Иван Бунин
ГАЛЯ ГАНСКАЯ
– Албетте барабыз! Барбай анан!
– Анда кеттик. Болуңуз эми, тез-тез!
Тепкич менен өйдө көтөрүлүп бара жатып, мен аны имере тартып боорума кыстым. Ал болсо, мурдагысындай эле башын нары-бери чулгуй баштаганы менен өзгөчө катуу каршылык деле көрсөткөн жок. Өнөрканама киргенибизде: – Деги эмне болуп жатат, бул деген акылга сыйбай турган иш да... Демек, мен акылымдан айнып калган окшойм!? – деди да, ошол эле учурда башындагы самандан токулган шляпасын чечип, креслону көздөй ыргытты. Саргыч коюу чачтары төбөсүнө түйө байланып, таш бака түрүндөгү тарак менен бекитилип коюлган экен. Маңдайында көкүлү тармалдашып, бети күнгө күйө түшкөнү байкалат . Моймолжуган көздөрү: “эми эмне кыласың”– дегенчелик кылып суроолуу тигилгени менен мына азыр көптөн бери көксөп жүргөнү колуна тиерин илгиртпей баамдаган жаш баланын кубанычка толгон көздөрүндөй үмүттүү бажыраят... Мен анын үстүндөгү кийимин туш келди чечип киргенимде ал өзү мага жардам бере баштады. Үстүндөгү ак кофтасын чечип ыргытып, тегиз күнгө күйгөн ийиндери менен үрптөрү ачык-кызгылт түстөгү эмчектерин көргөнүмдө көзүм караңгылап кетти. Ылдый шыпырылып, жерде жаткан юбкасынан ал кандайдыр бир өзгөчө тездик менен буттарын бошотуп, алдымда эми дээрлик жылаңач турду. Ошол учурда күрөң түстөгү тордолгон байпак ичиндеги апакай жумуру саны ого бетер делебемди козутуп жибергендиктен, мен аны көз ачып-жумганча диванга көтөрүп урдум. Ал чалкасынан түштү да, колун көтөрүп мени көздөй жүткүндү. Оозун ачып бир нерсе айтмакчы болду. Бирок шайы келбеди. Дем алуусу тездеп, мына эми жедеп жанына баткан кайсы бир азаптан куткаруучу адамына жолуккандай мени жалооруй тиктеди...
Мына ушул жолугушуудан соң арадан тез эле эки жума өтүп кетти. Бирок, ал бул мезгил аралыгында күн сайын меникине келип-кетип жүрдү да, бир күнү капысынан баш багып мындай деди:
– Сени жакында Италияга кетет-деп уктум го?
– Ооба, туура. Бирок, түшүнгөн жокмун, кетсе эмне экен?
– Сен бул тууралуу мага эч нерсе айткан эмес элең го?! Демек, билгизбей качып кетейин деген экенсиң да?
– Кой садагасы. Жөнү жок күнөөлөгөнүңдү кой. Кантип эле мен сага айтпай кетип калайын? Чынымды айтсам, аркы-берки иштеримди бүтүрүп коюп, кечинде силердикине барып, бул тууралуу оюмду ортого салайын-деп жаткам.
– Атамдын көзүнчөбү? Менин өзүмө айтсаң болбойбу, эмне? Жок, сен эч жакка барбайсың!
– Кандайынча барбайм? Барам эле.
– Барбайсың-деп жатам.
– А мен сага барам-деп жатам.
– Бул сени акыркы сөзүңбү?
– Ооба, акыркы сөзүм. Бирок, сен түшүнсөң. Мен ал жакка биротоло кетип жаткан жокмун да. Ашып кетсе бир жарым айдан кийин эле келип калам. Анын эмнесине мынчалык кыжырдандың? Же, Галя сен эмне...
– Жетишет. Мени Галя-дегениңизди токтотуңуз – мен сиз үчүн мындай кийин Галя эмесмин. Мен бардыгын түшүндүм! Эми кайда барсаңыз – анда барыңыз. Төрт тарабыңыз – кыбыла!
Ушундан кийин ал булкулдаган боюнча сыртты көздөй атырылып жөнөдү да, эшикти күү менен “тарс!”-эткизе жаап, тепкич ылдый чуркап түшүп кетти. Аркасынан кууп жетип, токтотоюн деп ойлоп, бирок: – Мейли, бугу чыксын. Кечинде Отрадага барып, Италияга барбай тургандыгымды айтып, кечирим сурайм-деп ойлодум. Бирок, кечки саат бештер чамасында бирөө эшик черткилегенинен ачсам, эшик алдында сүрөтчү Синани туруптур. Бир нерседен үрөйү учкан балача көздөрү алаят. Босогодон аттаар замат мындай деди: – Билесиңби?... тиги... Ганскийдин кызы ууланып өлүптүр! Угушума караганда, өтө уулуу бир нерсе ичкен имиш. Эсиңде болсо, бир жолу тиги алжыган чал тим эле Леонардо да Винчи болуп кеткенсип, ар кандай ууларды сактап жүргөн кутучасын көргөздү эле го? Дал ошол кутучадан алып ичкен көрүнөт. Айла жок. Бул шайтан алгыр поляктар менен поляк кыздары дейди болот окшобойбу!
– Ушул окуядан кийин атынып өлөйүн дегем, – деди сүрөтчү канжасына тамеки шыкап жатып. Анан бир саамга унчукпай отуруп калды да, мындай деп кошумчалады: – Аз жерден акылымдан айнып кала жаздагам...
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.