Реваз МИШВЕЛАДЗЕ:
Күтүүдөн чарчагандар
9-класстан короздоно баштадык, башка класстын кыздарына (сөзсүз башка кыздарга) көз салып калган кезибиз, бир күнү Шорена чапкенедей жабышты: “Кимди сүйөсүң? Кат жазсаң (ал кезде сүйүүлөрдү кат аркылуу билдирчү эмес белек), алып барып берейин” деп кирсе боло. Жиним келип: “Мага почточунун кереги жок!” деп салдым. Мага эч ким жакчу эмес, тескерисинче, тээ көкүрөктүн түпкүрүндө кыздарды жек көрчүмүн, алардын жанында өзүмдү ыңгайсыз сезип, өзүмө батпай кетчүмүн.
Арадан үч жыл өттү. Бүтүрүү кечесине Шорена узун көк көйнөкчөн келди. Дегеле баардык кыздар согончугуна жеткен узун көйнөкчөн келишип, баардыгы заматтын ортосунда чоңоюп кетишкендей көрүнгөн, биз болсо баягы эле оюнкараак балдар бойдон элек. Кыздар эски кинолордогу бийкечтерге окшошуп турушту. Таң атканча жайылган дасторкондун үстүндө олтуруп зеригип кеттик, мугалимдер бизге көңүл да бурушпады, өздөрү менен өздөрү эле. Тамада кызый түшүп, завучту (чолок Шалва Сарджвеладзе, тарых сабагынан берчү, байкуш былтыр каза болду) “интриган” деп салып, ызы-чуу болуп барып араң токтогон.
Таңкы алтыда Шорена (албетте, жанымда олтурган болчу) кулагыма: “Жүрү, кетип калабыз” деп шыбырады. Мен таңгалып карап калыпмын, бирок унчукпай артынан жөнөдүм.
Ал мени колтуктап алып, тынбай бир нерселерди эле сүйлөп келатты. Анын мындай көп сүйлөгөнүн көргөн эмесмин. Ниношвили көчөсү ушунчалык тынч экен, баскан дабышыбыз жаңырып баратты. Ак көпүрөгө келгенде, жаан жаай баштады, бирок биз Ухимерионини карап тура бердик. Төмөндө Риони суусу шаркырап турду. “Гоги…- Шоренанын үнү каргылданып, бир нерсе айткысы келип, бирок мукактанып токтоп калды да, көпүрөнүн кырына отура кетип – Мага узун көйнөк жарашат бекен?” деп калды. Мен баш ийкедим. “Чын эле жарашат бекен? Же жөн эле айтып жатасыңбы?” – деп туруп эле ыйлап жиберсе болобу. Көпүрөдөн түшүп кетет экен деп чочуп барып эки ийнинен кармап калдым. “Тып” басылды да, көпүрөнүн кырынан түшүп, мени “жалт” карады. “Жиндисиң, ээ, Гоги?” деп күлүп койду. Мектепке кайта барсак, бардыгы бийлеп жатышыптыр, мугалимдер дагы (мугалимдер тимеле каадалуу бийлешет экен). Биз сыртка качып барып келгенибизди бардыгы билип турду. Оо, биздин Кутаисиде ушак дегенде жата калышат да.
Кийин жолубуз айры кетти. Мен, өзүң билгендей, Тбилиси университетине өттүм. Шоренаны апасы жанынан чыгаргысы келбей, Политех институтунун Кутаисидеги филиалына өттү, жеңил өнөр жай факультетине. Мен Кутаисиге көп барбай калдым, журналистика факультетин билесиң да: бир туруп жайкы практика, бир туруп дың жерге жумушка кетебиз… Бирок сага айтып коеюн, Кутаисиге барган сайын дароо Шоренага чалчумун, “барам, жолугам” деп коюп, убакыт болбой, кайра кетип калып жүрдүм. Анан кетерде телефон чалсам, көңүлсүз жооп берчү. “Эмнеге маанайың пас?” дечүмүн мен. “Жок, жакшы эле” деп койчу. Көрсө, ал учурда көзүнөн жаш куюлуп турганын мен кайдан билейин. Мен эч нерсе билбейм, мен эч нерсе сезбейм. Айтчы, эмнеге кээде биз ушундай эч нерсе сезбей-туйбай калабыз, эмнеге көзүбүз сокур болуп калат, ыя?
Бир жолу (анда мен 5-курста элем) Кутаисиге кышкы каникулга барып калдым, дароо апасы чалып, “Шорена ооруп жатат, келип кетчи” деп калды. Бөлмөсүнө кирсем, төшөккө оронуп дубалды карап жатыптыр. Апасы баш жагына отуруп: “Кызым, Гоги келди” деп шыбырады. Ошондо Шорена жууркан менен башын оронду да, түйүлдүктөй түйүлүп жатып алды. Суук тийип, ооруганына жыйырма күн болуп, этинин ысыганы басылбай жатыптыр. Ошентип бүрүшүп жата берди, мен кетейин деп камданып калсам, жуурканынын арасынан колун сунуп, жумшак алаканымды бекем кысты. Ошондогу манжаларын азыр да сезип турам.
Ошол. Андан бери 20 жыл өттү. Шоренаны ошол бойдон көргөн жокмун. Турмуш бизди чилдей таратып, классташтар ким кайда кеткенин билбей калдык. Былтыр мектепти бүтүркөнүбүздүн 20 жылдыгына чогулабыз деп жатып, чогула албай калдык. 20 жаштан 40 жашка чейин убакыт өтө тездик менен өтөт экен. Үй-бүлөлүү болосуң, өмүрүңдү кураштырасың, бир нерселер менен алек болосуң, жинденесиң, сүйүнөсүң, баш көтөрүп, эки жагыңды караганга убакыт таппайсың.