Иван Бунин

ГАЛЯ ГАНСКАЯ

Иван Бунин

– Ооба,– туура айтасыз деди ал, – бой жагынан мен сизден ашып кеттим көрүнөт. Мен анысына унчукпай макул болом: – Ооба, сиз чынында эле менден узунураак болуп кетипсиз... Жүрбөйсүзбү, деңиз жакка басып келели. Биз кичи көчөлөрдү аралай басып деңизди көздөй бара жаттык. Менин оюма келгендин баарын жарылдап сүйлөп, бирок көзүмдү албай тиктеп бара жаткандыгымды сезип, ууртунан тарта жылмаят. Кол чатырын жаап, сол колу менен көйнөгүнүн этегин бир аз жогору көтөргөн боюнча үндөбөй келе берет. Ошентип биз деңиз жээгиндеги куму эшилген жардын боюна келдик. Түрмөктөшкөн толкундар жар этегине жетип-жетпей шарп!-эткизе жээктеги кумду чайкап, кайра артына кайрылышат. Суу үстү бирде карарат, бирде агарат. Таза аба бетти аймалайт. Күн нуруна деңиз көөшүп, теребел күүгө келет. Бир сөз менен айтканда, кудум эле Понт Эвксинский. Биз бир нерсени күтүп жаткансып, деңизди тиктеген боюнча үн-сөз жок тура бердик. Менимче, ал дагы мен сыяктуу эле бир жыл мурда тиземде отурганын ойлоп жатты көрүнөт. Мен аны белинен имере кучактап, өзүмдү көздөй тарттым да, эриндеринен аймалап, өпкүлөп кирдим. Ал болсо, башын чулгуй каршылык көрсөтүмүш болгон менен акыр аягы менин эркиме көнгөндөй болду. Бир убакта ал туйлап, кучагымдан суурулуп чыкты да: – Шүмшүк! Жок, митаам экенсиз. Ооба, митаам экенсиз-деп тетири бурулуп, башындагы шляпасын оңдоп кийип, артын бир кылчайып карабастан кичи көчөнү бойлой кетип бара жатты...

– Кызык, баягы өнөрканага барганыңарда экөөңдүн ортоңордо эч нерсе болгон жок беле?-деди моряктын шаштысы кетип.

– Жок, акыр аягына чейин болгон эмес. Кандай десем? Бири-бирибизге уйгактай жабышып өбүшкөнүбүз болбосо... Кыскасы, мен аны кубалап жеттим да, имере тартып, божурайган көздөрүнө тигилдим. Байкасам, жүзү тамылжып, денеси от менен жалын. Анан да эмне болуп жаткандыгына акылы жетпей, башы маң болгон сыяктанат. Ушундан кийин мен аны кайрадан боорума сыга кучактаган боюнча эриндеринен аймалап өпкүлөп кирдим. Ал болсо туйлап, кучагымдан бошонгусу келет. Ошол эле учурда эркек менен аялдын ортосунда болуучу нерсени көргүсү, сүйүүнүн никеге чейинки тыюу салынган лаззатын таткысы келет. Бирок, мен таарынган киши болуп аны кучагымдан бошотуп: -Мейли, өзүңүз билиңиз. Кереги жок болсо, демек кереги жок... Ушундан кийин мен анын колдорунан өптүм. Ал акырындык менен өзүнө келди.

– Ушундан соң кантип аны бир жыл боюу көргүң келген жок?

– Кантип экенин ким билсин. Менимче, экинчи ирет кездешкенибизде мен өзүмдү кармай албай калам го деп корктум көрүнөт.

– О жолуң болгур, дагы Мопассанмын деп коёт.

– Ооба, балким сен менин ордумда болгондо... Айтор билбейм. Кыскасы, мен аны андан кийин да жарым жыл боюу көргөн жокмун. Ошентип жай мезгили да өтүп, эл дачадан кайта баштады. Билбейм, менин оюма койсо дачада эле жашамакмын. Бессарабиянын күзү не деген керемет: маңдайыңда көк ирим деңиз, арт жагыңда учу-кыйыры көрүнбөгөн жүгөрү талаасы. Ал эми абасычы – мээ сергитет! Айтор, эл менен кошулуп мен дагы дачадан кайтып келгенден кийин, Либман көчөсү менен келе жатсам кайрадан алдымдан Галя чыкты. Ал мага жакын келип: – Ой тобоо, ушундай да болот экен ээ, кайрадан Либман көчөсү! – деп чын дилинен каткырып күлдү.

– Cизди көргөнүмө абдан кубанычтуумун. Бүгүн көңүлүңүз өзгөчө куунак го? Деги сизге эмне болгон?

– Билбейм-деди ал жылмайып. Деңизге барып келгенден кийин өзүмдү ушунчалык жеңил сезип калыптырмын. Тим эле шаарды беш айланып чыксам да чарчачудай түрүм жок. Деңиз жээгинде жүрө берип, күнгө күйгөнүм аз келгенсип, боюм да узарып кетти көрүнөт?

Чынында эле бою узаргансып калыптыр. Мени таң калтырганы анын эч кимден тартынбаган ачыктыгы болду – кудум турмушка чыккан аялдарчасынан ээн-эркин баарлашып, оңтою келген жерде ээн-эркин каткырып күлүп жатты.

— Сизде мен үчүн дагы портвейн жана печенье калган жок беле?-деди ал бир маалда күлкүсүн токтотуп.

– Сиз үчүн кантип табылбасын. Табылат.

– Мен сиздин өнөркананы кайрадан көргүм келип жатат. Балким өнөрканаңызга барарбыз?

06.07.2026

💬 Пикирлер

Азырынча пикирлер жок.