Реваз МИШВЕЛАДЗЕ:
Күтүүдөн чарчагандар
Өткөн бейшембиде, Вака паркынан классташ кызым Нани Бешкенадзеге жолугуп калдым. Ал эптеп-септеп жатып балмуздак саткан дүкөндөн эркек балдарын сүйрөп келатыптыр (күйөөгө кеч чыккан окшойт). “Ангинадан кутула албай отурсак, кайра балмуздак сурашат ушинтип! Сазайды берип жатышат” деп күлдү. Нани эч өзгөрпөптүр, ошондой эле сүйкүмдүү, шайыр. “Ай-иий, жолукканыбыз жакшы болбодубу! — деди ал сүйүнө – Мен сени качантан бери издеп жүрбөйүмбү?!”.
Аны карап, ойлоп коем: “Кудайга шүгүр, балдары кичине экен, институтка өтүшпөйт. Анан мен буга эмнеге керек болуп калдым?”
“Шорена эсиңдеби?”- деди ал. “Албетте, эсимде” – “Ал азыр Тбилисиде жашайт, билесиңби?”
– “Жок” – таңгалдым мен. Мен аны мурдагыдай эле Кутаисиде жашайт, үй-бүлө курган, бактылуу деп ойлопмун. “Эх, сен… – деди Нони жактырбагандай,
— Эркектер аман эле болгула, баарыңар окшошсуңар, баарыңар сокурсуңар! Шорена сен үчүн эмне гана кылган жок. Бирок бир да эркек татыктуу эмес”.
– “Ой, эмне болду? Эмне болуп кетти? Акылың ордуңдабы?” десем, “Шорена мобул даректе жашайт, колдон келсе, барып кой”, – деп колума кагаз карматып, балмуздакка чуркап кеткен балдарынын артынан жөнөдү.
Кечинде лекциям бар болчу. Түнкү ондо бошоп, баягы дарекке жөнөдүм. Тыкылдаттым. Эшик дароо ачылды. “Бул ким?” деп көзөнөктү карап, адеттегидей сураган да жок. Кудум Шорена мени күтүп, эшиктин түбүндө тургандай сезилди. Мени “жалт” карады да, ийиндери түшүп, дубалга жөлөнө кетти. Бир сөз да айтпады. Жүзү да өзгөрбөдү. Күнүмдүк көрүнүш сыяктуу. Кудум мен кошунаныкына шахмат ойноп кирип чыккандай.
Эми сага эмне көрүп, эмне сезгенимди айтып берейин. Чынымды айтсам, азыр өмүрүмдөгү эң толкунданткан, эң кымбат мүнөттөрдү бирөөгө айтып жатканыма жаман болуп турам. Болгону бу өмүрдө укмуштуудай аялдар бар экенине сенин да көзүң жетсин деп жатам. Мындай аялдарга миң мертебе таазим! Бул жөн эле бийик сөздөр эмес, мени туура түшүн. Мен сени адашкан ойлоруңдан кайттыргым келбесе, бул сырымды айтмак эмесмин. Бул сырга бир гана Шорена татыктуу. Бирок сенин айткандарыңды эстеп алып, сенин түшүнөрүңө да ишенбей турам. Кээ бир нерселерди талкуулаганда, талашып-тартышканда, өз жыпар жытын, өз өң-түсүн, тазалыгын, аруулугун жоготот. Таңгалганым, эй, кантип жазуучулар тээ жүрөгүндөгү эң кымбат сырларды окурман сотуна кое алышат?
Шорена шашпай, акырын, жай сүйлөп жатты. Ал токтоп калганда, мен жардамга келип, жапжалгыз сөзүмдү “Айта бер, суранам, айта бер…” деп жаттым. Ал болсо бажырайган көздөрү менен мени карап, эки колун бооруна кайчылаштыра ийиндерин кармалап, шашпай сөзүн улантып жатты. Анын айткандарынын баарын сага жеткире албайм. Бирок мен баарын түшүнүп турдум. Шорена мен жөнүндө баарын билет экен: кантип жашадым, эмне кылдым, эмне жөнүндө кыялдандым, кандай күйөөмүн, кандай атамын, досторум ким, кимди жакшы көрөм, кимди душман санайм, качан эмне менен ооруганмын, эмне мени сүйүнтөт, эмне мени күйүнтөт – бардыгын билет экен. Бирок анын сөзүндө “Көрдүңбү, мен кандаймын? Сага болгон сүйүү үчүн өз жанымдан кечип койгонмун” деген өкүнүүнү да, текеберликти да сезбедим. Сокур сүйүү… Элестет, ал мени менен жөн гана сүйлөшүп жатты.
Ушунча жыл көрүшпөгөнүбүз билинбей, күндө көрүп жүргөндөй: “Эсиңе кел, операцияга жат, өзүңдү кара, сен үй-бүлөңдүн тирегисиң, азыр аялыңа, балдарыңа керексиң” деп жатты. Өзү жөнүндө бир сөз айтпады. Эки жагымды карасам, дубалда менин сүрөттөрүм илинип турат – ушуларды айтып, атүгүл сенден да уялып турам, ушунчалык өзүмө жиним келди десең: эмнеге, эмне үчүн мендей жаш эмес, чачы түшүп бараткан, курсагы чыккан кишиге мынчалык назик мамиле жасайт?!
Мен отургучта кадалып калгандай көпкө отурдум. Бирок кетиш керек эле. Шорена аны илгертпей түшүнүп, ордунан турду. Ошондогу шөмтүрөгөн кебетемди көрсөң — өлүп кала жаздадым! “Сен өзгөрбөпсүң — дедим мен – Өзүңдү ойлосоң боло… өлөөр өлгөнчө жалгыз каласыңбы?”. Дагы бир нерселерди дабдырагандай болдум. Шорена эшиктин алдында турду, колдору ылдый түшүп, башын бийик көтөрүп.