Джек ЛОНДОН
Жашоо кумары
Карышкыр максатына жетүү үчүн оңтойлуу учурду чыдап күтө билчү, адамдын чыдамы аныкынан кем эмес эле. Ал күндүн жарымын эстен танып калбасам экен деп жанталашып, ошону эле күтүп аңдып, ыңгайы келсе баса калып жегенге даяр турган, эгерде кармап алса өзү да аны жегенге даяр, көксөө карышкырдан сактанып, ордунан козголбой өткөздү. Анда-санда акыл-эси туңгуюкка кирип кеткенсип караңгылап, таттуу түштөрдү өңүндөбү же уктап жатып көрүп жатабы айрый албай жатты; ошентсе да бышылдаган дем алуунун жакындашын, одуракай тилдин бетине тийүүсүн сактык менен күтүп жаткан.
Ал анын дем алганын укпай калды, бирок колуна жылуу тил тийгенде эсине келе түштү. Өлүп калган немедей, демин ичине тартып, кыймылдабай калды. Мына… карышкыр аны колдон алды, – азууларын көптөн бери жете албай келе жаткан олжосунун этине матыргысы келип, бүт күчү менен жаактарын карыштыра тиштөөгө бел байлады. Бул учурду чыдамсыздык менен күтүп жаткан адам, алсыз колдору менен анын жаагына жабышты. Оорулуу карышкыр бошоно албай тыбырчылап жандалбастайт, адам экинчи колу менен моюндан алып, эптеп оодарылды да, үстүнөн басып калды. Беш мүнөткө жетпей карышкыр адамдын салмагынан, бутун серпкенге алы келбей, анын астында титиреп жатты. Адамдын аны муунтууга каруусу жеткен жок, бирок анын оозу карышкырдын жүнүн жиреп, тиштери анын моюнуна кирип кеткен эле. Жарым сааттай убак өткөндө ал эсине келип, оозуна жылуу кан толуп, ууртунан аккан канды сүрткөнгө чамасы жетпей, аны соруп жатканын сезди. Бул оор сезим эле, ашказанына жылуу кан эмей эле, эриген ысык коргошун кирип жаткансыды, бирок ага бүт эркин жумшап чыдоого мажбур болчу. Анан ал чалкасына оодарылды да терең уйкуга кетти.
Кит уулоочу “Бедфорд” кемесинде илимий экцпедиция менен жүргөн бир нече адам бар эле. Алар кеменин палубасынан жээктеги бир кызык нерсени байкашты. Карайган жандык сымал бирдеме деңизди көздөй араң кыймылдап сойлоп келе жаткансыйт. Окумуштуулар ал эмне экенин түшүнө алышпай, караган сайын белгисиз нерсеге кызыгуулары артып, акыры кайыкка олтурушуп жээкти карай сүзүп жөнөштү. Алар жээктен көргөн жандыкты адам деп айтыш кыйын эле. Ал укпай, көрбөй, эч нерсени түшүнбөй кумда чоң курт сыяктуу ооналактап, саатына жыйырма кадам ылдамдык менен сойлоп келе жаткан экен.
Үч айдан кийин кит уулоочу “Бедфорд” кемесиндеги керебетте жатып, өзүнүн ким экенин, кндай азап-тозокту башынан өткөзгөнүн ыйлап жатып айтып берди, өзүнүн энеси, Түштүк Калифорния, андагы гүлдөр менен апельсин дарактары менен курчалган үй жөнүндө түшүнүксүз көп нерселерди кобурап жатты.
Дагы бир нече күн өттү, ал окумуштуулар жана кеменин капитаны менен кают-компанияда чогуу олтуруп тамактанчу болду. Ал тамак-аштын кенендигине кубанып, бирок ичинен өзүнөн башка адамдар жеген тамакты аларга ыраа көрбөй кызгануу менен карап, тигилер жеп жиберген тамактарга өкүнүү менен, көз салчу болду. Анын акылы ордунда эле болучу, бирок тамак жегени дасторконго олтурган ар бир адамды жек көрө баштады. Ал тамак түгөнүп калат деп коркчу. Кемеде канча азык-зат бар экенин ашпозчудан, матростун окуучусунан, капитандын өзүнөн тактап сурамжылап да чыкты. Алардын айткандарына ишенбей, жашынып барып кеменин кампасындагы тамак-ашты өз көзү менен карап көрдү.
Анан эле анын күн өткөн сайын толуп бара жатканы байкашты. Окумуштуулар баштарын чайкап, ар түрдүү божомолдорду айта башташты. Ага тамакты азыраак берип көрүштү, бирок анын туурасынан, болгондо да бели жооноюп өскөнү токтогон жок. Ал эми иштин жайын жакшы билишкен матростор ичтеринен күлүп жүрүштү. Окумуштуулар тигини аңдып көрүшүп, эми алар да тигигинин эмнеге семирип баратканын түшүнүштү.
Көрсө ал, тамак ичип бүтүшкөндөн кийин, ылдый жактагы иштеп жаткан матростун биринин жанына барып, кайырчыдай болуп кургатылган нан сурап алат экен да, аны алтын таап алгансып сугалактана карап, анан койнуна салып катып алчу болуптур. Андай садаканы ага бардык матростор берип жүрүшүптүр. Окумуштуулар билмексен болуп, анын жайына коюшту. Анын жаткан жерин карап көрүшсө, кызыктын баары ошол жерде экен, жаткан төшөгүнүн астында, бардык булуң-бурчтарда катылган кургатылган нандар кагырайт. Кандай болсо да аны оорулуу деп айтышка болбойт эле. Ал жөн гана ачарчылыкка каршы чара колдонуп жаткан. Окумуштуулар бул өтүп кетчү нерсе деп жатышты. Чындыгында эле, “Бедфорд” кемеси Сан-Францискодогу кемелер токтоочу жайга киргиче эле, ал бул адаттан арылды.