Джек ЛОНДОН
Жашоо кумары
Күн түндүк-чыгыштан чыкты, тагыраак айтканда жарык ошол тараптагы бозоргон тумандын арасынан чыгып жаткан болчу. Ал таңкы саат алтыда ойгонду. Боз чаңгыл асманды карап жатып, курсагы ачканын сезди. Оодарылып, чыканак таяна баш көтөрө бергенде аны кызыгып карап турган чоң бугу катуу бышкырды. Бугу андан элүү кадамдан ашпаган жерде турган, аны көргөндө мурдуна көмөч казанда чыркырап куурулуп жаткан эттин жыты келе түштү. Ал ойлонбой эле, октолбогон мылтыгын ала коюп, мээлеп туруп милтени басып калды. Чочуп кеткен бугу секирип бурулду да, таштак жерде туяктарын тарсылдаткан боюнча дөңсөөнү ашып бир заматта көздөн кайым болуп кетти.
Сөгүнүп мылтыкты ыргытып, онтолоп өйдө тура баштады. Бул ага оңой-олтоң болгон жок. Муундары дат басып калгандай кычырап, ордунан туруш өзүнчө бир кыйноого айланды. Эптеп туруп, бели-башын түзөп адам кебетесине келгиче дагы бир мүнөтчө убакыт өткөндөй болду. Кыбырай жылып дөңгө чыкты да, айланага көз чаптыра баштады. Бак-дарак, бадал деген нерселер көрүнбөйт, – эңилчек баскан талаада ар кай жерде соройгон чоң таштар, ылайланган көлмөлөр, тунук эмес киргил булактар, кара булут самсаалап көчкөн асман, – күндүн өзүн мындай кой, анын жылт этип тийген нуру да жок!
Ал түндүк кайда экенин, кечээ кайсы тараптан келгенин билбей калды. Бирок, ал адашкан жок. Муну жакшы билип турду. Бир аз солго бурулса, балким тигил дөңсөөнү ашса эле “Кичинекей Таякчалардын Өлкөсүнө” жетип барат. Баштыгын алуу үчүн кайра артка барууга туура келди; үч таңгактагы ширеңкесин дагы карап койду, бирок бул жолу санаган жок.
Бугунун терисинен тигилген анча чоң эмес, ичи толтура, чымчып буума салмактуу баштыкчаны кармалап ойлонуп калды, – анын салмагы он беш фунт, – жонундагы көтөрүп бараткан жүктүн тең салмагы болчу. Кабатыр кылган ошол салмагы эле. Ал баштыкчаны четке таштап, чоң баштыгын жыйнай баштады; бир кезде бирөө аны аңдып тургансып тегеректи шектене карады да, шашкалактап баштыкчаны ала коюп, андагы алтынын бирөөгө тартырып жиберчүдөй, карбаластап чоң баштыкка тыга салды. Эптеп туруп, сандырактап жолго чыкканда, баштыкчадагы алтын анын жонун оор салмагы менен жылытып бара жаткан.
Ал сол тарапка бурулуп, анда-мында эңкейип сазда өскөн жемиштерден терип оозуна салып жүрүп олтурду. Чолоңдоп, буттарын араң сүйрөп, баштагыдан да катуурак аксай баштады, шишип кеткен бутунун сыздап ооруганын айтпа, бирок, ачкачылыктан азабы андан эки эсе катуу эле. Оору менен ачкачылык биригип жанын жеп жатты, ал эми Кичинекей Таякчалар кай тарапта экенин түшүнбөй калды. Жеген мөмөлөр ашказанынын адам чыдагыс оорусун баса алган жок, тили менен таңдайын ачыштыргандан башка пайдасы тийбеди.
Кичинекей колотко жеткенде таштын арасынан бырпыраган топ кекилик учуп чыкты. Жерден таш алып урду эле, тийбей калды. Баштыгын ийнинен алып ташка жөлөп коюп, тигиндейрээк барып конуп калышкан кекиликтерди карай чычкан аңдыган мышык сыяктуу сойлоп жөнөдү. Шымынын тизелери урчук таштарга тилинип айрылып кетти; тизесинин тытылган жеринен артында кандуу из калып, чыдатпай ооруп жатса да, – аны куу кекиртеги алдыга үнүн чыгарбай жылышка мажбурлап жатты. Ал нымдуу эңилчек менен сойлоп бара жаткан, боору чылкылдап сыгып алма суу болду, денеси түктүйүп үшүгөнүнө карабай алдыга жылып баратты, анткени бирдеме жебесе өлчүдөй болуп, ачарчылыктын айдоосунда калган.
Кекиликтер жорголошуп улам арылап оттоп баратышты, аягында алардын кекиликтеп чыгарган үндөрү аны шылдыңдап жатышкандай туюла баштады; ал сөгүнүп, үнүн катуу чыгарып тигилердин добушун туурап кыйкырып кирди. Бир кекиликти аз жерден кармап ала жаздады, кебетеси ал таштын түбүндө үргүлөп уктап жатса керек. Аны так маңдайынан канаттарын бырпыратып учуп чыкканча кашайып байкабай калып жатпайбы. Ылдам көтөрүлгөн кекиликти шамдагайлык менен кармап калууга аракет кылды эле, бирок тилекке каршы колунда ажалсыз чымчыктын үч тал куйругу гана калды. Карматпай учуп кеткен кекиликти ага ченебеген чоң жамандык кылган немедей жек көрүп, акырая караштан башка аргасы жок эле. Кайра артка кайтып, баштыгын асынып, азаптуу сапарын улантты.