ОМОР СУЛТАНОВДУН ПОЭЗИЯСЫНДАГЫ «УБАКЫТ» КОНЦЕПТИНИН КӨРКӨМ ИНТЕРПРЕТАЦИЯСЫ
ҮМҮТ КУЛТАЕВА
Кыргыз поэзиясын өз үнү, стили, башкаларда кезикпеген көркөм-эстетикалык табылгалары менен байыткан акын О.Султановдун чыгармачылыгын изилдөө улуттук адабияттын келечектүү темаларынын бири экендиги шексиз. Анткени «Омор Султанов өзүн-өзү ачуу, өзүн-өзү табуу, өзүнүн «МЕНИН көрсөтүүгө жетишүү кандай болорун, акындык, адамдык тагдыр күтүү, чыгармачылык изденүү эмне экенин» [1, 283] көрсөтүүчү зор адабий мурасын артына таштап кетти. Акын
өзү айткандай, чыгармачылыгынын «Отузунчу станциясына» келгенде «кең ачылгын вагонунун терезесинен» көрүнгөн кенен мейкиндикте анын не бир талдоого муктаж орошон ойлору жатат. Анын бири – «убакыт» концепти. Акындын жалпы чыгармачылыгына саресеп салганда анын поэтикалык жыйнактарынын көбү: «Тоо күндөрү», «Жылдыздуу түн», «Аэропанорама», «Көз ирмем», «Отузунчу станция», «Аралдар арасында», «Дүйнө», «Ашуу төр», – деп убакыт, мезгил жана мейкиндик бирдиктери менен аталган экен.
«Убакыт» философиянын тили менен айтканда: «...өткөндү, учурду, келечекти баамдоого мүмкүнчүлүк берген адамдын жашоосунун жолу. Ошондуктан убакытты адамдын болмушунун шексиз өбөлгөсү катары кароо зарыл» [2, 224].
«Убакыт» концепти акындын поэзиясында суудай агат, куштай учат, токтоп калган өндөнөт, жоголот, өтөт, кээде жаздай келет, кээде жаздагы кардай кетет. «Убакыттын» мындай кыймылы белгилүү мейкиндикте: көл жээгинде, тоо койнунда, дүйнө жүзүндө, үйдө жайгашат да, лирикалык каарманды түрдүү психологиялык абалга алып келет: ал көлдөй толкуйт, деңиздей чалкыйт, «убакыт» укум болгондо дүйнөсү тарыйт же «убакыт» тартуулаган бактылуу көз ирмемде, тескерсинче, ааламга батпай калат.
Адамдын турмушунан башка реалдуу жашоодо «убакыт» инсандын аң-сезимине баш ийбеген болмуштун объективдүү формасы. Ал эми адам жашоосунда «убакыт» ал мыйзам ченемдин алкагынан чыгат. Бул адам баласынын жандуу жаратылыштагы феномени. Нобель сыйлыгынын лауреаты А.Эйнштейдин «Салыштырмалуулук теориясы» [3] адамдын аң-сезимине да таандык көрүнүш. «Убакыттын» философиялык, биологиялык, социалдык түрлөрүндөй эле адамдын субъективдүү кабыл алуусуна негизделген психологиялык убакыт бар. Психологиялык убакыт – «...инсандын турмушунда ар кандай масштабда болуп жаткан окуялар менен убакыт мамилеси боюнча ой толгоолору жана санаркоолорунун психологиялык процессин камтыган реалдуу убакыт» [4, 64]. Мындай учурда адам кайгырып, санааркап, куса болуп турган учурда убакыт кыймылын азайтат, ал эми кубанып, жакшы маанайда турганда убакыттын кыймылы тездейт. О.Султанов дал ушул «убакыт» концепти аркылуу кыргыз поэзиясына сезим ырларынын жаңы толкунун алып келген акын. Анын ырларында лирикалык каармандын ар кандай көңүл жагдайлары убакыт концепти менен аныкталат. Көңүл кушу көкөлөп турганда «убакыт» суудай агат, куштай учат, жебедей сызат; ал эми санааркап турганда токтоп калган өндөңөт:
Сен кайдасың, мен кайдамын бул күндө?!
Билбейм сени, мен жалгыздап басамын.
Мага убакыт токтоп калган өңдөнүп,
Мен да токтоп калган өңдүү жашадым. (I, 47.) (курсив – биздики)
Акын реалдуу жашоодо убакыттын токтоп калышы мүмкүн эмес экендигин да түшүнөт, ошондуктан «өңдүү», «өңдөнөт» деген болжолдоочу лексикалык бирдик менен өзүнүн психологиялык абалын – жашоону жокко чыгарган көңүл жагдайын салыштырмалуу берет. Негизи убакыт мейкиндик жана кыймыл менен тыгыз байланышта, тексттен көрүнүп тургандай, автордун «мени» мейкиндиктен «сенин» таппай калган учурда жана анын кыймылы «жалгыздыкка» дуушар болгондо жашоосу жокко чыгат. А бирок көркөм тексттин касиети ушунда убакыттын токтом калышы лирикалык каармандын жашоосун жокко чыгарганына карабай, ырдагы поэтикалык образдын окурманга таасир этиши экспрессивдүү жана курч .