап карап алганга жетишкен жокмун. Ушундан соң алгач мен өзүм отуруп, андан кийин аны тиземе отургуздум. Ал алгач оңтойсуздана түшкөн менен шек алдырган жок. Бир аздан соң: – мен сизге жагамбы?-деп мени суроолуу карады. Мен эмне дээримди билбей күлүп жибердим да, кемселинин бооруна кадап алган фиалка гүлүн көрсөтө берип: – сизгечи,-деп кайра өзүнө суроо узаттым, – мынабу мен көрсөткөн гүл жагабы? Ал менин суроомо түшүнө бербей башын чайкады: – Бул жерде фиалка гүлүнүн кандай тиешеси бар?

– Кандайча тиешеси жок? Түздөн-түз тиешеси бар. Себеби, мен үчүн сиз дал мына ушул фиалка гүлүндөйсүз. Ал менден көзүн ала качып, жер тиктеген калыбында күлүп жиберди: – Биз окуган гимназияда айымдарды ар кандай гүлгө салыштырууну акындык салыштыруу деп коюшат.

– Билбейм, силерде кандай деп атап коюшарын. Бирок, мындан башкача мен эмне дешим керек эле?

– Билбейм... Ал бир саамга үндөбөй отуруп калды. Мен анын бет чүмбөтүн көтөрүп, жарым-жартылай ачылып турган эриндеринен акырын гана сүйгөн болдум да, жибек байпагы өйдө колумду сойлотуп жиберип, бүчүлөнгөн жеринен топчусун чечип жиберген соң, эңкейип жоон санынан, анан кайрадан бөрсөйүп, жарым-жартылай ачык турган эриндеринен өптүм. Ал ушуну гана күтүп тургансып, боюн таштап жиберди да эриндериме чап жармашты...

Моряк жылмайып башын чайкады:

– Vieux satyre!

– Болбогон кепти айтпачы-деди сүрөтчү. – Мунун барын эстеп отуруу мен үчүн оңой деп турасыңбы?

– Койдум, бай болгур, койдум. Ак чөп башта. Андан көрө ары жагын айтчы. Анан эмне болду?

– Андан ары эмне болсун. Мен аны дээрлик бир жыл боюу көргөнүм жок. Бир жолу, дагы деле болсо дал ушундай жаз күндөрүнүн биринде Отрадага барып Ганский мырзага жолуктум. Ал мени ушунчалык жылуу тосуп алгандыктан, бир кезде кайрылбай басып кеткенибизди эстеп, уялганымды сураба. Бечара, абдан картайып кетиптир. Сакалы буурул тартып, беттерин бырыш чегелегендигине карабастан, живопись тууралуу сөз кылсаң дагы деле күнү кечке сүйлөп берчүдөй. Менин келгениме жетине албаган ал соңку мезгилдерде тарткан сүрөттөрүн көргөзүп жатты – деңиз жээгиндеги кумдуу дөбөлөрдүн үстү менен каякадыр ак куулар учуп бара жатышат. Мен тобокелге салып, мактап жаттым: укмуш, мына, чыныгы сүрөт деп ушуну айт! Куттуктайм, сиз живопись өнөрү боюнча бир кадам алга таштапсыз! Ал билдирбеске канчалык аракет кылган менен көздөрү жайнап, жаш балача эдиреңдейт: – Ырахмат, садага. Чоң рахмат! Жүр эми үйгө кирип бир чыныдан чай ичели.

– Кызыңыз көрүнбөйт го, бир жакка кеткенби?

– Шаарга кеткен. О, сиз эми аны тааныбайсыз! Чын айтам. Бойго жетип, тим эле маралчасынан керилет!

Муну угар замат, мен бул абышканы эмес, кызын көргөнү келгенимди эстедим. Кап, эми эмне кылдым. Мен ал үчүн мында келсем, анын шаарга чыгып кеткенин карабайсыңбы-деп ойлоп, өзүмчө бушайман болдум. Чай ичип болгон соң, мен абышканын тыбыттай жумшак сакалынан өпкөн болдум да, сөзсүз кийинки дем алышта келеримди айтып, сыртка чыгарым менен алдымдан Галя чыкты. Ал мени көрөр замат абдан кубанып кетти: Сизби? Сизди кайсы шамал айдап келди мында? Көрсө бизди да эстеген адамдар бар тура!-деди толкунданып. – Бар эмей, анан?-дедим мен дагы кубанычымды жашыра албай. Азыр эле сиз жөнүндө кеп кылып отурганбыз. Атаңыз сизди аябай мактады. Бойго жетип, тим эле маралчасынан керилет. Сиз аны эми көрсөңүз тааныбайсыз!-дейт. Ооба, атаңыз калп айтпаптыр. Сиз чыны менен эле маралдай керилген сулуу кыз, жо-ок, кыз дагы эмес, бурала басып көздүн жоосун алган жаш келинге окшоп калыпсыз. Боюнуз да өсүптүр. Ал буга унчуккан жок. Жылмайып тиктеген боюнча ийниндеги кол чатырды нары-бери айландыра берди. Айтмакчы, ак түстөгү кол чатыры, башындагы шляпасы менен үстүндөгү ар саргыл түстөгү көйнөгү бири-бирин толуктап, кыз көркүнө ар бири өз-өзүнчө көрк кошот. Көздөрүнөн баягы балалык баёо сезим өчүп, жаак сөөктөрү билинер-билинбес узарган...

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.