Джек ЛОНДОН
Жашоо кумары
Ал ошо боюнча токтогон жок. Шашкалактап Билл ашып кетип көрүнбөй калган дөбөгө катуу ооруга тиштенип чыдап, тырмалаңдап чыгып бара жатты, – өзүнүн аксаңдап араң жөргөлөп бара жаткан Биллден да күлкүлүү абалда экенин элестетип кетти. Ал кырга чыкканда, көз алдына тартылган чакан өрөөндө жан адам жок болчу! Анын жан-дүйнөсүн кайрадан коркунуч ээлеп алды, кайрадан күчүн жыйып баштыгын сол бутуна жылдырып, аксаңдап ылдый түшө баштады.
Өрөөн саздак экен, эңилчекти баскан сайын суу сарыгып чыгып, баскан изине толо түшөт, кадам таштаган сайын таманынандагы суу чалпылдап, туш тарапка чачырайт. Биллдин изин кубалап, эңилчектин арасындагы аралчалардагы сороюп чыккан таштар менен аттап-буттап, арылап кете берди.
Ал азырынча бара жаткан жолунан адашкан жок. Бир аз жүрсө жергиликтүү элдин тилинде “Кичинекей Таякчалардын Өлкөсү” деген түшүнүктү берген айланасын кыска, куурап бара жаткан ийне жалбырактуу токойчо курчаган кичинекей Титчинничили аттуу көлгө жетерин билди. Көлгө тунук булактар куюп турат. Булактардын жээгинде калың камыш өсөт, – ал жерде бактар өспөйт, – аны ал жакшы билет, – ошол жерден булакты бойлоп жүрүп олтуруп, суу экиге бөлүнгөн чатка чейин жетмек. Ал жерден чыккан башка булак батышка агат; аны бойлоп ылдый түшкөндө Диз дарыясына жете барат, ал жерден таш менен корумдалган көмкөрүлгөн кичинекей кайыктын астында катылган жашырын жерин табат. Жашырын жерде жашоого эң керектүү нерселер: ок-дары, кайырмактар, кичинекей балык кармачу тор, ун, бир аз болсо да төш эт, буурчак катылган болчу.
Билл ал жерде барып күтүп жаткандыр, андан ары экөө Диз дарыясы менен ылдый Чоң Аюу көлүнө түшүп, көл аркылуу түштүккө бет алышса, эч жакка бурулбай түштүккө, – аркасынан, алар жаңы эле өткөн дарыялардын бетин музга айлантып, чыкыроон суугу менен каарып келе жаткан кышка жеткирбей түштүккө гана бет алышса, – Гудзон булуңундагы бийик дарактар өскөн, тамак-ашы кенен базары бар, келгин элдер жашаган жерге жетип алышмак.
Алдыга кыйналып араң жылып бара жаткан жолоочу мына ушинтип ойлонуп баратты. Ага алдыга жылыш канчалык оор болсо, Биллдин аны орто жолго карабай таштап кетпегендигине, анын жашыруун жерде катылган буюмдардын жанында күтүп жатканына өзүн ишендирүү андан да оор болчу. Бирок, ал ошентип ойлонууга мажбур болчу, антпесе андан ары убара тартып, алга жылыштын мааниси жок эле, – жөн гана кыймылсыз жатып алып өлүмүн күтсө болмок.
Мунарык баскан күн түндүк-батышка акырындап жылып, уясына киргиче ал Билл экөөнүн кыштын чабуулунан кутула турган түштүктү карай сапарынын ар бир кадамын бир нече жолу салмактап чыгууга үлгүрдү. Ал кайра-кайра жашыруун жердеги катылган жана Гудзон булуңу Компаниясынын кампалардагы тамак-аштын канча күндүк кору бар экенин көңүлүндө эсептеп чыкты. Анын тамак жебегенине эки күн, ал эми тоё жебегенине андан да көп болгон эле. Ал улам жолуккан саздагы өсүмдүктөрдүн мөмөсүнөн оозуна толтура салып, чайнамыш болот. Мөмөлөрдүн аш болумдуулугу жок, жалаң суу, – оозунда ачуу уругу эле калып жатты. Бул мөмөлөр ач курсакка эш болбосун жакшы билчү, бирок болбой эле жей берди, – сокур үмүтү, жыйган тажырыйбасына жеңдиргиси келбей турду.
Саат тогузда ал бутунун бармагын ташка уруп оорутуп алды, чарчап, ырп этерге алы калбай, чайпалып барып жерге кулады. Көпкө чейин кыймылдай албай жамбаштап жатты; бир топтон кийин баштыгын чечип, этияттап жер таяна олтура кетти. Жаңыдан иңир кире баштаган, күүгүмдө үлбүл-бүлбүл көрүнгөн таштарды сыйпалап, бир аз кургак эңилчек жыйнап алды. Аны тутандырып от жакты, – үлпүлдөп күйгөн түтүнү быкшыган отко калай чакага суу куюп асып койду. Анан баштыгынын оозун чечип, эң алгач ширеңке алып чыгып, аны санай баштады. Анда алтымыш жети баш ширеңке бар болуп чыкты. Жаңылып калбайын деп катары менен үч жолу санады. Ширеңкени үчкө бөлүп, ар бирин пергамент кагазка бекемдеп ороду; бир таңгакты баштыгына салды, экинчи таңгакты тумагынын тигишине тыгып койду, үчүнчү таңгакты колтугуна катты.
Буларды жасап бүткөн соң, ал өзүнө ишенбей шектене баштады: ал үч таңгакты тең кайра чачып, ширеңкелерди дагы бир жолу санап чыкты. Ширеңке баштагыдай эле алтымыш жети болчу. Иттин терисинен жүнүн тышына каратып тигилген такасы жок, кончтуу, суу болгон жумшак өтүгүн чечип оттун жанына койду. Өтүгү чоло жери калбай тытылыптыр. Жыртылган жүн байпагынан урчук таштар менен тикенектерден айрылып, кызарып канаган таманы көрүнөт. Басылбай ооруган кызыл ашыгы шишип: тизеси менен бир болуп жооноюп кеткен экен. Ал кебез төшөгүнөн узун тилке кылып айырып алып, бутун таңды, дагы бир нече тилке айрып чулгоо кылып оронду, өтүгүнүн сыртынан да бекем ороп таңып койду. Кайнап калган суудан ичип, саатын бурады да айрылгандан калган кебез төшөгүн жамынып жатып калды. Ал өлгөн адамдай уктады. Айлананы көзгө сайса көрүнгүз караңгы түн басып, бирок бат эле таң атты.