Теннесси УИЛЬЯМС
Жамгырдай сагынычтуу сүйлөп берчи, мен тыңшайын
Аял: Ар жумада почтадан өзүмө жетерлик чек келет. Чыканактай пекене кемпир чекти акчага алмаштырып, китепканадан мага керектүү китептерди алып келип таштап, кир кийимдеримди жууганга алып кетет… Аппак кийимдер өзүмө куп жарашат. Менде деле ашып-ташкан ал жок, көл жээктеп бассам кадимкидей чыйрала түшөм… Кечкисин көл жээгинде аянтчада басып жүрө берем. Жээктин күркөлөр жайгашкан тарабында Виктор Хербергдин ырларын ойногон оркестр үнүн бир оокумга дейре тыңшап олтура берем… Жашаган жерим – жабылма терезеси бар кенен бөлмө. Эртеден кечке жамгыр, жамгыр, жамгыр. Кечкисин чарчап-чаалыккан жаным жамгыр үнүн тыңшап жатып өзүмө келип, жүзүмдөгү бырыштар азайгансып жашара түшөм. Дос-жарым жок, таанышым да жок, ошого көнүлдө санаа да жок. Уйку келгенде, мейманканадагы чакан бөлмөгө бет алам, кирип баратканда эшик кайтарган киши: «Кутман кеч, Жонс айым» – деп ар дайым озунуп салам берет, ага жылмайган адам болуп, ачкычты алып кирип кетем. Гезит окуганды, үналгы тыңшаганды таптакыр жыйыштырып салганыма көп болгон; Ааламда эмне кеп – билсем өлөйүн. Мезгил кантип зымырап өтүп жатканы билинбейт… Бир жолу күзгүдөн өзүмдү үңүлүп карасам, чачымды ак аралай баштаптыр, бул чакан мейманканада жасалма ысым менен дос-жары, таанышы жок, сырткы дүйнө менен байланышты үзүп салганыма туура жыйырма беш жыл толгонун ошондо билдим. Буга кайгырбадым да, кубанбадым. Жай турмушта жашап жүргөнүмө шүгүр. Кийин анда-санда киного барчу болдум. Эң арткы катардагы орундукта бейтааныш адамдарга катарлаш олтурам. Эки көзүм экранда. Ойдон чыгарылган каармандар. Чыгармадагы адамдар. Көзү өтүп кеткен жазуучулардын китептери менен күндөлүктөрүн окуйм. Бир кездеги жашоомдо мага тааныш адамдарга караганда, ушул жазуучуларга жакын экенимди сездим. Маркум акындар менен достошуу мен үчүн кандай ыракаттуу, алардан аласам да, бересем да жок. Алардын коңур үнүн тыңшап керемет сезимдерге магдырап, китепти кармаган бойдон уктап калам. Эрте менен тып-тып жамгыр үнү кытыгылап ойготот. Эртеден кечке жамгыр, жамгыр, жамгыр… Бир жолу китепти жаба салыпбы, же кечки он бирде кинодон келипби, айтор, күзгүдөн өңүмдү карай салып, чачым куудай агарганын байкадым. Көбүктүү толкун сымал агарган. (Аял ордунан туруп, бөлмө ичинде ары-бери басып сөзүн улайт.) Денемди кармалап көрсөм, камгактай болуп арыктапмын. О, кудай, ушунчалык арыкмынбы?! Жоголуп бараткансыйм. Өзүмдү таппай калчудаймын. Ошондо гана бул чакан мейманканада эч ким менен байланышып-баарлашпай, тиричиликти бүтүн жыйыштырып салып элүү жыл жашап койгонумду билдим. Жарым кылым. Бүтүндөй бир өмүр. Бул жайга келер алдын мага тааныш адам аттуунун биринин да ысымы эсимде жок. Мен издеп келген да, кеткен да из жок… Күзгүгө карап туруп, алгач ирет көл жээктей соккон шамалга багынып баратканымды, жердин жети түбүнөн соккон таптаза муздак шамалга алдырып баратканымды сездим. (Терезе түпкө олтурат.) Сыртка чыгам да көл жээктеги аянтчада андан бетер арыктап жоголуп кетмейинче басып жүрө берем.
Эркек: Келчи гүлүм мага.
Аял: Улам-улам ичкергенден ичкерип, ичкерип, ичкерип! (Эркек ага барып, отургучтан күчтөп көтөрөт.) Ичкерип барып, муздак шамалдын суук койнуна житип кетерим чын.
Эркек: (Аялды алкымдан жыттап.) Жүр, жылуу уябыз – төшөккө кайталычы, кымбатым!
Аял: Мен сенден кетейинчи! Кетейинчи!
(Эркек аны коё бергенде, аял өксөп ыйлаган бойдон бөлмө ортосуна кайтып келет да, керебет четине олтурат. Киши күшүлдөй дем алып терезеден башын чыгарат. Эркек артына бүлбүл жарык түшүп, жамгыр дагы катуулай жаап келет. Аял калчылдап эки колун кайчылаштырып көкүрөгүнө алат да, өксөгөнү басылып, терең-терең дем алып олтурат. Бүлбүл жарык түшкөн бөлмөгө уңулдап шамал кирет. Эркек дале терезеден башын чыгарып турат.)
Аял: (Үнү жумшарып.) Келчи мага… Келчи мага, жаным.
(Ошондо эркек өзүн жоготуп аялга жанган айдай жарк этип, күйгөн оттой дүрт этип, ак жамгыр болуп, дайрадай ташып бурулду.)
КӨШӨГӨ.
Англис тилинен которгон Кубантай Эрназаров
💬 Пикирлер
Азырынча пикирлер жок.