Эрнест ХЕМИНГУЭЙ:

Он чакты индей

Эрнест ХЕМИНГУЭЙ:

(аңгеме)

 

Төртүнчү июль күнү кечке маал шаардан Жо Гарнердин кенен арабасында аны үй-бүлөсү менен чогуу үйгө кайтып келаткан Ник жолдун ар жеринен мас болуп жүрүшкөн тогуз индейди жолуктурду. Эгер адашпаса, бул жол катар кезиккен тогузунчу индей, күүгүм талаш келаткан Жо Гарнер аттарды тык токтотуп, арабадан секирип түшүп, дөңгөлөк тушта жаткан индейди жол четине сүйрөп жөнөдү. Мас неме көмкөрөсүнөн кумга бети менен оонап жатат. Жо аны сүйрөп жол четине жаткыра салып, кайра арабага кайтып келди.

– Бул тогузунчу мас индей, – деди Жо, – шаар четинен ушул жерге жеткенге чейин.

– Эхх, индейлер, – Гарнер айым өзүнчө сүйлөнүп алды.

Ник арабанын арт жагында Гарнердин эки баласы менен чогуу келатат. Жо жол четине сүйрөп салган индейди араба артынан карап калды.

– Бул Билли Тейблшоу эмеспи? – деп сурады Карл.

– Жок.

– Кийген шымы Биллинин шымына окшошконунан айтканым.

– Индейлер баары окшош шым кийишет эмеспи.

– Мен аны такыр көрбөдүм, – Фрэнк кепке аралашты. – Атамдын арабадан түшүп, кайра кайтып келгенин көрүп, жолдо жаткан жыланды өлтүргөн го деп ойлогом.

– Бүгүн индей аттуунун баары таң аткыча жылан өлтүрүп чыгышат ко, – деди Жо Гарнер келекелүү түрдө.

– Эхх, индейлер, – Гарнер айым өзүнчө сүйлөнүп алды.

Алар жүрүп олтурду. Андан ары сапар чоң жолдон бурулуп, тоо тарапка бет алды. Өргө келгенде аттар тарта албай, балдар арабадан түшүп жөө басышка туура келди. Тоо таянган кумдуу жол. Мектеп тушуна келгенде, Ник артына бурулуп адырдан тээ төмөнгө көз жүгүрттү. Петоскинин жарык оту, Литл-Траверс-Бейдин артындагы Харбор-Спрингстин жарыгы көзгө урунду. Алар кайрадан арабага чыгышты.

– Жолго биртке шагыл төшөп коюшса боло, – деди Жо Гарнер.

Араба дарактарды аралай жүрүп баратты. Жо Гарнер менен аялы арабанын алдында бири-бирине ыктап жакын отуруп баратышат. Ник эки баланын ортосунда баратат. Жол ачык жайга чыга келди.

– Мына ушул жерде атам кашкулакты тебелетип кеткен.

– Мындан арыда болчу.

– Кайда экенин айырмасы канча, – Жо Гарнер башын бурбастан туруп айтты. – Кашкулактын жүрбөгөн жери барбы. Ар жерден сереңдеп чыга берет.

– Өткөн түнү мен эки кашкулак көрдүм, – деди Ник.

– Кайдан?

– Көлдүн этегинен. Жээктен өлгөн балык терип жеп жүрүшүптүр.

– Алар енот болсо керек, – деди Карл.

– Кашкулак болчу. Кашкулакты мен билбейт дейсиңби.

– Ии, сен муну билсең керек, – деди Карл чымчып сүйлөп. – Индей кыз менен жүргөндү билген бала кашкулакты билбей калмак беле.

– Жөн сүйлөчү, Карл, – Гарнер айым уулун кагып койду.

– Экөө окшош жыттанып жатышпайбы.

Атасы Жо Гарнер күлүп жиберди.

– Токтот ырсактап күлгөндү, – Гарнер айым эми күйөөсүн какты. – Карл, экинчи ушинтип сүйлөсөң, менден бирди көрөсүң.

– Индей кыз менен сүйлөшүп жатасыңбы, Ники? – Жо Гарнер калп эле билмексенге салып сурады.

– Жок.

– Жанын жейт. Сүйлөшөт, ата, – деди Фрэнк. – Индей кызы Пруденс Митчелл менен жүрөт.

– Койсоңчу. Ал эмес.

– Чын. Ага күндө барат.

– Андай эмес, – деди экөөнүн ортосунда бараткан Ник, ичи эмнегедир аңгырай түштү да, Пруденс Митчеллди ага жабыштырганына тескерисинче кайра ичи жылып: – Мен аны менен жүрбөйм.

– Муну карасаң, – деди Карл. – Экөөнү мен күндө көрөм.

– А менин эрке балам Карл кыздар менен эч сүйлөшө албайт, – деди Гарнер айым. – Эч болбосо индей кыз менен сүйлөшкөнгө жарабайт.

Карл унчукпай калды.

– Ушул кантип кыздар менен сүйлөшө алсын, – деди агасы.

– Оозуңду жапчы.

– Туура кыласың, Карл. Жайлайсың, балам, – атасы Жо Гарнер кепке аралашты. – Кыздар эркекти жакшы жолго алпармак беле. Мына менден үлгү алсаң болот.

– Об-боо, мына эмне дейт? – деди Гарнер айым араба өпөңдөй бергенде күйөөсүнө ыктай жабышып. – Убагында сүйлөшкөн кыздарың толтура эмес беле.

24.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.