Джек ЛОНДОН
Жашоо кумары
Жүрүп олтуруп кичинекей көлмөгө туш болду. Чабак карайм деп эңкейип, суудан өз кебетесин көрүп чалкасынан кете жаздады. Суудан аны кебетеси өлгөн адамды ордунан козгочудай болгон түрү суук неме карап турган болчу. Анын сууда чагылышкан кебетеси ушунчалык жагымсыз эле, жадагалса сезимдери мокоп, жан-дүйнөсү терең уйкуга киргенсип мүңкүрөп, сөлөкөткө айланып бара жаткан адам, – өзү да бир селт этип алды.
Көлмөдө кичинекей үч чабак сүзүп жүргөн экен. Көлмө өтө эле чоң болгондуктан аны түбүнө чейин соолутуш мүмкүн эмес эле; ал чака менен сузуп кармап көрдү, бирок бул оюнан да баш тартууга туура келди. Анда ал-күч жок эле, тартып чыкканга алы келбей, сууга чакасы менен жыгылып ошо боюнча тура албай чөгүп кеткенден коркту. Ошол эле себептен дарыянын кумдуу жээгинде толуп жаткан жоон агындылардын бирине минип алып сүзгөнгө да батынган жок. Бул күнү кеме менен өзүнүн ортосундагы аралыкты үч милге, эртесинде эки милге кыскартты; эми ал Билл сыяктуу төрт буттап жөргөлөп бара жаткан. Бешинчи күндүн аягында кемеге чейин дагы жети милдей калган, бирок ал күнүнө бир милди да басып өтө албай калды.
Азырынча жылуу күндөр алигиче сакталып турган, ал улам эсин жоготуп жыгылып, кайра эсине келип төрт буттап жөргөлөп келет, артында андан калбай, жылуу эттен, ысык кандан үмүтү өчпөй, тынбай жөткүрүп, санын сүйрөп сойлогон оорулуу карышкыр. Адамдын тизеси, согончоктору сөөгү көрүнгүчө сүрүлүп, көйнөгүнөн айырып таңганына карабай артындагы эңилчек менен таштардын бетинде кандуу из чубалат. Бир кезде ал артын бурулуп караса, карышкыр анын тамган канын сугалактык менен жалап жатыптыр, кокустан аны андан мурда өлтүрө албай калса, астыда кандай тагдыр күтүп турганы көзүнө даана тартыла түштү.
Ошентип түндүктүн бир ээн талаасында, жашоо үчүн эң катуу кармаш жүрүп жатты: төрт буттап жөргөлөгөн адам жана анын артынан аңдып сойлоп келе жаткан карт карышкыр, – экөө тең араң жан, ээн талаада сүйрөлүшүп, бири-бирин аңдып келе жатышат.
Жок дегенде оорубаган, жаш карышкыр болгондо анча каршылык кылбайт болчу, бирок оорулуу, тирүү өлүккө окшогон жырткыч сымал айбандын тамагы болуштун өзү ал үчүн болбогон уят иш эле. Ал андан жийиркенип жаткан. Акылынан кайрадан айный баштады, көзүнө ар кандай нерселер көрүнүп, акыл-эси тумандап, кайра бир паска эсине келе түшөт. Эсине келе калган учурлары улам кыскарып, улам азайып баратты.
Бир жолу ал так кулагынын түбүнөн бирөөнүн бышылдап дем алганынан эсине келе түштү. Көзү ачып, башын көтөрүп жибергенде карышкыр артка секирип, чалынып жыгылып калды. Бул аябай күлкүлүү эле, бирок адам күлгөн жок. Корккон да жок. Коркунуч эми аны бийлей албай калган.
Акыл-эсин бир мүнөткө жыйнап, жатып алып учурдагы абалын таразалады. Кемеге чейин кеминде төрт мил аралык бар. Ал көздөрүн ушалап, кемени жакын эле жерде турганын көрдү, тигине, анын жанында кичинекей ак парустуу кайык деңизди өйдө-ылдый тилип сүзүп жүрөт. Бирок, ал эми ошол кол сунса жеткидей төрт мил аралыкка жетпесине көзү жетип турду. Төрт милди мындай кой, жарым милге да сойлоп жете албайт болчу.
Ошентсе да анын жашагысы келди. Ушунча азап тозокту көрүп, мына эми максатына жетерде өлүп калыштын өзү келесоолук эле. Тагдыры аны сынап жаткандай. Өлүп баратып да ал жашоо үчүн күрөшүн токтоткон жок. Ажал чеңгелине катуу мыжыгып алса да, баш ийбей акыркы күчү калгыча кармашын улантты. Ал көздөрүн бекем жумуп, болгон күч-кубатын топтоп, аны обу жок короткондон сактанып, улам-улам көтөрүлгөн деңиз сыяктуу, аны адам катары чөгөрүп жок кылгысы келген көңүлү караңгылоолорго жол бербей, анын кысымына туруштук кылууга жандалбастап жатты. Убак-убагы менен ал биротоло артка кайрылгыстай эсинен танып, бирок, жашоого болгон зор умтулуусу аны кайра бери кайрып турду.
Ал чалкасынан жаткан, карышкыр бышылдап ага жакындап келе жатканын сезип кыймылдабай калды. Жырткыч жакындагандан жакындай берди, бул көз ирмемдер адамга кылымга тете узак сезилди, бүт эркин топтоп кыймылдабай катып калды. Мына, анын оор дем алганы кулагынын түбүнөн угулду. Өгөөдөй болгон катуу, кургак тил бетин жалап өттү. Ал колдорун тез өйдө көтөрдү, – тагыраак айканда көтөргүсү келген – алсыз манжаларын жарым жартылай бүктөп серпип өттү, бирок жырткычты кармай албай калды. Так жана ыкчам кыймылдаш үчүн күч керек эле, андай күч аны эчак эле таштап кеткен.