Джек ЛОНДОН

Жашоо кумары

Джек ЛОНДОН

Алар буттарын араң сүйрөп, дарыяны көздөй ылдый түшүп бара жатышкан, алдындагысы куюлма шагылдан тайгаланып, жыгыла жаздап барып оңолду. Экөө тең чарчап, дармандары калбаптыр, сыягы, ит көрбөгөн азапты көрүшүп, акыры чекелерине жазылган тагдырыларына баш ийишип жоошуп калышкандай түрлөрү бар. Жондорунда көтөргөн оор баштыктары жерге ныгырат. Белдери бүгүлүп, баштарын көтөрө алышпай жер карап баратышты. Экөөнүн тең асынган мылтыктары жонунда сороңдойт.

— Катылып жаткан октордон жок дегенде экини алып алсак жакшы болмок экен, – деди алардын бири.

Анын үнү шыбырап жаткандай, араң эле угулду. Жолдошунун көңүл кош кобураганына таштан-ташка тийип, ак көбүктөнүп агып жаткан сууга жаңы эле кирип бара жаткан сапарлашы жооп бербеди. Экинчиси да биринчисинин артынан сууга кирди. Алар бут кийимдерин чечишкен жок. Мээ какшаткан муздак суудан, буттарынын манжалары жансыз немедей, эч нерсени сезбей солдоёт. Суу улам барган сайын тизеден өтүп, тереңдеп барат. Экинчиси тайгаланып жыгылып баратып кайра турду, бир буту ташка кыпчылып, катуу оорудан кыйкырып жиберди. Кебетеси, анын башы айланып кетти көрүнөт, – теңселип бара жатып бош колу менен бир нерсени кармап алчудай асманды чапчып барып оңолду, бирок бир аздан кийин кайра теңселип, жыгылып кала жаздап токтоду. Ал боюн токтотуп сапарлашын караса, тиги артына бир кылчайып карап койбой кетип бара жаткан экен. Бир мүнөттөй кыймылсыз селейип турду дагы, анан тигиге кыйкырды:

— Билл, токтосоң, бутумду чыгарып алдым окшойт!

Билл киргил сүттөй бозоргон сууну кечип, токтобой кете берди. Артына бир дагы жолу кылчайып караган жок.

Экинчиси анын артынан караган боюнча кыймылдай албай турду, жүзү баштагыдай эле өзгөрүлбөй турса дагы, көздөрү жараланган бугунун көзүндөй жашылдана түшүптүр. Билл жээкке чыгып андан ары бутун сүйрөп кетип бара жатты. Беркиси, дарыянын ортосунда, тигини көзүндө огу болсо атып ийчүдөй тиктейт. Эриндери титиреп, кайраттуу сары муруттары бириндеп чычаят. Кургап бараткан эриндерин тилин чыгарып улам жаланып коёт.

— Билл! – деп кыйкырды ал кайрадан.

Бул капилет жерден кырсыкка кабылып, капканга түшкөн айбандай, айласы куруп турган адамдын көөдөнүнөн чыккан ачуу чаңырык эле, бирок Билл ага кулак кагып да койгон жок. Жолдошу анын бир аксап, бир чалынып, этеги дарыяга малынып, кырлары төө өркөчтөнгөн бөксө адырга жармашып, өйдө чыгып бара жатканын көзүн албай карап турду. Ал аны кырды ашып, карааны көрүнбөй калгыча карады. Анан ал, Билл жалгыз таштап кеткенден кийин аны курчап турган ааламды бир тегеренип карап алды. Алдындагы учу-кыйыры көрүнбөгөн мейкиндикти каптап алган калың тумандын арасынан бозоргон күн алсыз нурун чачат. Салмагын соо бутуна оодарып, чөнтөгүнөн саатын алып карады. Саат төрт болуп калган экен. Акыркы эки аптада ал эсебинен жаңылып калды: июлдун аягы, августун башы болгондуктан күн түндүк-батыштан көрүнүшү керек экенин жакшы билчү. Ал түштүктү белгилеп алды, тээтиги үңүрөйгөн дөбөлөрдүн ары жагында Чоң Аюнун көлү, ошол эле тарапта канада түздүгү аркылуу Түндүк уюл айланасына алып баруучу татаал жол өтөрүн боолголоду. Ал азыр ортосунда кечип турган дарыя Коппермайн дарыясынын куймасы болчу, а Коппермайн түндүк тарапка агып, Түндүк муз океанынын Коронация булуңуна куят. Өзү ал жерлерде болгон эмес, бирок Гудзон булуңу Компаниясынын чоң картасынан көргөн жери бар. Ал айлананы дагы бир жолу имерип карап койду. Көз алдында кунары кеткен, жагымсыз сүрөт тартылды. Бийик эмес бир өңчөй дөңсөөлөр бирине-бири уланып, анын сөлөкөтүнөн жаралган мейкиндиктеги толкун сыяктуу сызыктар… Баш-аягы көрүнбөгөн бозогон, чексиз талаадан башка эч нерсе – бак-дарак, жада калса бир тал чырпык же бир бадал көрүнбөйт. Анын көздөрүндө коркуунун издери пайда болду.

— Билл! – деп шыбырады ал кайрадан: — Билл!

Учу кыйырсыз улуу талаа болгон салмагы жана эч нерсени тоотпогон кабелтеңдиги менен жонунан ныгыра баскансып, дарыянын боз чаңгыл суусунун ортосуна тизелеп олтура кетти. Ал безгек болгон немедей титиреп жаткан, колундагы мылтыгы сыйгаланып сууга түшүп, чалп эткен үн чыгарды. Бул аны эсине келтирди. Бүт эркин жыйнап, суудан сыйпалап мылтыгын таап, жонундагы баштыгын соо бутуна оодарып чымырканып турду да, чыдатпаган оорудан бети-башын тырыштырып жээкти карай бет алды.

24.12.2025

Катталуу зарыл

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.