Поэзиядагы граждандык пафос үчүн!
САЛИЖАН ЖИГИТОВ
Белгилүү жазуучуларыбыздын баары негизинен катаал турмуш мектебинен окуп, айыгышкан коомдук күрөштүн арасынан өсүп чыгышкан. Ал эми азыркы жаштардын көбү түз эле мектеп партасынан жогорку окуу жайына өтүп, андан адабият майданына келип киргендер. Аларда турмуштук байкоолордун, материалдардын запасы өтө кедей.
Чыныгы турмуштун кайнаган базарына өзү аралашпай, элдин кайгы-кубанчын бөлүшпөй тек гана сырттан байкоочу болуп турса гениалдуу художник да алгылыктуу эчтеме таба албайт.
Ошентип, турмуштан буту тайып калган жаш акындар андан кийин карандай фантазиясынын шарапаты жана окуган китептердин таасири боюнча жазып калышат. Ушундан улам абдан шыктуу, жөндөмдүү адамдар да кедери кете баштайт. Өзүнүн турмушту начар билгенин сезген жаш адабиятчылар каруу-күчү толуп турганда, тоону омкорор дымагы бар чакта эмне үчүн турмуш кайнаган жактарга барып, турмуш мектебинен окуп келбегенине таң калса болот.
Кээ бирөөлөр: «Эл арасына кетсең чөгүп кетишиң да бар, анын үстүнө жазгандарыңды редакциялар көзүң турмайынча чыгарышпайт» дегендей шылтоо айтышат. Бул — таптакыр тайкы пикир. Өз идеалына ишенген, элди сүйгөн, художниктин жүрөгү бар, максаты чоң адам айыл эмес, Муса Жалилге окшотуп түрмөгө отургузуп койгондо да кайратынан жазбайт, өз позициясынан кайтпайт. Мындай касиети жоктор редакциянын ичинде жүрүп, жалаң назик эстет адамдардын чөйрөсүндө алдейленсе да, жарытылуу эчтеме кыла албайт. Ал эми басмага бастыруу жөнүндө кам санабаса да болот, анткени жакшы чыгарма үчүн жарык көрүү проблема эмес.
1958.