ОМОР СУЛТАНОВДУН ПОЭЗИЯСЫНДАГЫ  «УБАКЫТ» КОНЦЕПТИНИН КӨРКӨМ  ИНТЕРПРЕТАЦИЯСЫ

ҮМҮТ КУЛТАЕВА

ОМОР СУЛТАНОВДУН ПОЭЗИЯСЫНДАГЫ  «УБАКЫТ» КОНЦЕПТИНИН КӨРКӨМ  ИНТЕРПРЕТАЦИЯСЫ

Аза күтүп, ар бир өткөн күнүмө,

                   Амалым жок ыйлап алам эчкирип. (III, 72-б.)

 

Кайран жаштык, өттүң, кеттиң келбейсиң,

Караан үзүп, кайкыны ашкан желдейсиң.

Безип кеткен бир кездеги бактымдай,

                Келгиң келип турат, бирок келбейсиң (Ошондо)

 

 Улам жашы өйдөлөгөн сайын акындын убакытка болгон мамилеси да өзгөрүп отурганы байкалат. Кийинки чыгармаларында «убакыттын» динамисы улам тездеп, токтобой, кайрылбай өтүп жатканын туюп билүүдөн улам ага болгон мамилеси кескин өзгөргөн. Акындын айтайын дегени айтылбай калгандай, элине берчү руханий дүйнөсү толук берилбей калгандай, шашуу абалында жашагандай. Ал эмес убакыттын жоголуп баратканы – өмүрдүн кыскарышынын   метафорасы катары аңдоого алынат. «Чарчоонун жүзүнчү ырынын» токсонунчу ыры «Убакыт» деп аталат, анда убакыт жок.

                                                         Убакыт жок,

Күлүүгө да жок убакыт.

                           А өлүүгө андан бетер жок убакыт,

     Таптакыр жок убакыт

 

              Көр оокаттын баары эле бар:

Акча-тыйын,

Кадыр-сыйың.

          Баары эле бар… мал деле бар

Бирок гана убакыт жок.

 

Эми кайра кайра албайсың

Кайра ал кезге барбайсың.

Анткени ага убакыт жок

Бир келди да, бир кетти

                                   Баары келип, баары кайра кетишти (II, 401.)

 

         Табиятынан жаркын, жашоону сүйгөн акын өмүрүнүн аягында көңүлсүз узак жашоону каалаган эмес экен. Ал жашоого философиялык көз караш менен карап, өмүдүн түгөнүшүн табигый нерсе катары кабыл алган.

 

Бопбоз болуп, көзгө эч нерсе көрүнбөй,

Мобул дүйнө чындык эмес, төгүндөй.

Ушул жашоо убарасы миң буроо,

Узун өмүр – убактылуу өлүмдөй  .

 

         Анткени менен  акындын канаттуу ырлары убакыт сыяктуу түбөлүк жашоо укугуна ээ. О.Султанов өзү айткандай:

Акын эмне? Акын – элдин жаштыгы,

Акыл менен акылманды шаштыруу.

Коркпой турган кудайыңдан башкадан,

Падышадай түбөлүккө тактылуу.

 

         Кыргыз поэзиясында акындын ырлары «падыша тактысы» менен жашай берет деген ойдобуз.

 

Адабияттар

1.     Даутов К. Издегеним тубаса акын, тунук поэзия. – Б.: Бийиктик, 2008. 279-292-бб.

2.     Философия. Энциклопедиялык окуу куралы. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004.

3.     Эйнштейн F.Теория относительности. Электрондук ресурс:https://www.rult.me >books/ Кайрылуу күнү 22.10.2025.

4.     Горбунова Г.П. Психологическое время в структуре самосознания взрослого человека. Электрондук ресурс:https://www.sibscrip/ru.<view. Вестник КемГУ, 2005, №2. С. 64-68.

5.     Набойченко М.М. К проблеме социальной и психологической смерти в «Обществе риска» //Электронный ресурс, Интернет сайт: https://cyberleninka.ru article. Известия вузов.Северо-Кавказский регион. Общественные науки.Спецвыпуск. 2006 г. Кайрылуу күнү 22.10.2025.

07.11.2025

💬 Комментарийлер

✍️ Комментарий калтыруу үчүн катталышыңыз же киришиңиз керек.

Азырынча комментарийлер жок.