Иван Бунин

ГАЛЯ ГАНСКАЯ

Иван Бунин

Ошондой күндөрдүн биринде биз сүйлөшүп алгансып, аныкына барууну кан буугандай токтоттук. Ага адамдын кадырына жете бербеген ошол мезгилдеги биздин жаштыгыбыз менен катар анын искусство тууралуу тынымсыз айта берчү акыл-насааттары жана сүрөттү кантип тартуу керектиги жөнүндө сырды “аңдап билгендиги” себеп болду көрүнөт. Анан калса, мен ошол жылдары катары менен эки жазды Парижде өткөрүп, өзүмдү сүйүү жаатында экинчи Мопассан сезип, кудай салбасын, Одессага кайтып келгенде башыма цилиндр, үстүмө тизеге чейин жеткен күрөң түстөгү жапжаңы пальто, колума сары-кызгылт мээлей, бутума жарым-жартылай лакталган ботинке кийип койкоктойм. Мунун бары аз келгенсип, колума бир өзгөчө асемделген ичке таяк таянып, ошол эле Мопассандыкындай мурут дагы коюп алгам. Кыскасы, келин-кыздын бары меники боло турган. Таң калычтуусу – алардын көбү ошол кезде менден кандайдыр бир олуттуу мамиле деле талап кылган жок. Ошентип, апрель айынын укмуштуудай күндөрүнүн биринде мен Дерибасов көчөсү менен келип, Преображенскийге өтө бергенимде бурчтагы Либман чайканасынын жанынан Галяга жолугуп калдым. Эсиңде болсо, мына ушул чайкананын жанында – Преображенский менен Собор аянтынын бурчунда жаз боюу чыйырчыктардын чырылдаганы кулагыңдын кужурун ала берген беш кабат үй бар эле. Эми элестете бер: жаз, көчөдө болсо кызыл-тазыл кийинген эл, эки-экиден колтукташкан кыз-жигит, анан калса мына бул – тынымсыз чырылдашкан чыйырчыктар жана – Галя. Тим эле бир укмуш! Мен көргөн көзүмө ишенген жокмун. Баягы жаны жай албай чуркап жүрчү Галя жок. Кандай десем? Айтор, маңдайымда өзгөчө ажарлуу бийкеч турду. Башында – боз шляпа. Ал эми жүзүнө тартып алган ошондой эле түстөгү чүмбөттүн алдынан көгүлтүр-көгүш түстөгү көздөрү жалжылдап, бир көргөн адамды өзүнө тартат. Албетте, бул кездешүү: деги каякка жоголуп кеттиңер? Атамды унутуп калганыңарга жол болсун!-деген жеме менен коштолду.

– Ооба, билинбей эле ушунча мезгил өтүп кеткендиктен, мен сиздин кантип чоңойуп, мындай сулуу бийкечке айлангандыгыңызды да көрбөй калгандыгымды карабайсыңбы?! -дедим да, ошол замат ага обочорок жерде турган тестиер кыздан өңчөй фиалкалардан турган гүлчамбар сатып бердим. Ал болсо, мени жалжылдай тиктеп, гүлдү мурдуна жакын кармап, маашыркана жыттап алды. – Бир жерге отурсак кантет, баса шоколад жейсизби?

– Ооба, жейм. Ошентип ал бетиндеги чүмбөтүн өйдө көтөрүп салып, шоколад жегенге киришти да, көзүмдү албай тиктеп отурган мага жылмая карап, Париж тууралуу суроо артынан суроо жаадырды. – Атам баягысындай эле күнү кечке сүрөт тарткандан тажабайт-деди ал бир кезде мага тигиле берип. А сизчи, сиз дагы сүрөт тартып жатасызбы же Париждин сулуу кыздарынан колуңуз бошобой жүрөбү?

– Жок, париждик кыздар мени кызыктырбай калган. Мен азыр иштеп жатам жана бир нече мыкты иштерди жасадым. Ишенбесеңиз, менин өнөрканама баралы. Менин эмне менен алек болуп жатканымды өз көзүңүз менен көргөнүңүз оң болор? Чоочубай эле коюңуз. Сиз сүрөтчүнүн кызысыз да. Анан калса, менин өнөрканам бул жерден өтө деле алыс эмес.

 Ал менин бул сунушума аябай кубанып кетти: -Чын элеби? Анда кеттик. Мен өмүрүмдө атамдыкынан бөлөк сүрөтчүнүн өнөрканасында болгон эмесмин! Бетиндеги чүмбөтүн төмөн түшүрүп, кол чатырын алды да, мени колтуктаган боюнча сүйрөп жөнөдү. Толкундангандан уламбы, айтор басып бара жатып, эки-үч мертебе менин бутумду басып алды да, анысына башын чайкап, кыткылыктап күлдү.

 – Галя!-дедим мен бир кезде, мен сизди жөн гана Галя-десем эмне болот? – Ал буга ойлонбой туруп минтип жооп берди: – Эмне болмок эле. Эч нерсе болбойт. Кааласаңыз жөн гана Галя дей бериңиз.

– Галя, айтыңызчы деги сизге эмне болгон?

– Эмне болуптур?

– Мен билгенден сиз дайыма татынакай элеңиз, ал эми азыр болсо, тим эле жутуп ийчүдөй болуп супсулуу болуп кетипсиз! Ал дагы бир жолу менин бутумду басып алды да: – Супсулуу-дейт тура, сулуулукту али көрө элексиз!-деди жылмайып.

– Айтмакчы, сен короо жактагы менин үйүмдүн чатырына көтөрүлчү кууш тепкичти билесиңби? Ал негедир менин бул суроомо үн каткан жок. Өнөрканага ал бир өзгөчө этияттык менен кадам таштады да, эки жагына таңыркай карап, ал гана эмес шыбырап үн катты: – Укмуш... тим эле бир укмуш. Бул эмне болгон диван, чоңдугу кантет! Жатып алып эле сүрөт тарта берген окшобойсузбу, анан калса бардыгында тең Париж... Ошентип, ал ар бир сүрөткө өзгөчө маани берип, суктануу менен тигилип карап чыкты да: – Чыны менен укмуш керемет нерселерди жаратыпсыз! – деп үшкүргөн болду.

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.