Поэзиядагы граждандык пафос үчүн!
САЛИЖАН ЖИГИТОВ
Ошону менен бирге идеясы да, көркөмдүүлүгү да төмөн турган чыгармаларга кеңири токтоло албадык, айрым мааниси тайкы, түшүнүгү бүдөмүк куплеттерди, чоң акындардын интонациясы угулган саптарды, улам кайталана берген ойлорду, стилистикалык өксүктөрдү тирмейип издеп, кычаштык кылганыбыз жок. Тек гана жыйнактагы ырларды үч чоң топко бөлүп, алардагы мүнөздүү, урунтуктуу, орчундуу терс жактарды көрсөттүк.
Эми үч топко жалпы, китепке орток кемчиликтерге келелик. Биз жогоруда көрсөтүп өткөндөй, Урманбетов негедир саясий лирикадан, актуалдуу темалардан жаа бою качып, жалаң гана насаат, философия чалыш, сырдаштык лирикасы дегенде жантыгынан жата калат. Китептеги чыгармалардан доордун духу, вкусу, илеби сезилбейт, мезгилдин белгилери ачык көрүнбөйт. Кыязы, жаш автор күндөлүк темага арналган ырлар, саясий лирика заман артка жылып, эскиргенде аны менен кошо эскирип, унутулуп калат, ал эми «түбөлүктүү темаларга» арналып жазылган, дайыма эскирбес көрүнүштөрдү ырдаган лирика качан болсо күчүн коротпойт, анткени адам, анын сезимдери, махаббат, жакшылык-жамандык ж. б. коммунизм толук курулганда деле ошол бойдон калат деген пикирде болсо керек. Эгер мындай пикирдин туткунунда чын эле жүрсө, Урманбетов аябай жаңылышат. Ар кандай китептин, ар кандай чыгарманын, ар кандай акындын салмагы алардагы доордун духун, мүнөзүн, өзгөчөлүгүн чагылтуу даражасы, саясий тенденция, граждандык пафостун курчтугу менен ченелет. Эгер саясий лирика, күндөлүк темадагы чыгармалар ушул касиеттерди жакшы сиңирсе философиялык жана насаат ырларынан алдаганча өмүрлүү болорун дүйнөлүк адабияттын тарыхы айкын далилдейт. Муну макалабыздын «увертюра» өңдүү бөлүгүндө да айтып кеткенбиз.
Демек, «Жел кемеде» граждандык пафос, актуалдуулуктун белгилери аз.
Экинчи бир орчундуу кемчилик — анда турмушка күйүү, жаштыктын дымагы, саясий жалын, жандуу турмуштун, элдик күрөштүн күрдөөлдүү агымы анча байкалбайт. Бул негизги кемчиликтер жалгыз гана Урманбетовго тиешелүү болсо биз анчалык наалыбайт элек, алар жаш акындардын дээрлик баарында бар. Жаштарда мындай кейиштүү көрүнүштөрдүн болушуна кандай себептер себепкер?
Биринчиден, аксакал акындарыбыз өздөрүнүн баштагы жакшы салтын алымсынарлык уланта албай, мурунку темпти басаңдатып жиберишти. Алар доор менен катарлаш кадам шилтей алышпай, өткөн замандарга көбүрөк кылчактап, азыркы күндүн темасына анча маани бербей коюшту. Эгер ушул учурдун маселелерине кайрылышса, илгеркидей тереңге сүңгүп кире албай, үстүртөн кетишет, ушу тапта күчүн жоюп койгон поэтикалык форма аркылуу соктура беришет. Алардын бир даары актуалдуулукту жансыз схематикага, «ач кыйкырык, кур сүрөөнгө», ал эми граждандык лириканы жалаң гана образдуулугу жок, мааниси төмөн, жүүнү бош дата ырларына айлантып ийишти. Булар жаштарга жакшы таалим жана өрнөк көрсөтпөстөн, кайра тескери таасирин тийгизди.
Бирок башкы айып жаштардын өзүндө. Азыр адабият майданына жамырап кошулуп жаткандардын көбүнүн жолу мамындай: мектеп — ВУЗ — борбордогу басма сөз мекемелери, анан биринчи жыйнак. Биздеги мектептер турмушка жөндөмсүз, практиканы билбеген, бар болгону кургак теория менен гана куралданган кыз-уландарды тарбиялап чыгарып келишкен. Ушундай эне сүтү оозунан кете элек жаштар андан ВУЗга келип кабылчу. ВУЗ да мектептерден анча жогору турган эмес.
Биерде жаштардын турмушка жөндөмсүздүгү ого бетер тереңдеп, практикадан ого бетер алыстай берген. Жогорку маалыматы бар, бирок турмуштун элементардык жол-жобосун билбегендер практикада кадимки «китеп курту» гана экенин арийнелеп койчу. Бул өксүктөр эми гана жоюлуп келатат. Азыркы бирин-экин жыйнактарын чыгаргандар дал ушундай абалда калгандар. Анын үстүнө жаш адабиятчылардын бир даары ВУЗду бүтүргөн соң борбордук басма сөз мекемелерине ишке калышып, жандуу коомдун турмушка активдүү аралашпай, турмуштан андан бетер алыстай беришет. Ырас, алар бир айга же бир нече күнгө «чыгармачылык командировкага» чыгышы мүмкүн. Бирок командировкадагы адам элдик турмуштун ички агымын байкабайт.