Джек ЛОНДОН

Жашоо кумары

Джек ЛОНДОН

Ал өйдө болуп олтуруп, өзүнүн азыркы учурдагы абалы тууралуу ойлоно кетти. Төшөктөн айрып алган чулгоосу жыртылып бүтүп, буттарынын тамтыгы жок тытылган жерлери жарага айлана баштаптыр. Акыркы төшөктөн бир тилке да калган жок. Мылтыгы менен бычагын жоготуп жиберген. Тумагы да кайда калганы белгисиз, бир гана колтугундагы ширеңке жоголбой, кургак бойдон экен. Саатын карады. Ал жүрүп жатыптыр, бурап коюп турганды унутпаса керек.

Азыр акыл-эси ордунда эле. Карбаластап шашылбады. Алы кеткени болбосо эч жери ооруган деле жок. Тамак ичкиси да келген жок. Тамак жөнүндө ойлонуу ага жагымсыз сезимдерди жаратып жатты. Ал эмне иш кылса дагы, кыла турган иштерин терең ойлонуп, акыл-эси менен жасап жатты.

Шымынын багаэлегинен тизесине чейин айырып алып, тамандарына ороду. Чаканы таштаган жок: кемени карай жолдо ысык суу ичпесе болбойт; ал сапары оор болорун билип турду. Кыймылы аябай эле жай болчу. Денеси шал оорусу менен ооруган адамдыкындай титиреп жаткан. Жерден эңкейип эңилчек терип, аны көтөрүп тура албай койду. Бир нече жолу турганга аракет кылып, акырында тура албасына көзү жетип төрт буттап жөнөдү. Бир жолу оорулуу карышкырга жакын сойлоп барды. Араң жан жырткыч тилин чыгарып жаланып алды да, четке чыга берди. Адам анын тили дени-карды соо айбандыкындай кызыл эмес, илешкек шилекей  каптап, саргайып калганын байкады.

Суу кайнатып ичкенден кийин дагы эле алсыз экенине карабай, өйдө турганга жарап калыптыр. Ал канчалык мүнөт сайын тынып, теңселе басып бара жатса, карышкыр да ошондой алсыз кадам таштап артынан аңдып келе жатты.

Малдыр-жандыр мойнуна кылыч такалып, ажал тике маңдайынан чыкса да, канчалык оор, шорлуу турмушка туш болсо да, жашоого кумары канбай, азаптуу жашоого жандалбастап жабышат окшобойбу…

Түн кирип, көгөрүп күнгө чагылышып турган деңиз көрүнбөй калган кезде, жолоочу төрт милге жетпеген аралыкты басып өткөнүн боолголоду. Түн ичинде оорулуу карышкырдын жөтөлү, бугунун музоолорунун мөөрөгөн үндөрү угулуп турду. Тегерегинде жашоо кадимкидей нугу менен өтүп жаткан.

Ал оорулуу карышкыр анын өлүмүн күтүп, ээрчип келе жатканын түшүндү. Эртең менен көзүн ачып чыдамы кеткен карышкыр аны сугалак көз карашы менен тиктеп турганын көргөн. Куйругун кыпчып, башын ылдый салаңдаткан жырткыч, карышкырга караганда маанайы жок ачка итке окшоп турган эле. Ал муздак шамалдан денесин калтырак басып титиреп жатты. Адам чымырканып угулар-угулбас кырылдаган үнү менен аны карап бир нерсе дегенде, тигил тиштерин ырсайтып көргөзгөнгө араң жарады.

Күн жаркырап чыгып өйдө көтөрүлгөндө, адам чалынып-жыгылып кайрадан кемени көздөй бет алып жөнөдү. Аба-ырайы сонун болуп турган. Түндүктүн күз алдында боло жүрчү шамалсыз, жылуу, ачык күндөрү башталган эле. Анын жумалап созулушу, же эртең, бүрсүгүнү бүтүп калышы да мүмкүн болчу. Түш оогондо ал адамдын изине түштү. Ал башка адамдын, болгондо да эки буттап эмес, төрт буттап жөргөлөп бара жаткан адамдын изи экен. Биллдин изи болсо керек деп ойлоп койду, көңүл кош. Ага кимдин изи болсо да баары бир эле. Чындыгында ал эч нерсени сезбей да, бир нерсеге толкунданбай да калган. Ооруган жерлери да кыйнабайт. Тим эле ашказаны менен мээси эс алууга чыккандай. Бирок жашоого болгон үмүттүн шооласы өчпөй, аны алга сүрөп бара жатты.

Ал аябай чарчады, андагы жашоо жалп этип өчкүсү келген жок; жалп этип өчкүсү келбегендиктен дагы эле саздын мөмөлөрүн, чабак балыктарды жеп, ысык суу ичкенди токтоткон жок, жана оорулуу карышкырдан көзүн албай сак келе жатты. Төрт буттап жөргөлөп өткөн адамдын изи менен келип, анан анын сапарынын эмне менен аяктаганына күбө болду: эңилчектүү сазда таза мүлжүнүп чачылып жаткан сөөктөр, карышкырлардын каршы-терши издери… Бугунун терисинен тигилген, дал аныкындай ичи толтура баштыкча, – курч тиштер тийип бир бурчу айрылып калыптыр. Ал аны өйдө көтөрүп, бирок алсыз манжалары менен кармап туралбай, кайра түшүрүп жиберди.

Билл өлгөнчө тырышып, аны таштабаптыр да. Ха-ха! Ал Биллге дагы өзүн көрсөтөт! Бул баштыкчаны тигил көгөргөн деңизде калкылдап турган кемеге чейин алып жетет! Ал карганын каркылдаганына окшогон тири шумдук күлкү менен каткырып алды, оорулуу карышкыр аны коштоп уңулдап улуп жиберди. Адам унчукпай тымый түштү. Бул чачылып жаткан таза мүлжүнгөн, өңү кызгылт сөөктөр Биллге таандык болсо, ал Биллди кантип шылдыңдай алмак эле? Ал тетир бурулуп кетти. Ооба, Билл аны таштап кетти, бирок ал анын алтынын албайт, сөөгүн да кемирбейт. Билл менин ордумда болсо эмне кылат эле деп ойлоп койду, сөөктөр чачылган жерден узап баратып.

24.12.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.