ОМОР СУЛТАНОВДУН ПОЭЗИЯСЫНДАГЫ  «УБАКЫТ» КОНЦЕПТИНИН КӨРКӨМ  ИНТЕРПРЕТАЦИЯСЫ

ҮМҮТ КУЛТАЕВА

ОМОР СУЛТАНОВДУН ПОЭЗИЯСЫНДАГЫ  «УБАКЫТ» КОНЦЕПТИНИН КӨРКӨМ  ИНТЕРПРЕТАЦИЯСЫ

Индиянын белгилүү  эпосу «Махабхаратанын» биринчи китебинин кириш сөзүндө мындай афоризм кездешет: «Бар болуу жана жок болуу, бакыт жана бактысыздык — мунун баары убакыттын тамыры»  «Токтоп калган убакыт» акындын «Сен жөнүндө поэма»  түрмөгүндө өтө жыш кездешет. Анткени дал ушул түрмөк О.Султановдун адамдык жана акындык тагдырынын бактысы да, бактысыздыгы  да өңдөнөт. Өзүнүн эле  эмес, «каламынын»  - чыгармачылыгынын да (Сен жөнүндө баштап бүтпөс поэма, каламыма таап бердим зор бакыт) бактысы. Адатта, лирикалык каарман жалгыз биринчи жактын «мени» аркылуу автордук ички ой-толгоолорун, сезим сырларын, арзуусун, арман-асиретин берсе, «Сен жөнүндө поэмада»  сезим кайрыктары  «мен» жана «сен» аркылуу актуалдашып, «сен» «менден» кем эмес көркөм функцияны аткарат да ички түйшөлүү адаттагыдан эки эсеге тереңдейт.

 

Эгер мени сага айтышса өлдү деп

Жүрөгүңө жаанын огу тийгендей,

 бир зырп этип, уйгу-туйгу болорсуң.

Көз жашыңа көчө чаңын орорсуң.

                                                    Бирок бир күн турмуш деген ушул деп,

Сен кайрадан мени унута баштайсың.

 

А мен болсом…

Менин жөнүм башкараак…

Мен жашаймын, албетте, жашаймын.

Жанды багам бир тобунан өйдөрөөк.

Бирок гана көзүм көлдөй суз тартып,

               Мага убакыт токтоп калган өндөнөт. (I, 48.)

 

         «Убакыттын» токтоп калышы психологдордун аныктамасы менен айтканда,  жан-дүйнөнүн психологиялык өлүмү [5, 96.] эсептелет. Мындай абалда «инсан чөйрөдөн обочолонуу, жашоо кумарын жоготуу, айлана-чөйрөгө кайдыгер кароо, сагыныч менен кусалык сезиминен жапа чегүү» абалына дуушар болот. Акындын мындайдөгү абалды сүрөттөө көркөм интерпретациясы илимий аныктамаларга дал келет.

 

Сонун, сонун кыздар келет шаңкылдап,

Жан эриткен жакшынакай ыр ырдап.

Мен аларга көңүл бөлүү ордуна

Кулагыма тоңуп калган чуулдак,

Арасынан өзүңдү издей баштаймын.

Башка… башка… такыр башка таптакыр.

Жакшы … сулуу… бирок гана башкача…

Көңүлүм, көзүм сени гана жаттаптыр…

Алым келбей өзүмдү-өзүм атташка

 

…Мына ошондо өңүм суудай суз тартып,

         Мага убакыт токтоп калган өңдөнөт (I, 48.)

 

       Адамдын жан-дүйнөсүнун психологиялык өлүм абалда калышы мейкиндикти да, убакытты да кысат, натыйжада лирикалык каарманга  дүйнө тар, убакыт бир укум:

Кетпестирсиң аманымда эсимден,

Мен бир убак сар санаада эзилгем.

Дүйнө тарып, укум болуп убакыт,

                   Өмүр бою бир тартылгам көз ирмем. (IV,358.)

 

         Ал эми психологиялык  убакыттагы санаркоо анын ылдамдыгын томөндөтүп, бир сааттын өтүшү бир жылга созулгандай, кусалыктан жапа чегүүнү күчөтөт, мындай учурда адамдагы дагы психологиялык абал – өзүн-өзү таппай калуу, өзүн жоготуу абалындагы алдастоону  көз алдыга келтирет да. Мындай абалдагы лирикалык каарман жаш баладай элеңдеп коркот, ак жайдын күнү кыш түшкөндөй муздайт. Убакытты субьективдүү кабыл алуудан реалдуулукка төп келбеген ички сезимдеги ар түрдүү дүрбөлөң  ырдагы психологизм чыңалтып, окурмандын да психологиясына бүлүк салат:

 

Бир сагат сени күткөн жылга татып,

Каламга кагаз бетин каралатып,

Отуруп ойго-тоого урунамын,

Ойлорум ооздуксуз ала качып.

07.11.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.