ОМОР СУЛТАНОВДУН ПОЭЗИЯСЫНДАГЫ  «УБАКЫТ» КОНЦЕПТИНИН КӨРКӨМ  ИНТЕРПРЕТАЦИЯСЫ

ҮМҮТ КУЛТАЕВА

ОМОР СУЛТАНОВДУН ПОЭЗИЯСЫНДАГЫ  «УБАКЫТ» КОНЦЕПТИНИН КӨРКӨМ  ИНТЕРПРЕТАЦИЯСЫ

Келем деп келер жерге сен келбедиң,

Мен коркуп жаш баладай элеңдедим.

Кыш түшүп ак жай күнү кыялыма

             Томсоруп кала берди теребелим  (IV, 330)

 

 «Убакыт» табиятынан  токтобойт,  ал дайыма кыймылда, анткени анда жашоо бар. Анын лингвистикалык аныктамаларынды «убакыт – жашоонун синоними»деген  пикирлер кездешет.

Альберт Эйнштейн уулу Эдуардга жазган катында: «Жашоо – велосипед тээп бараткандай (токтосоң – жыгыласың). Жыгылгың келбесе, кыймылда» [3, 15.] – дегени убакыттын кыймыл менен байланышына негизделгенин байкоого болот. Ошондуктан  жашоодо  «убакыттын» адамга бакыт тартуулоо мүмкүндүгү да мол. Акындын ырларында  лирикалык каарман жашоонун ыракатын сезгенде «убакыттын»  кыймыл динамикасы ылдамдайт, б.а. ал  «суудай агат».  

Убакыт суудай акты, унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түнү айта бердим жетине албай,
                Калтырбай бул дүйнөдөн билгенимди (IV, 11.)

 

Акындын  «Унутпадым» аттуу классикалык ырынан алынган бул үзүндүдө жан-дүйнөнүн жагымдуу кубанычын чагылдырган сезим кайрыгы өзгөчө поэтикалык кубатка ээ. Акын ажарлуу күлкүнү  «ачылган аппак гүлгө» салыштыруу аркылуу өзү  «поэтикалык шыктануунун кубатына»   ээ болгондой, лирикалык каармандын «...жетине албай, түнү бою бул дүйнөдө билгенин калтырбай төгүп бериши – О.Султановдун чын-дилдүүлүгүнүн, окурманына сыр төгүшүнүн символу. Сыр төгүүнүн поэтикалык кубаты ушунчалык, ал сөздүн семантикалык маанисине сыйбай, кошумча каражатты – музыканы  талап кылганы байкалат. Анткени поэтикалык сөздүн образдуулугу «сөз, ой жана үндүн үчилтиктүү биримдигине [6,80.] таянат эмеспи. Ошондуктан да О.Султановдун ырларына обондун  көп чыгарылышы анын ырларынын поэтикалык кубатында.

         Акын өзү «убакытты» жөн гана сезүү менен чектелбейт, анын агымына кулак төшөйт. Убакыттын агымы акынды келечек жөнүндө ойлонууга мажбурлайт,  өмүр сыяктуу кымбаттыгын эскертет:

 

Убакыт үнсүз агат

деп ким айтат?!

....

Агынга кулагыңды тазалатсаң

айла ошол

Кереңдиктен айыктырган

 

Эгер мен убакытты

Сууну алкымдап муунткан

крандан болсо дагы

эптеп угуп турбасам

убакыттын бар экени эстен чыгат

                                  урпактарды унутам... ( II, 375-376)

 

         «Убакыттын» бакыт тартуулоочу ылдамдыгы адамдын мейкиндигин кеңейтет. Натыйжада акындын «мени» ааламга сыйбай тургандай сезимге кабылат:

Бакытты ар ким күтөт ар кай жактан,

Багыттан бир күн мага күтүлбөгөн, –

Жазга жуук ооруп жатсам келип калдың,

Мен сени бакты экениң түшүнбөгөм.

 

Жашоонун жайык жолу сонун тура,

Дегдеген махабаттын таңдары аткан.

Көңүлүмдө ыраазылык топтолтура,

                   Мынчалык бакыт менен кайда батам?! (IV, 353.)

 

«Убакыт» өзүнүн илимий аныктамасында бир өлчөмдүү же  «убакыт» кайталанбайт» [2, 224.]. О.Султановдун поэзиясында убакыттын мындай касиети өткөн күндөргө өкүнүч, кайрымсыз өмүр, анын кыскалыгына арман айтуу жөнүндөгү сезимдер мозаикасы  метафоранын образдуу сыйкыры менен берилет.

 

Атаганат, токуп минип аргымак,

Бурганакта жал куйругун сапырып.

Түндөн  туруп ким кайырып келе алмак,

Ашуу ашкан күндөрдү айдап жапырып.

 

Өмүр өтүп, барат күнгө кеч кирип,

Бүгүн көргон эртесинде эскирип.

07.11.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.